Чылпагын алам деп, көз чукубасак экен

0
9

Ооба, Кыргызстанда бөлүнүүчүлүк бар. Ал көп учурда саясий жүрүштөрдө, кызматка дайындоолордо байкалат. Бул мүмкүн жердешчилик кылып жан тартуунун, арсыз кесепетинен а мүмкүн чын эле окуялар, саясий кадамдар же жетекчилер жакпайт. Эмнеси болсо да бир эл болуп туруп бөлүнүү жакшы эмес. Бул билгенге өзүңдү өзүң жектөө же жек көрүү деген эле нерсе. Ошентсе да мындай кечиликтерди этияттык менен туура жолго салуу өзгөчө мааниге ээ. Акыркы кезде аймактык бөлүнүү кадыресе жокко эсе болуп, социалдык желелерде позитивдүү же реалдуу сын-пикирлер болуп жаткан. Ошол тапта “Азия Ньюс” гезитинин башчысы Арслан Сартбаев Фейсбук баракчасына Ош шаарынын мурдагы мэри болгон Сарыбашевдин убактылуу  Бишкек мэри болуп дайындалып, анын алгачкы иш аракетине карата сын айтып койгону кайрадан бөлүнүү талкуусуна алып келди. Сартбаевдин айтканын туура дей албайбыз. Ал эмне деп айтпасын бөлүнүүнүн негиздери бар. Бирок, араң турган коомчулукту козутуп, УКМКнын кылмыш ишин козгоп, улам суракка чакыртып жатканы чоң талкууну кайрадан жарата баштады. Коом ар түрдүү. Ар кимдин кыялы, жоругу, көз карашы бар. Алардын баарын бирдей тегиз кармап, түшүндүрүү же жолго салуу кыйын. Социалдык желе эркин аймак. Ал жерде ар ким каалаганын жазып, айтып ал турсун сөгүп олтура берет. Мына ушуну эске алганда, Сартбаевдин кичине кылыгы, бүгүн чоң бөлүнүүгө себеп болуп калбасын УКМК сезгени оң. Аслан Сартбаев өзүнүн кылган иштери үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурады. Мына ошондон кийин эле тлакууну күчөтпөй, мындан ары мындай жоруктар кайталана турган болсо катуу жазаланаарын эскертип, ишти токтотушу керек эле. Тилекке каршы, талкуу күчөп тынч турган коомчулукта кайрадан бөлүнүү аракеттери байкала баштагансыйт. Чылпагын алам деп, көзүн чукуп албасак экен.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

3 × пять =