Чаек айылындагы мектеп кышка даяр эмес

0
630

Жумгал районундагы Чаек айылынын Мидин Алыбаев атындагы орто мектеби Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан текшерилип, кыш мезгилине даярдыгы 100 пайызга жок экендиги аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма с кызматы билдирди. Буга чейин инспекторлор тарабынан бир нече ирет эскертүүлөр мектеп директоруна жана жергиликтүү бийликке берилип, мектепти кышка даярдап жылуулук киргизүүнү эскертишкен. Ага карабастан бүгүнкү күнгө чейин мектептин от казаны суук мезгилине даяр эмес. Мектеп директорунун берген маалыматы боюнча, мектеп жамааты жергиликтүү бийликке жана тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылган. Бирок эч кандай майнап чыкпай келет. Азыркы тапта Мамэкотехинспекция, мектептин кышкы мезгилге карата жылуулугун тез арада орнотуу боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берди.

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четыре × один =