Түптөн түйшүк кетпеди!!! ТҮПТҮН АКИМИ КЕТКЕН ЫНТЫМАКТЫ, ОГО БЕТЕР ЫДЫРАТТЫ

0
159

 Түптөн түйшүк дегеле кетпей койду. Башкача айтканда акимге жарыбады. Жаңы деген акими дагы жарабады. Бир айыл өкмөтүнүн ыр-чырын баса албай кайра күчөтүп салды. Түп районундагы Арал айыл өкмөтүндөгү айыл өкмөт башчысы Б.Мамытовго нааразылыктар барган сайын күчөгөнүн чечип коелу деген эч ким жоктой. Областык өкүлчүлүк башын катып, күңк-мыңк болуп отурат. Депутаттары өздөрү чечсин дешет, өздөрү чече албаса ким чечет.  Э.Жантаев: “Жакынкы арада өтүүчү кезектеги сессияга өзүм катышууга аракет кылам, маселени жеринен чечпесе болбой калды” – деп күпүлдөдү эле. Бирок, ошол сесияга аким аппараттагы жетекчилерин жумуш убактысы бүткөн маалда-кечке жуук ээрчитип алып, Арал айыл өкмөтүнө барды. Шашылыш айылдык жыйын куруп, айылдык депутаттар менен элди кайраштырып, сөз сүйлөйбүз дегендерге сөз бербей “болдулап”,  “болбосо, таркап кеткиле” деп депутаттарга сөөмөй кезеп, элде бөлүнүү жөнүндө сөз болбосо да “элди бөлбөгүлө” деп аны козутуп, отко май чачып өзүнүн көңдөйлүгүн көрсөтүп, айыл өкмөттөгү кеткен ынтымакты, чечкенди кой ого бетер ыдыратып, кетти.

Кечки саат беште Сары-Дөбө айылында шашылыш айылдык жыйын (сельский сход) болот деп аким Э.Жантаев, Ысык-Көл областык омбудсмени, ж.б. райондогу бардык тармактын жетекчилерин жетелеп алып чогулуш өткөрдү. Айылдагы анча-мынча көйгөйлөрдү көтөрүмүш болгон менен кептин төрү айыл өкмөтүндөгү алешемдиктерге жана анын башчысына карата дооматтарга такалды. Аким болсо, элдин бөлүнүшү боюнча сөз чыкпаса деле: “ушундай жакшынакай элиңер бар экен, ушуларды кантип бөлөсүңөр..” деп эл бөлүнүп жаткансып жөөлүп, айылдык кеңештин депутаттарын жөөлөдү. Андан ары, аким;  “Фейсбук, соцтармактарды баарын көрүп жатасыңар, телевизор деле көргүм келбей калды, эмедеги сайттарды ачкым келбейт, басканда эле, Түп районундагы Арал чыгат…”— деп журналист, блогерлерге ич күптүсүн чыгарып алды. Антпесе, келгени кыйшаңдабай түз иш алып барса, жаманың чыгат беле… Башында Арал айыл башчысын “мыкты” таап, кайра анын ишиндеги кемчиликтерди айтып, эми айылдык жыйында айыл өкмөтүнүн ишиндеги кемчиликтерди айткандын ордуна, “уктуңарбы депутаттар…” деп сөөмөй кезеп, отурат: Андан ары, аким Э.Жантаев “…ошондуктан азыртадан эсиңерге келгиле… болбосо тарап деле кеткиле.. ынтымакка келип, бекибей аткан үч жылдык прогноз бюджетти, калган калдык бюджетти бекиткиле, анан ымалашып иштешкиле… он бир депутат эле артка тартып атат, эгерде депутаттарыңар ынтымакка келбесе, кайра ушул залга чогулгула да, кет деп баарына айткыла, бүт баарына айткыла кеткиле деп, эгерде чогула албасаңар мен жыйнап берем… депутаттар уктуңарбы”— деп элди депутаттарга ачык эле тукурду. Мыйзамсыз иштеринин төртөө  “кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине” катталган, эки мыйзамсыз иши аныкталып, бирок аракети каралбай калган айыл өкмөттү акимдин жактаганы ачык билинди. Болбосо, өкмөт башчы Мамытовдун аялы 8 гектар жерине 2017-жылдан бери он миң сомдон башка эч төлөм жасалбаганын, айыл өкмөтүн жактаган бир депутат 2017-жылдан бери эч бир төлөм жасабаганын, сессия өткөрөлү десе келбеген айыл өкмөт башчысынын жакындары — алты депутатты эмне үчүн эл алдында айтпайт? Сөз айталы деген депутаттарга эмнеге сөз бербей “болду” — деп басып кетет…

Жыйын соңунда “эмне үчүн айыл өкмөт башчысына унчуккан жок, нааразылыктын себеби айыл өкмөт башчысында эле го? – деп күбүрөнүп, түкүрүнүп эл кала берди. Акимдин өкмөт башчысына жан тартканына шыктанган айрым айыл өкмөттүн кишилери бизге; “… эмнеге жазасыңар, сага тиш кайрагандар бар” (ошол тиш кайрагандар кимдер болду экен) десе, айыл өкмөттүн жер адиси: “… эмне тартып атасың, алма бакты Кош-Дөбө алса болобу. Мен өмүр бою иштегем…”, — деп өкүлдөдү. Айтор алар бизди коркутууга жана чыр чыгарууга аракет кылышты. (Жер адисинин Кош-Дөбөлүктөр жана башка айылдыктар деп бөлгөнүн кандай түшүнсө болот).

Кыскасы, айылдык кеңештин өкмөт башчысына нааразычылык айынан  беш жана алты болуп келишпегендер акимдин бул чогулушуна ичи чыкпай, кайым айтышып кала беришти. Э.Жантаевдин бул “жоругу” келишпегендердин ырккына – отко май чачкандай эле болду, ого бетер жараларын ырбатып ийди. Деги эле, акимдин депутаттарды “тарап кеткиле” деп айтууга канчалык акысы болду экен?

Арал айыл өкмөтүндөгү алешемдиктерге нааразы болгондордун дооматтары  бир жылга чукулдады. Президентке чейин айтылды, жергиликтүү, республикалык басма сөздөргө-ММКларга байма-бай жарыяланды. Бирок, жыйынтык чыкпай келет. Акимдин ж.б. келгендердин эмнегедир ишинде кемчилиги арбын айыл өкмөт башчысын эмес, бүтүндөй айылдык кеңешти таркатабыз деген чечимге келгени, айыл өкмөт башчысын коргогондук катары көрүлүүдө. Өткөн пресс конференцияда таасир этүүдө деген пикирди кыйытып өтүштү эле, жаңылышкан эмес окшойт…

Деги, бул аракеттер өлкөнүн президенти эл ичинде ынтымакты уютуп, коррупциялык көрүнүштөрдү ачууда элдин катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеген саясатына каршы кадам эмей эмне?

Эрнест БЕКТЕН

Арал-Каракол-Бишкек

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

один × 2 =