Ажобуздун “Асман” шаарын куруу долбоору ар кандай сындар менен коомчулукта талкууланып жаткан эле. Бул долбоордун келечеги жакшы экенин айткандар деле көп болуп, бирок аны курууга белсенип жаткан ишкер Тимур Файзиевге ишеним артпагандар аны “аферист, ишке ашыра албайт” деп сындап жатышкан. Чындап эле айтылган сындар чындыкка жакындап, ишкер Тимур Файзиев Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчилигинен бошотулду. Файзиевдин ордуна Руслан Акматалиев дайындалган. Акматалиев “Асман” долбоорунун түзүүчүсү деп айтылып келет. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Азырынча Файзиевдин ал долбоор жетекчилигинен эмнеге алынганы боюнча ачык айтыла элек.