ТЕСКЕРИСИНЕН КЕТКЕН ЫСЫК-КӨЛ ТЕЛЕСИ  

0
243

Ысык-Көл областык мамлекеттик телерадио компаниясы көл бийлигинин камчысын тескерисинен чаап, же айрым бирөөлөрдүн кызыкчылыктарына  тартып кетип жатканы жергиликтүүлөрдүн кыжырын келтирүүдө. Ысык-Көл ТВсине нааразы болгон жергиликтүүлөрдүн кайрылышканына караганда, алар жең ичинен иштеп ийгендей сезим калтырды. Жакында эле көлдүн көйгөйүн айткан «Көйгөй» көрсөтүүсү (26.02.2019) Арал айыл өкмөтүндөгү көйгөйлөр, кайчы пикирлер тууралуу көрсөтүп бүтүп, андан бир ай өтпөй ошол эле айыл өкмөт башчысын айылдардын «дүжүрлөрү» аркылуу кайра мактап жатып калышты (01.04.2019). Ысык-Көл телевидениясынын мындай алешемдиктерин көлдүн бийлери көрбөй калганбы же кемтигин жашырып, «жакшы иштеп жатабыз» таризинде элдин башын айлантып, төрөлөрүно жагуунун «тамтыгы чыккан» ыкмасын колдонуп жатышабы?

Ушул жылдын февралы айында Ысык-Көл ТВси Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытовго нааразы болгондор тууралуу сөз болгонун көрсөткөн. Анын аркасынан айыл өкмөт башчысы Ысык-Көл ТВсинин кызматкерлерин чакырып келип, «жакшы иштерди жасап жатабыз» деп актанып, айыл кыдырып өз кишилерин «жакшылатып» тарттырууга аракеттенген. Бирок, ага айылдык депутаттардын жарымы жана спикери баш болушуп, «бизде мактангыдай нерсебиз жок, көйгөйлөрдү айтабыз» дешип каршы чыгышат. Кыскасы, депутаттар жана спикери «биз өкмөт башчысын мактай албайбыз» деп тарап кетишкен. Мындай каршылыктарга карабай Ысык-Көл ТВ кызматкерлери дээрлик бир күн бою «дүжүрлөрдү» кыдырып, «айыл өкмөт жакшы иштеп жатат» дедиртип тартып кетишет. Эртеси буга нааразы болгондор, Ысык-Кол ТВсинин директору Шайыкова Чолпон айымга чалышып, жакшысынан жаманы арткан өкмөт башчысы мактоого арзыбай турганын билдиришсе, ал боюнча кабары жоктугун айтып, аны чыгаруудан токтотуп турарын айтып, тигилерди жооткотот. Анан бир айдай убакыт өткөрүп Арал айыл өкмөт башчысын мактап телеге чыгарат. Биздин бирөөнүн жакшысын угуп турганыбызга не жетсин бирок, телеге чыгараарда анын алды-артын караса болот беле. Арал айыл өкмөт башчысынын ишиндеги кемчиликтер арбын экенин жергиликтүүлөр жана Чолпон айым дагы жакшы билет. Эгер Чолпон айым Арал айыл өкмөтүн мактаганга ашык болуп, алкоосу артып баратса, өкмөт башчынын Түп райондук прокуратурасында ишиндеги кемчиликтер боюнча суралып бүткөндөн кийин ак чыкса,  анан ага чейинки мөөнөтү өтүп кетти делип, прокуратура тарабынан жабылган мыйзамсыз иштери толук аяктагандан кийин деле мактаса болот беле. Деги, бу көлдүк атка минерлер жасалма «мыкты» болгондон башка жарытылуу ишке жарашабы…

Асылбек БЕКТЕНОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пять × три =