Улуттун кызыкчылыгын уруп ойнобогондор улуттук университетти ойлойбу?

0
6

Кыргызстандагы бирден бир флагман аталган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти кескин сындоого алгандар акыркы күндөрү күч алууда. Албетте иш болгон жерде сын бар дегендей салыштырмалуу алдыга жылып. Бир нече ийгиликтерге жетишип жаткан окуу жайды каралоого кимдер кызыкдар экендигине саресеп салып көрүүнү туура көрдүк. Маселен өткөн жуманын башында эле “Дело №” гезитинин №33 (1206) санында “Ректор , акча кайда?” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Макалада “университетте коррупция гүлдөдү, студенттер ит минген абалда калды” деп маек берген. Деги эле университет тууралуу маек берген Рамис Келдибеков деген ким? Адегенде буга чейин анын кандай жетишкендиктери же университет менен болгон мамилеси кандай? Ушул тууралуу изилдеп анан чыгарса болот беле? Себеби массалык маалымат каражаттарындагы журналисттик этика боюнча биринчи тараптын оюн угуу менен экинчи тараптын дагы пикирин алуу зарыл эмеспи. Анткени буга чейин Рамис Келдибековдун жазган арыздары боюнча университетке бир эмес он бир жолу текшерүү келип, бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигин кой, башкы прокуратура, эсеп палатасы, каржы полициясы,  атүгүл Жогорку Кеңештин төрагасына чейин жазып текшерттирген. Эгерде чындап Келдибековдун айтканындай болсо, бир университеттин ректорун жогоруда аты аталган тийиштүү органдар, эмгиче эсебин табат эле. Уяты жок кыз уяттуунун бетин тырмайт болуп, өзүнүн беш адамдан турган кафедрасы менен ынтымакка келе албай, мугалимдердин жыл сайын өтө турган акредитациялык сынактарынан өтпөй калып, анан дооматын окуу жайга артып жаткандыгына жол болсун деп тим болосуң. Деги эле Рамис Келдибеков улуттук университетке келе электе Юридикалык академиядан кантип иштен кеткендиги тууралуу балким кенен айтып береттир. Бүгүнкү күндө жамандап жүргөн Галина Мукамбаева менен кандай тааныш болуп, кантип жетелеп келгендигине токтолсо болмок экен. Айтмакчы улуттук университеттин абалына ичи ачышып жаткан Рамис Келдибеков улутту ойлоп кыргыз тилинде сүйлөп калса гана аттиң. Мындай ичи тарлыктан арылбаган коомдун оюн бузгандарга айта турган да сөз жок.

«Факты кж»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемнадцать + восемнадцать =