Узакбаев «аппак», Текебаев «ушакчы» экен

0
477

“Ар  Намыс” партиясынын “намыстуу” депутаттарынын бири Талант Узакбаевдин башына белгисиз “кара булут” айланып, ал булут ким экенин таппай айласы куруп турган кез. Кийинки кездерде иниси,  мурдагы  Айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев экөөсү жөнүндө ММКлар ичинде түрдүү айың-кептер айтылып, алардын азын оолак “айыптуу” иштерине сын айтылган макалалар каз катар чыга баштады

Албетте, анын сыры бекеринен болбосо керек. Талант мырзанын “таланттуу” иниси Чыңгызбек Узакбаевдин ишиндеги айрым алешемдиктер бүгүнкү күндө да соттордо созулуп, соттор дагы ак карасын аныктап, аны күчүндө калтырган жайы бар. Бирок, депутат агасы Талант Узакбаев бул чечимдерге нааразы болуп, бир сотторду, бир прокуратураны, анан калса бийликтин адилетсиздигин айтып  маалымат булактарынын бирине маек курганга да жетишиптир. Маегинде депутат Узакбаев инисинин ишине боор тартып, анын күнөөсү бар жогун укуругу узун депутаттык мандатынан пайдаланыпбы, айтор бир кезде далай коррупциянын бетин ачкан “атактуу” Аида Саляновадан сураганын, ал “Сиздин иниңиздин күнөөсү жок экен” дегенин, кийин эле кайсыл “кара Теке” сүзүп жибергенин билбестигин, бирок баягы Салянова өз кол алдындагыларга “Батыраак бүтүп, ишти сотко өткөрүп салбайсыңарбы” деген көрсөтмө бергенин, Биринчи май райондук соту “Узакбаевди актайм, күнөөсү жок экен” дегенин, бирок ал дагы кийин “Соттойм” деп калганын, анын  себебин сурашса “Соттобосок болбойт, Салянова кысып жатат” деп айтканын, бул жерде кандайдыр бир саясий оюндардын болуп жатканын айтыптыр. “Шектүү шектенет”-болуп Узакбаев Талант мырза өзүнө жана инисинин ишине карата болуп жаткан ой-пикирлерди, мыйзамдуу аракеттерди эмнеге “Узакбаевдерге болгон уюшма” деп шектенет? Же эмне, чындап эле Узакбаевдер ушунчалык бийликтин же кайсыл бир партиянын же болбосо бир лидердин көк көзүнө туз куюп, тамагына кылкан болуп сайылууга дарамети күчпү? Элибизде “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат”-деген кеп бар. Бул Узакбаевдерге тиешеси болбогон менен ушулар сыяктуулардын аракетине аябай дал келет. Азыр миллиондорду жымырып, жылып качып, алыскы ысык жактардагы аралдардын биринде жаткан мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдон “Коррупцияны кантип жоебуз?”-деген журналистин суроосуна, алты атасы молдо болгондой, ыйманын жеп, акыл айтканы али күнчө эсибизде. Эми бул узун сабак кеп…

Кыскасы, бийликтин бүгүнкү “бут тосмою” Узакбаевдерди ушунчалык жүдөткөнбү, Талант мырза басылмага берген маегинде, бийлик муштум түйсө, соттор сопу болуп, соо кишини мас кылып коерун айтып, жакасын карманыптыр. “Мындайды кудай башка салбасын”-дейт Талант Узакбаев. Ооба, кудай соттошкондон сактасын. Бирок, сот адилетсиздигинен азап тарткан Талант мырза, кийинки жоопторунда “эшек эти” кайрыктарына кайрылып, алардын амалына таң берип, аларга татыктуу чара көрүлбөй жатканына көөнү чыкпай, “зыяны боюнча да жоопко тартышса да болмок”-деп, өзү адилеттик таппаган сот менен прокуратурага арман-күү чалыптыр. Туура, алар татыктуу жазасын алышы керек. Башкасы айтса да, башы сотторго байланып, сот адилетсиздигинен азап тарткан Узакбаевдер тубар койго арачы болбой, таба эмес тобо деп турса не, деген эле кеп.

