Түптөн, түп эткен түйшүк!АКАЕВДИН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ДАЛЕ БАР ЭКЕН, БИРОК ЩВЕЙЦАРИЯ КЫЛА АЛБАПТЫР

0
715

Түп районуна караштуу беш айылдын башын кошуп турган Арал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Мамытовдун ал аймакты жетектеп турганына быйыл туура 28 жыл болот экен. Акаев менен кошо келген бул айыл башы далай суу кечип, далай кар басыптыр. Акаевдин урааны менен Швецария мамлекетин курабыз деп жүрүп, бүгүнкүгө келсе керек. Азыр аймактарды өнүктүрөбүз деп өйдөгө өзүм өлбөй, ылдый арабам сынбасын деп көп жылдык көнгөн адаты менен ар кимди чабыштырып, кай бирин кагыштырып кыр ашсам деген менен алек окшобойбу. Бирок, аралдыктар бул саам анын ар туркун амалдарына ат тизгинин тарттырып, тык токтотуп койбосок чектен ашты дешип жатыптыр. Редакциябызга Арал аймагынын айыл кеңешинин депутаттары келип, ал жайдагы амалдар, айыл өкмөттүн аракеттери тууралуу кеп козгошуп, “биз деле элге окшоп жаңыланып, интригадан алыстап, жаш жетекчилүү болсок” деген аруу тилектерин айтып, айыл өкмөт башы Бакытбек Мамытовдун тагдырын жакынкы арада чечпесе Аралдан сатпаган жер, бузбаган эл калбайт деп кейишет. Биз алардын ойлоруна орун бердик.

Бакыт АСАНОВ, Арал айылдык кеңешинин депутаты: “Чыдадым, эми кай жерге чейин чыдаарымды да билбейм”

-Арал айылынын эки жолку чакырылышын депутаты болдум. Баардык иштерди ичинен билип, айыл өкмөтүбүздүн элге жасаган иштерин да жакшы эле билдик. Ушул кезде абалыбыз оор эле, балам. Карыганда кайдагы сөздөргө, иштерге аралаштырып аткан айыл өкмөтүбүздүн акыркы аракеттери чектен чыкты. Эми айтпаска аргабыз деле калбай калды. Өзүм билемдикке салып Акаев кездеги эски ооруусу менен кала бериптир. Азыр ал заман эмес да. “Ачык бюджет болсун, баары таза болсун” деген аракеттерибизге караманча каршы туруп, кылбаганды кылып, жалаң интрига менен гана алектенип калды. Азыр чындыкты айтсаң эле балээ басат экен. Көрсө эки жүздүүлөрдүн заманы тура. Биз дайыма чындыкты айтып, элге, жерге деген тараптабыз. Айыл өкмөт андай чындыкты уккусу келбейт. Ар кимге арыз жаздырып, артыбыздан ушак айттырып, жаманатты кылам менен алек. Айланайын, мындай айыл өкмөттүн кимге кереги бар эле? Айылдын ар кайсыл аксакалдарын алдына салып алып, айдактап гана турат. Жолдошум айылдын почтасында иштейт. Эми ошол кишинин да жанын койбой, ар кайсыл ушак айың менен акимге чейин арыз жаздырыптыр. Комиссия түзүп текшерилип, баары жакшынакай бүткөн. Кийин акимден кат келди: “Баары менен сүйлөшүүлөр болду, ынтымакка келди, Мамытов менен түшүндүүү иштери жүрдү, ордуңузда иштей бериңиз” -деген. Анан эле өткөндө, айылда анын отчётун угуу боюнча чогулуш болуп, кврорум болбой тарап кетип атсак, баарын токтотуп алып “менде бир маселе бар” – деп, ошол жерден кайра ошол ишти козгоду. Уюштуруп келген адамдары кайрадан кеп салып баштаганынан: “айланайын аксакалдар, айылдын ынтымагын, ырыскысын сактагандын, жаштарга үлгү болгондун ордуна ар кандай жаман иштер менен алек болосуңар” деген сөзүмдү, тигил аксакалдарга каршы коюп, “аксакалдарды сөктү, тилдеди” деттирип, алардын бирөөсүн менин үстүмөн арыз жаздырып милицияга кайрылтыптыр. Бул кандай жакшылык болсун. Ал кишини сөкмөк тургай, атын да атаган эмесмин. Айтор, мен ушул жака көчүп келгени артыман куугунтуктап эле келатат. Чыдадым, эми кай жерге чейин чыдаарымды да билбей турам. Бир арыз түшсө деле “муну сен жаздың” деп мени жектеп турат. Дегеле менин ата-бабамда арыз жазган киши болгон эмес. Мына ушунусу мени абдан капа кылууда.

