Текебаев Момбековго баа берди

0
34

Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, куюлуштуруп сүйлөп, аркасында калбыры бар өкмөт мүчөлөрүнүн түшүнө кирген, КСДПнын депутаты Рыскелди Момбековго Текебаев туура баасын бериптир. Ал:«Армениядагы, Украинадагы акыркы окуялардай эле биздин дагы коомчулук эски саясий элитадан чарчады. Мен жаш курак тууралуу айткан жокмун. Эл системалык саясатчылардан тажады. Элдер жаңы баатырды издеп жатышат. Рыскелди Момбеков ушундай стандарттуу эмес, салттуу эмес саясатчы. Анын рейтингин караңыздар. Акыркы жылдагы рейтингдер боюнча социалдык тармактардагы көрүүлөр, пикир калтыруулар боюнча Рыскелди Момбековго тең келгендер жок. Саясатчы катары мен бул процесстерге кызыгып дагы, кызганып дагы көз салып келем. Момбеков өсүүгө даяр экенин көрсөттү, фольклорчудан дагы көрүнүктүү саясатчы чыгарын далилдеп жатат», — деп Текебаев кызыгып да, кызганып да пикирин билдириптир.

«Факты kg»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × четыре =