                Кыргыз соту Узакбаев үчүн ким?

 Соттор боюнча Узакбаевдердин пикири бирөө гана “Алар адилетсиз”. Айтканга акысы деле бар, мүмкүн чындап эле Чынгыз Узакбаев чыркырап чындык таппай жаткандыр. Чыңгыз мырзанын мандемдүү иштери үчүн сот ага 5 млн. сом айып пул салган. Аны Биринчи май райондук соту да күчүндө калтырган. Бул бекер жерден чыкпаган сумма болсо керек. Бул чечимге Талант Узакбаев такыр эле каршы.   “Сот туура эмес өкүм чыгарды. Аны өздөрү деле оозеки сүйлөшкөндө моюнга алышканын ачык эле айтайын. Алар: “Күнөөсү жок болсо да айыпташ керек” деп айтышты. Мен анын себебин сурасам, аны ачык айта албай кыйытып: “Бирөөлөргө керек экенсиңер, соттолушу керек экен” — деп коюшту. Кимге анчалык керек болуп жатканын азырынча таба элекпиз. Кыязы, жогорку жактан көрсөтмө ушундай болсо керек.”-дейт ачык оюн билдирип. Ачык айтканы жакшы. Эгер Талант мырзанын бул пикирине ынана турган болсок, анда Кыргызстандын соттору ким? Бирөөнүн буйрутмасын аткарчу сотторбу? Алар акыйкаттыкты, адилеттикти тааныбайбы? Мыйзамды сыйлабайбы? Күнөөсү жок адамды каралап, Кудайдан да коркушпайбы? Ушинтип айтууга аларга ким укук берди? Ушуну угуп Узакбаев жер бетинде кантип басып жүрөт? Мыйзамды жазып, аны оңдоп олтурган, бүтүндөй кыргыз эли ишеним арткан эл өкүлүнө соттордун айтканы ушул болсо, карапайым элдин укугу кантээр экен? Эл ишенген эл депутат эмнеге унчукпай калды экен? “Килтейген министрди, агасы мени, депутат экенимди эске албай, айтканыңар ушул болсо, алда шордуу кыргыз элим ай, шоруң бар экен”-деп, ботодой боздоп эмнеге жибербеди экен? Бул айтылган анын сөздөрү кашкайган чындык. Ал чындык тарыхта дагы кашкайып кала берээри да чындык. “Элим шоруң бар экен”-деп Эл депутаты айтпаса да, биз айтканга жарап туралы. Өз инисинин укугуна ушунча кайдыгер мырза, элибиздин эртеңкисине кам көрөт беле?

                    Текебаев “калп” айтыптыр

Текебаев кыргыз саясатынын алды. Анын айтканы атылган ок. Кармаган жеринен кан чыгарат. Далилсиз эч нерсени айтпайт. Кумтөргө окшогон чоң маселеде Текебаевден башкасы колуна барак кармап, факты менен деле сүйлөбөйт. Далайды далили менен эле дарегине жеткирген. Мына ушул Текебаев ЖКнын чоң жыйынында Узакбаев Таланттын мыйзамсыз делген кабат имараты боюнча сын айтып чыккан. “Ал меники болсо сиз алыңыз, жетимдерге каттатып салыңыз”-деген Узакбаев. “Ооба, эртең ал жерди ошенткенибизде, ал жерге чыныгы ээси өзү келет”-деген Текебаев. Өмүрбек мырзанын бул айткандарынын баары эмоциянын күчү болуп калганын Текебаев Узакбаевге өзү айтыптыр. “Мен ага ушул сөзүңүздү журналисттерге айтасызбы десем, “Сурап калса айтайын”, — деди”-дейт Узакбаев. Түпкүрүн түшүнгөндөр үчүн Текебаев кыскасы калп айтып коюптур. Ишенсе болобу?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

шестнадцать − 1 =