Жалил БЕКТЕНОВ, айылдык кеңештин депутаты: “Мыйзамсыз иштеринин артынан түшүүгө аргасызбыз”

-Элдин талабы билимдүү, жаңы технология тилин түшүнгөн, жаш, курч, энергиялуу айыл өкмөттүн болушу болуп турат. Мна Тоң районун карасаң, көптөгөн айыл өкмөттөрдө жаштар иштешет экен. Дотациядан чыгарып жибербесе да, эң сонун иштерди жасап жатканын көрүп суктанасың. Азыр ар кандай проектилер боюнча жер жерлерде кандай жакшы иштер жүрүп жатат. Стадиондор курулуп атат, медициналык пункттар ачылып атат. Бакытбек Мамытов болсо андай социалдык жактар боюнча, проектилерди ишке ашыруу тууралуу бир да ойлонуп койбойт. Сессияда болсо такыр эле эч кимди сүйлөтпөйт. Кээде өзү тура калып сессияны алып барып кирет. Дегеле бир сессия тынч өтпөйт.

Аймакты өнүктүрүү жылынын алкагында “мына мындай иштерди иштеп карап бергиле” деп өзүнүн сунушун бериш керек эле. Андай сунуш, программа деген жок. Эми ушунча артта калган, аткарылбай калган иштери көп болгон айыл өкмөт катары, кандай сунуштарды алып келбесин эрте ишке ашып кетсин деп дайыма колдоого эле алып турабыз. “Бюджетти бекитип бергиле” дейт бекитебиз, “программабызды кабыл алып бергиле” дейт, анысын аткарып беребиз, дегеле бул келген чакырылыштын депутаттары бир да ишине тоскоолдук жараткан жокпуз.

Соцфондго, салыкка карыздарын төлөбөй дагы жүргөн фактылары чыгып атат. Эми биз буга чейин сыйлашып эле келдик эле. Тилекке каршы, жакшыны түшүнбөгөн соң, биз эми анын дагы мыйзамсыз иш аракеттеринин артынан түшүүгө аргасыз болуп жатабыз.

Насипкүл АМАСБАЕВА, Арал айылдык кеңешинин төрайымы: “Мен ачык эле айтам, Мамытовду шайлаган эмесмин”

-Мамытов Бакытбектин айыл өкмөт болушуна башында эле каршы болгом. Ал айыл өкмөтүнө өзүнүн талапкерлигин койгондо, аны менен кошо Момоев Айти деген жаш талапкер дагы чыккан. Беш айылдан турган Арал аймагынын элдеринин: “качанга чейин эски адам шайлана берет, жаңы, жаш талапкерлерди колдоп, системаны жаңласаңар” -дегендей суроо-талаптарын эске алып, 11 депутаттын бешөөсү Момоев Айтини колдоп бергенбиз. Ага чейин “мен силер мененмин” деген Турдукеев Шайлоо деген аксакалыбыз, жуп шайлоо боло турган күнү Мамытовду колдоп берип, 6-5 добуш менен Мамытов утуп чыккан. Мен кайсыл бир чогулушта ачык эле “мен Мамытовду шайлаган эмесмин, себеби канча жылдан бери айыл өкмөт болуп жетектеп келе жатат, бир өзгөрүү жок, эски системадан чыга албай келебиз” -деп ачык эле айткам. Балээнин баары ошондон башталды. Өч болду. 6 депутаттын бирөөсү кудасы, бирөөсү досунун баласы. Анан алары да элдин эмес, Мамытовдун таламын эле талашып келет. Аял катары айтат элем, эгер Мамытов Бакытбек эркек катары кеменгер, айкөл, калыс болсо эл шайлап берген депутаттарды бири-бирине кайраштырбай ынтымакка чакырып, баштарын кошуп алып жүрөт эле. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамында: -“айыл өкмөтү, кеңештин ишинин толук алып барышына баардык көмөгүн көрсөтөт”- деп жазылып турат. Ал андай мыйзамдарды карап да койбойт. Көптөгөн мыйзам бузууларды кылды. Айталы, жылдын отчётун алуу эки жолку сессияны да, айыл башчылары менен иштешип, туура эмес маалыматтарды таратып, өзүн колдогон, дегеле бюджет дегенди түшүнбөгөн тарапташтарын чакыртып үзгүлтүккө учуратты. 2018-жылы, 13-декабрда 59-токтом чыгарышкан. Мыйзам боюнча төрага же төраганын орун басары жок сессия өтпөйт. Ал болсо өзүнүн тарапташ депутаттарына ачык эле: “мен төрайым менен келише да, иштеше да албайм” деп айтып, “төрайымды алмаштырып бергиле” деп аларга кайрылып, анан мыйзамсыз токтом чыгарышкан.

-Бул өтө одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет эмеспи. Тийиштүү жетекчилерге кайрылган жоксуздарбы?

