Чемпиондор лигасынын жарым финалында «Ювентус» «Монакону» жеңди

0
220

Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. Анын жыйынтыгы УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды.

«Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди.

Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт.

Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну дагы болду.

Анда Амстердамдын «Аякс» командасы өз талаасында франциялык «Лионду» 4:1 эсебинде утту.

Бул жуптун ортосундагы жооптук беттеш 11-майда өтөт.

Европа лигасынын жарым финалынын алкагында бүгүн испаниялык «Сельта» жана англиялык «Манчестер Юнайтед» командалары кез келишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

18 + 7 =