Улуттукстаткомдун маалыматты тастыктоо үчүн каттары жоопсуз калууда

0
463

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети “Tazabek маалымат агенттигине кеңеш берүүчү “аты жок” дүң фирмаларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар порталында online режиминде өтүүчү ачык электрондук торуктарга катышууга чакырат

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 10-февралында (14.58, 18.14, 19.19 сааттарда) “Tazabek” маалымат агенттигинде Улутстатком тарабынан 1 даанасы базар баасы боюнча 21,5 миң сомду түзгөн 14 даана планшеттин 1 даанасы 28,7 миң сомдон сатылып алынгандыгы тууралуу билдирүү бурмаланып, текшерилбестен жарыяланган.

Автор билдирүүдө “aMart.kg” интернет дүкөнүнүн сайтында жайгашкан жалпы эс-тутуму 16 G, наркы 21 550 сомду түзгөн Samsung Galaxy Tab4 10.1 SM-T535 планшети жөнүндөгү маалыматты мисал катары алган. Бирок ушундай конфигурациядагы жана нарктагы планшеттер жөнүндөгү маалыматтарды жогоруда көрсөтүлгөн сайттан издеген учурда “aMart.kg” интернет дүкөнүнүн сайтында мындай маалыматтардын жок экендиги аныкталды, демек, бул жарыяланган маалыматтын анык эместигин жана чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет.

Азыркы учурда улуттук маалыматтык-статистикалык системаны модернизациялоонун стратегиялык милдеттеринин бири статистикалык маалыматтарды электрондук түрдө топтоого өткөрүү болуп саналат, ушуга байланыштуу Улутстатком үй чарбалардын жана жумушчу күчүнүн бюджетине тандалма изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, керектөө бааларын каттоодо, ошондой эле калктын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине болгон ишениминин деңгээлин изилдөөдө жана башка бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүүдө алгачкы статистикалык маалыматтарды топтоо үчүн кагазсыз технологияларды (CAPI) киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп келе жатат.

Албетте, мындай статистикалык милдеттерди аткаруу үчүн Улутстаткомго белгилүү техникалык мүнөздөмөлөргө ээ планшеттер керек. Бул планшеттерди сатып алуу үчүн 2015-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Мамлекеттик сатып алуулар” порталына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн келишимди тикелей түзүү ыкмасы менен ачык тендер жарыяланган. Тендерге төрт компания катышып, электрондук торуктун жыйынтыгы боюнча автоматташтырылган тандоонун жардамы менен талап кылынган конфигурациядагы планшеттер үчүн эң арзан бааны сунуш кылган жеңүүчү компания аныкталган.

Конкурстук билдирменин (лот) баасы 14 планшет үчүн 320600 сомду түзгөн. Ошону менен бирге Улутстатком бир даанасы 22900 сомду, жалпы суммасы 389300 сомду түзгөн 17 планшетти, анын ичинде үч планшетти – өзгөчө шарттарда (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына ылайык сатып алуучу уюм сатып ала турган товардын санын 15%га көбөйтүү укугуна ээ) жеткирип берүү боюнча келишим түзгөн, жалпысынан алганда бул Улутстатком тарабынан пландалган лоттун суммасына (402010 сом) толугу менен дал келет.

Ошондой эле Улутстаткомдун коллегиясынын кеңейтилген отурумунда жыл жыйынтыгы боюнча  Улутстаткомдун мыкты кызматкерлерине планшеттердин берилиши жөнүндөгү маалымат да бурмаланып жарыяланган. Билдирүүнүн автору тарабынан планшеттер мыкты кызматкерлерге белек катары берилгендиги баса белгиленип жазылган. Тилекке каршы, “белекке берилген” ар бир планшет инвентардык номерге ээ жана ал бир кызматкерге эмес, тийиштүү түзүмдүк бөлүккө  статистикалык иштерди заманбап ыкмалар менен аткаруу үчүн берилген. Ошону менен бирге планшеттер аймактык мамлекеттик статистика органдарынын жана ведомство алдындагы уюмдардын карамагына документтештирилип өткөрүлүп берилген.

Сөзүбүздүн аягында талап кылынган техникалык мүнөздөмөгө ээ планшеттердин баасы 18-20 миң сомдон турарын маалымдаган фирмалардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Мамлекеттик сатып алуулар” порталында өткөрүлгөн ачык тендерге катышпагандыгын баса белгилөө менен билдирип кетмекчибиз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин “Tazabek” маалымат агенттигине жогорудагы бурмаланып жарыяланган маалыматтарды тастыктап алуу үчүн жөнөткөн каттары бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз калууда.

Улутстатком ушул маселеге тиешелүү бухгалтериялык жана башка документтерди кызыкдар тараптар үчүн ачык көрсөтүүгө даяр.

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

12 + 17 =