-Бул боюнча аким Жантаев Элчибек дагы кабардар болгон. Биз ал токтом чыгаары менен акимге алып барып ачык эле айтып көрсөткөнбүз. Ошондо аким, “эже, бул жерде баарын ыр- ” батчудай өзүңүз, басып кой-чу да өзүңүз экенсиз, бир эл, бир журтпуз” дегенинен аял катары анын сөзүн сыйлап, элге шерменде болбойлу деп андан ары ишибизди улап кете бергенбиз. Тилекке каршы, айыл өкмөт башы Мамытов сыйлаганыбызды билбей, эми кайра эле эски оорусун көрсөтүп, айыл башчылары аркылуу элге ар кандай ушактар менен жаман атты көрсөтүү менен алек. Өткөн жылы да, быйыл дагы аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганына карабай, бир дагы иш жасаган жок. “Айылда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселеси күчүндө турат аны бир пунктка киргизгиле, жалаң эле стимгранттар менен иштей бербей атайын проект менен иш алып барган адисиңер аркылуу айылдын жаштарын ар тараптан колдоо жагын дагы карагыла” деп аны да сессияга койдук, ага да жооптор болгон жок. Жаз келди. Айылдардын арыктарын тазалоону кылып койгонго жарабай, аңдыганы 5 депутат болуп, элдин бакубатчылыгы үчүн эмес, интрига саясат менен алек болуп жүрөт. Менимче мындай айыл өкмөттүн эч кимге кереги жок болсо керек. Минте берсе айылдын ынтымагы кетет. Ансыз деле кетип баратат.

Самара АБЫКЕЕВА, айылдык кеңештин депутаты, этика комитети: “Биздин эң чоң көйгөйүбүз, 11га жер алма багыбыз”

-Мен Кош-Дөбө айылынан, Арал айылдык кеңешинин депутаты болом. Биздин эң чоң көйгөйүбүз алма багыбыз болуп эсептелинет. 11га жер алма багыбыз бар болчу. Ошол жерибизге айылдагылар кудай тамак өткөрүп, ушундай жакшы иш чаралар болуп турчу. Анан ошол жерибизди бир кезде айыл өкмөт болгон Эшимбек Черикчиев деген 49 жылга деп ээлеп алыптыр. Айылдын жашоочулары ага нааразы болуп, айыл өкмөткө кайырылып арызданышкан экен. Мөөнөтүнө шылтап басып коюшуптур. Ошол жерибизди алуу абдан кыйын болууда. Айылда жер тартыштыгы абдан күчтүү. Көптөгөн жаштарыбыз үй салып жашаганга жерлери жок жүрөт. Иштетип же чабык кылганга жер жок. Канча деген арыздарды айыл өкмөткө жаздык бир карап, абалы менен таанышып, сурап койгон киши боло элек. Жүздөн ашык түтүн, алты жүзгө жакын жашоочу жашайт. Кош-Дөбө айылынан айыл өкмөткө беш арыз түшкөн экен. Ошонун орчундуусу мына ушул алма бактын жер тилкеси болуп эсептелет. Аны айыл өкмөт чечип бермек тургай, өзү баш болуп бизге элдерди, депутат, айыл башын тукуруп ишти артка тартып жатат. Айылда 4 жылдык эле мектебибиз бар. Балдарыбыз төрт жылдан кийин 4-5 км жер басып кошуна айылдагы мектепке барып окушат. Кудайга шүгүр, ЖКдагы депутатыбыздын бирөөсү транспорт чечип берип, азыр ошону менен барып келишүүдө. Айылга мектеп куруу боюнча дегеле айыл өкмөттө сөз дагы жок. Балдарыбыз чынында абдан кыйналып кетишти.

Нурбек АБЛАКАЕВ, айылдык кеңештин депутаты, жер комитетинин мүчөсү: “Ток этээрин айта турган болсом, муну кетирбесе болбойт”

-Арал айыл өкмөтү башчысы Бакытбек Мамытов элдин кызыкчылыгын дегеле ойлобой калды. Жеке өзүнүн кызыкчылыгы менен гана иштегени акыркы кездерде бизге абдан билине баштады. Элдер деле жадады. Айылды 30 жылга жакын башкарды. Айыл өкмөтүнүн ичинин баары эле өзүнүн туугандары, куда сөөгү болуп калды. Депутаттардын ишине жалаң бут тосуу менен алек болуп, ар бир сессияда уруш чыгаруунун гана амалын көрөт. Чал десең да таарынышат экен, айтор өзүнүн “дежур” чалдарын алып барып эле бизге тоскоолдук кылгандын аракетин көрөт. Ток этээрин айта турган болсом, муну кетирбесе болбойт. Мамытов кетмейин биздин айыл аймак жакшылык деле көрбөйт го деп ойлоп жатам. Алты депутатты өзүнө каратып алып эле, баарын жасай берсем боло берет деген түшүнүктө жашап калды. Мыйзамдуу кетирүүнүн жолун карап добушка салалы десек, алтоосу ал тарапта болуп жатат. Айрым маселелерди чечкенде айрым депутаттарга акча сунуштаган да учурлары көп болгон экен. Минтип олтурсак айылды ал киши аз күндө алтыга бөлүп, жок кылып, түбүнө жетеби деп корком.

Булак: «Факты.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пять × три =