Түптө 217 миң сомго салынган даараткана

0
14


Ушул тапта социалдык желелерде  217 миң сомго бүткөрүлгөн кадимки эле ажааткан тууралуу кызуу талкуулар жүрүп жатат. Маалыматка караганда  Ысык-Көл  областынын Түп районундагы өсүмдүктөр лабораториясын капиталдык ремонттон өткөрүшкөнү белгилүү болуп, лабораториянын жетекчиси, Нурлан Токтобековдун айтымында оңдоп-түзөө иштери 2 жыл мурун аяктап, оңдоп-түзөө иштерине 4 млн. 606 миң сом кеткен. Бирок, ага карабастан учурда имараттын ичи көгөрүп кеткен.  «Тендерди 2016 – жылдын октябрь айында өткөрүшкөн. Аны “Аян-Курулуш” деген курулуш компаниясы жеңип алган. Оңдоп-түзөө иштери 2017-жылдын май айында аяктаган. Курулуш иштери сапатсыз жасалгандыктан, кээ бир бөлмөлөр көгөрүп кеткен, кышкысын жылуулук системасы бат-баттан токтоп калат. Ал эми даараткана көчөдө тургузулган, аны салууга 217 миң 433 сом кеткен. Андай дааратканалар 3-4 миң сом турат. Биз  бул ишти кабыл алууда кол койгон эмеспиз, учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери журүп жатат. Азырынча курулуш компаниясы менен байланыш болбой жатат.» – деп билдирет Токтобеков.

» Факты kg»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

3 × два =