ТҮПТҮН АКИМИ КАЙСЫ АРЫНА «МЫКТЫ» БОЛДУ

0
107

 

Ысык-Көл областынын жетекчилери  жылдын мыктыларын аныктаган иш-чарада кимге тщшсё ошол алат дешип «чүчүкулак» карматышкан окшойт. Ошентип ал  «мыкты аким  номинациясын Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Элчибек Жантаевга тиет.  Бул жигит аким болуп келгени бир жылга жетпей жатып эмне көрсөткүчтөргө жетишти болду экен? Райондогу көйгөйлөрдү иреттегендин ордуна, тескерисинче күчөткөнү үчүн алкоо алдыбы? Район ичи ирип жатса алкоо алганына кудуңдаганына караганда,  бул жигитиң деле бош окшойт. Райондук ооруканалардагы , айыл өкмөттөрүндөгү, билим берүүдөгү кемчиликтер кайра-кайра жазылып жатса дагы эч жыйынтык чыгара албагандыгы үчүн кудуңдайбы. Түп аскердик комиссариаты «базарга» айланса, оорукана оорулуу болуп айыга албай жатса, айыл өкмөттөрү билгенин жасап жатса, билим берүү бөлүмү багытын таппай жатса, (булар тууралуу бир канча ирет айтылган) эгер майдалансак иренжигенден башка эч нерсе көрбөйсүң. Анан кайсы арыбызга алкоого татыйбыз дейми да…?

WWW/ eldemi

Асыл БЕКТЕН

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

1 × 5 =