Төрага Жумабековдун эң чоң катасы…

0
106

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков акыркы кездерде өзүнүн жеке кетирген каталарынан улам, коомчулуктун тынымсыз сынына кабылып келет.  Бирок, жоруктарын жойгондун ордуна, камырыбаган таризде каз катар каталарын кайрадан кайталап турганы эмнени каңкуулайт? Албетте, биринчи кезекте өзүнүн мамлекеттик бийик даражадагы ордун сыйлап түздөнө албагандыгын, анын ким экенин, сабатынын кайсыл жерде тураарын билдирет. Ойдо жок жерден келип калган чоң ишеничти да көтөргөн киши көтөрүп, анын маани-маңызына жетет. Ал эми Дастан Артисбековичтин андайга жөндөмү жок экендиги, бийлик деген түшүнүктү бийиктик деп билип, чоң дегенди чочоңдоо деп санап жүргөнүн асыресе ачык эле билдирип алды. Эми анын каталарын кайталоонун канчалык мааниси бар. Үргөн иттин үргөнү, аны карап күлгөнүндөй эле абалга келип калганын кантип жашыралы. Ката кимден кетпейт, бирок улам-улам  кайталана бергени кантип болсун?

Ал каталар эми кагаздарда, ооздун учунда айтылып, анысы эртең калып калаар. Бирок, парламент келечеги, тарыхы үчүн кетирген кемчиликтери  эч качан унутулбас. Айталы дегеним, өткөн жуманын аягында  легендарлуу парламенттин депутаты болгон,   Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин кандидаты, элибиздин сыймыктуу уулу БАЗАРКУЛОВ Сагындык 85 жашында дүйнө салды. Анын ат көтөргүс кылган эмгектери арабызда жакшы эле айтылып жүрөт. Мына ушул кишиге экономист катары эмес, парламенттин бир кездеги депутаты катары төрага Дастан Жумабеков баштаган ЖК депутаттары ордуларынан бир мүнөт туруп эскерип кое албай коюшканы, парламент тарыхын татыктуу түзө албагандыгынан, өздөрүнүн  келечеги үчүн күрөшө билбегенинен, урмат-сыйды унуткандыктарынан кабар берип койду.  Кыргызда “өлүм улук” дейт эмеспи. Андыктан, парламент тарыхынын келечеги үчүн мындай окуяларды төрага Дастан Жумабеков баш, калгандары төш болуп туура мамиле кылуулары керек болчу.  Парламентке байланыштуу баардык жакшы, жаман иш аракеттерди өз ордулары менен тескеп, жок дегенде каталарды ушул жактарда да кетирбесе жакшы болмок. Тилекке каршы, парламент өз миссияларын башка жактарда издеп, саясаттын гана саз отуна  батып кеткенин ушундай урмат кылуудагы аракеттерде ачык билинди. Бүгүн  сен таш менен урсаң, келечек сени замбирек менен атаарын алар дегеле ойлонобойт окшойт. Төраганын болгон деңгээли мына ушул жерде да билинди…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

16 − 16 =