Тонолгон алтындар, тоотпогон “Кыргызалтын»

0
26

Кыргызалтын ААК бүгүнкү күндө алгылыктуу иш алып бара албай жатат. Ушул кезге чейин  өз алдынча  көрүнүктүү алтын өндүрүп ала албай жатканын себептери эмнеде? Биринчи маселеси,  эле башкаруучу органдын өз ишин билбей, тажрыйбасынын жетишсиздиги болуп жатса керек.  “Кыргыз алтын” жетекчиси Алимбеков Алмаз тоо кен тармагында эч түшүнүгү жок, кесиби да тажрыйбасы да жок жетекчи. Бир кездеги өкмөт башы Темир Сариевдин  жакын тууганы, бөлөсү экен. Алимбековду Сариев  алып келип койгон.  Анысы аз келгенсип анын  биринчи орун басары Казаков Талант деген неме кесиби тоо кен инженери болгону менен тоо кен тармагында эң чабал адис экенин ал тармакта иштеген бир топ адамдар айтып эле келишкенин билебиз. Эч качан өз алдынча  эч иш жүргүзүп көргөн эмес,  жөнөкөй гана тоо кен  мастери болуп иштеп жүргөн. Өндүрүштү алдыга жылдырган бул жакта калсын,  Кыргызалтында уурулук болуп көрбөгөндөй өнүгүп атканын айткандар арбып бара жатат. Мисалы, былтыр 2019 жылы жайында Солтон-Сары руднигинде   1,5 тонна байытылган концентрат кармалганын баары укпаса деле керек. Болжол менен 3-4 кг таза алтын. Акча түрүндө 10-15 млн сом. Бул иш боюнча  рудниктин директору жана бир канча жумушчулар кармалган. Ошол эле рудниктен кече жакында  Алтын-Төр карьеринен 10 тоннадай алтын аралашмасы бар  рудасы кармалыптыр. Ушундай мамлекеттин казынасына чоң зыяндар болуп жатса  Алимбеков менен Казаковдун бул мекемеде иштегенге моралдык укугу барбы? Бул тармакта ушундай кенебес, кейибес кадрлар отурса, анан кантип кыргыздын экономикасы көтөрүлөт эле. Андан да Алимбековдун  чабалдыгы өндүрүштө эле эмес кадр тандоодо да бар экенин байкоого болот. Борбордук аппаратка өндүрүштүү  уюштуруу  бөлүмүнө жалаң карыган чалдарды топтоп алган.  Алардын алды 75те арты 70ке келип калган.  Бул бөлүм өндүрүштүн өзөгү эмеспи, отурган ордуна жылгысы келбеген кадрлар кантип бул тармакты ийгиликтүү өсүшкө жеткире алмак? Ушундай абалды карап туруп, арган курганда “буларды эмне себептен кармап атурат,  Кыргызалтын өзү алтын өндүрө албаса, биргелешкен мекемелердин жетишкендиктерин “сүйүнчүлөп” отургангабы?”-деген ой, аргасыз оюңа келет.  Бул мекеменин эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүгү бар эле,  эгер бул тармактын ташы-кумун талкалап, алтынын асманга эмес, чаңын асманга сапырып, алтынын акырын мамлекетке кайтара турган  тың кесипкөй жетекчи  келсе. Кыргызстанды 2 жылда  ушул тармак менен эле гүлдөтүп койсо  болот. Башка кирешелүү тармакты деле көрө албай жатабыз, анан ушуну ойлонбогон өкмөт деле, “иштебей жатат” дегенге арданбай деле койсо!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × два =