Төраганын төө көтөргүс “жоруктары”

0
40

Төрага Дастан Жумабеков парламентти жетектеп турганда кыргыз саясаты кызыктуу болуп, аптешке-чаптеш ар кыл жоруктардан жолубуз болуп, ары карап ыйлап, бери карап күлө берет окшойбуз. “Парламент тарасын” деген коомдук пикирди эске албаган төрага, “негиз жок, мыйзам бар” деп кутулду. Эми ал сөздөр бекеринен чыгып жатпаганын кыраакы болсо сезиш керек эле. Анте алган жок. Аздыр көптүр, илең-салаң иштеген парламенттин аракетин мыкты деп баалады. Баалоо –бул эл тараптан болуш керек эле. Эшикте эл эмне деп атканын билбеген Жумабеков, жылуу ЖКдан жооп узатканына жол болсун.

Ачуу сөздөрдү айтууга, парламенттин ишин сындап, алардын болбой калганын кыйытканга, керек болсо дал ушул төрага Жумабековдун салымы чоң болду. “Абыке-Көбөш” деп кыйкырып жаткан жердештеринин арты менен төрага болуп олтуруп калганын, ушул кезге чейин моюндагысы келбей жүрөт. Асмандан түшө калган имиш.

Эми анысы ал болсун. Өкмөткө бир барак кагазды катасыз жазып бере албай “шерменде” болгондогу абалды азыр айтып, эсиңе кайра салгың келбейт. Анда да камырап койгон жок. Катаны жардамчысынын күнөөсү деп таап, аны кубалап тынды. Анысы алыс деле кеткен жок, жанында болбогон менен “жакшы иштерди” бүтүрүп, “жайлап” жүргөнү жашыруун деле эмес.

Кийинкиси, килтейген парламент төрагасы болуп туруп, Кара-Суудагы өткөн “атактуу” бажычы “Раим миллиондун” атасынын тойуна барып, сөз сүйлөп, атагын Айтматовго теңеп келди. Тфү-деп жерге түкүрүштү бир топтор. Анткени, Матраимовдордун сыртынан болсо да эл жакшы билет эмеспи. Айтматовдун тойуна алып бара албаган депутаттарды дал ошол кичине тойдон көргөн эл, Жумабековду баш, калганын төш кылып төпөштөдү. Чындык деген ачуу болот эмеспи. Актанышты. Агарып кете алышпады. Акыр айласы курган Дастакең, алтын колдуу агасы, академик Сабыр Жумабековду да бул оюнга аралаштырып, Матраимовду мактатуууга дуушар кылды окшойт. Ачык айтпаса да, Сабырдын кадырын сыйлаган калк “саясатка аралашпаса болот эле” деп, “жаман” инисине жакаларын кармашты. Болбосо, алтын колдуу академиктен далай ирет шартына жараша бекер дарыланган бейтаптар, “Раим миллиондун” акчалары экенин эч этибар албай жүргөн эле. Айтор, кургур саясаттын кумары, кулкуну, кызыкчылыгы ага-иниге карабаган,карасантайлыкка жеткирбесе эле болгону.

Деңгээлге келсек деле, адам акылына келгис жоруктарды жасап жиберген Жумабеков, качан ыр жазып, акын катары таанылды эле? Дегеле, анын патриоттук нукта ыр жазып, анысы кимдердин духуна, рухуна салым кошту эле? Бирөөнүн түн бою кирпик ирмебей, толготкон энедей кылып жазган ырын тартып алып, кызыгы бул ырдын автору менмин дегени акылга сыябы? Жок дегенде ишенимдүү “менмин” десе да бир тең, “автору мен болуп калышым мүмкүн” деп, ишенимсиз айтканда эле көптөр түңүлбөдүбү.

Кечээги эле Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын жыйынында орусча “хит” жаратып келгенин баарыбыз көрдүк. Албетте, биз кавказ эли эмеспиз. Алардын тилинде мүмкүн башка жагдай бар. Кеп орус тилин, тибиртке чыккандай билбей коюуда турбайт да. Биздин тил билүү маданиятыбыз, интелектибиз баары бир орус тилин билүүдөгү, аны таза сүйлөөдөгү маданиятыбызда турат. Келген коноктор же Орто Азия ошол орус тилин эки тараптуу сүйлөшүү тили кылган соң, бир өлкөнүн жогорку жетекчисинин жазып берген кагазды жаш баладай тантып окуп жатканы эмне шумдук. Бул эне тилди жерип жаткандык эмес, тек учурдун талабына жараша, коңшулар дагы кош тил маселесине кириптер болуп, аны ачык сүйлөшүү тили кылып жаткан соң, биздин ар бир мамлекеттик жетекчи орусча сүйлөбөй койгон учурда да, билүүгө, так сүйлөөгө даяр болуусу керек эле.

Кыскасы, кандай айтсак да төраганын түгөл дарамети, интелектик деңгээли күн санап эле көрүнүп бара жатыры. Кудай эле сактаса экен.

«Факты кж»

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 + десять =