ФЕЙСБУКТА ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ  МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАРЫЯЛОО КОРКУНУЧТУУ

0
37

Фейсбукта 13 нерсени жарыялоодон карманыш керек

Социалдык торчолор ар бир адамдын жашоосуна эбак эле кирип кеткен. Бизге керектүү бардык пайдалуу маалыматтарды, жаңылыктарды, китептерди, кинолорду, музыка дагы көптөгөн нерселерди табабыз. Бул, албетте жаңылыктар менен кабардар болууга жакшы ыкма. Досторубуз, кесиптештерибиз, тааныштарыбыздын пикирлери, сүрөттөрү, жаңылыктары аркылуу аларды көзөмөлдөп турабыз.

Кээде айрымдар өзүнүн жашоосу же өзү жөнүндө ачык жазып дүйнөгө жар салат. Чынында, айрым маалыматтарды социалдык тармактарда жарыялоо коркунучтуу экендигин Healthe Holistis Living жазат.

  1. Үй-бүлөлүк абалы.

Силердин «башыңар бош же бош» эместиги тууралуу жар салып кереги жок. Качан «бош» боло калганда, ушул учурду күтүп жүргөн «аңчылар» аңга чыгат. Бул аркылуу үйдө жалгыз калган маалды дагы табат!..

  1. Балдардын сүрөтү.

Ооба, ата-энелер өз балдарынын кызыктуу сүрөттөрүн Фейсбук же Инстаграмга салуудан кармана алышпайт. Азыркы учурда дээрлик бардык балдар онлайн фотоальбому менен өсүшөт. Муну кимдер жана кандай көздөр көрүп жатканын силер билбейсиңер. Балдарыңардын сүрөттөрү балдар порнографиясын даярдоочулардын же педофилдердин «чеңгээлине» түшүп калышы ыктымал. Эч качан торчолорго жылаңач, же жарым жылаңач балдардын сүрөтүн салбагыла!

  1. Мектептин жана бала бакчанын аталышы.

Алдыңкы пунктын уландысы: балдардын кайда жүргөнү тууралуу маалымат таратып кереги жок. Бул маалыматты ниети бузуктар өз максаттары үчүн колдонушу мүмкүн.

  1. Ыксыз сүрөт

Өтө эле ачык, шектүү, ыксыз сүрөттөрдү же видеолорду (көрмө) социалдык тармактарга жүктөө  — бул бүтүндөй убаракерчилик. Атүгүл, өчүрүлгөн сүрөттөр дагы зыян алып келиши мүмкүн, аны кимдир бирөө сактап алганын билбейсиңер. Эң жакшысы мындай сүрөттөрдү интернеттерге такыр эле салбай койгон оң.

  1. Силерге дос эмес «Достор» (друзья).

Оксфорддун психология боюнча профессору Робин Данбар айтат, адам 150дөй стабилдүү алака-мамиле түзүүгө жөндөмдүү. 3375 фейсбук колдонуучу менен анализ жүргүзүп, натыйжада 4,1 дос чын дилден, ал эми 13,6сы «эмоционалдык кризис» маалында тилектештигин көрсөткөнүн изилдеген. Ошондуктан, силердин баарлашууңар баалуу болушу үчүн ашыкча балластан арылгыла.

6. Кредиттик жана башка банктык маалыматтар.

Бул баарына эле белгилүү экенин билишкени менен аны унутуп калышат. Эгер фейсбук аркылуу бир нерсе сатып алсаңар дароо карточканын реквизиттерин өчүргүлө, антпесе онлайн аны сактап калып, кийин хакерлерге жем болбосун.

  1. Телефон номери.

Жакшы дегенде, сылык бирөө чыкса, жаман дегенде  — жабышкан, күнү-түнү чалгандар пайда болушу мүмкүн.

  1. Силер белгиленген публикация.

Ооба, айрым постторду сөзсүз эле өчүрүп кереги жок, бирок сак болуш керек. Качан силердин сүрөттөрдү, пикирлерди белгилегенде,  анык колдонуучунун конфиденциалдуулугунун тескегенине жараша аларды дагы көбүрөөк адамдар көрөт. Белгилөөнү алып салбаса, постту же сүрөттү негативдүү көрүнүштө пайдаланып коюшу мүмкүн.

  1. Туулган датасы.

Ата-энеңердин жана өзүңөрдүн туулган датаңарды толук жарыялап кереги жок. Бул силердин финансылык коопсуздугуңарды коркунучка салат. Туулган күндүн, жылдын датасында көп учурда сыр сөз болушу мүмкүн.

  1. Өз жетекчиси.

Бул жанрдын классикасы. Фейсбук – бул ээн-эркин баарлашууга багытталган  социалдык тармак. Бирок, жетекчиңер силердин стенага кирип, силердин статустун баарын окушу турган иш – ооба, жумушка болгон даттанууңарды дагы. Ананчы, жетекчиге жетпегендей статусту оңдоп, тескеп койсо болот, бирок аны такыр эле өчүрүп салса болбойбу?

  1. Геолокацияны белгилөө

Көбү Фейсбукка сүрөт жүктөгөндө, ошол жерди белгилеп келишет, антпеш керек. Качан кайда жүргөнүңдү билдирсең – потенциалдуу уурулар силердин үйдө жок маалыңарды  көрүп, билип турат.

  1. Эмгек өргүүсү жөнүндө маалымат.

Шаардан бир жакка кете турганыңарды алдын-ала эскертип кереги жок, анткени бул ууруларды чакыруунун жакшы ыкмасы. Полициялардын маалыматы боюнча, кылмышкерлер өзүнүн курмандыгын көп учурда социалдык тармактар аркылуу табат.

  1. Авиабилеттин жана талондун сүрөтү

Көп учурда силер авиабилеттин, түшүү талонунун сүрөтүн салып, жалпыга маалымат бересиңер. Муну менен силердин бронду модифицировать (түрүн, формасын өзгөртүү) этип, же жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Авиакомпаниянын сайтына кирип, аты-жөнүн, ээлеген кодду жана билеттин номерин киргизип коет. Бул маалыматтар менен «шүмшүктөр» ордуңарды алмаштырып, учурбай да салышы мүмкүн.

 

Эсиңерде болсун: социалдык тармак силерге дүйнөнү ачат, бирок аны менен жоопкерчиликтүү пайдалангыла.

 

Эл деми

Асылбек Бектенов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

15 − 8 =