Төрөбай Зулпукаров менен Иса Өмүркулов 5-октябрда чет өлкөгө чыга качышты беле?

0
85

Өздүк булактар кабарлагандай шайлоодон кийинки тополоңдо Иса Өмуркулов, Төрөбай Зуплукаров жана Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн дагы бир кызматкери 5-октябрь түнү Казакстанга чыга качышкан экен.

“Качкындар” чек араны Канттагы Ак-Тилек өткөрмө бекети аркылуу өтүп, аларды казак тараптан “Таха” жана “Малыш” каймана аттуу жигиттер тосуп алышып жардам беришкен. Чек араны жогоруда айтылгандар расмий кесип өтпөгөндүктөн 2 күндөн кийин кайра Кыргызстанга өтөөрдө тоскоолдук болуп, 20 миң АКШ долларын берип кайтышканы азырынча аз чөйрөнүн ичинде айтылып жатат.

Кайра кайтканда аларга Кыргызстандын ошол күндөрдөгү УКМКнын жетекчилиги жардам бергени да айтылууда. Бул да журналистик баам салууларыбыз менен такталаар. А мүмкүн аты аталган “азаматтар” өздөрү чыгып, ак карасын айтышаар.

Өзү Ысык-Аталык болуп Казактанга кайсыл пост аркылуу чыгып кетиш керек деген жолду “местный” Иса Өмүркулов көрсөткөн окшойт. Башка мүшкүл иш түшкөндө “Мекеним Кыргызстан” менен “Биримдикчилер” кошо качканы кызык экен.

Сооронбай Жээнбеков тополоңдон кийин Төрөбай Зулпукаровду таппай калганы да ошондон болуп калган го сыягы. Жакын кишилеринин айтымында Сооронбай Жээнбеков Төрөбайды колдоп жүргөнү үчүн иниси Асылбекке аябай капаланып, алардын бийлигинин үзүрүн көрүп жүргөн Зулпукаровдун качып кеткенин кайра-кайра эстеп атканын кеп кылышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

10 − семь =