Чыныбай Турсунбеков актыгын айтууда

0
212

“Мен  Данияр Нарымбаев менен отурганда Нариман Түлеевдин кызы ага мурда берилген 50 миң доллардын тагдырын билгени келген экен”. Бул тууралуу Чыныбай Турсунбеков КСДП партиясынын шаардык конференциясында билдирди.

Депутат аны президенттин мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин иши менен байланыштырышкандыгына байланыштуу, ал башкы прокурор Индира Жолдубаева менен байланышып, Данияр Нарымбаев жана Нариман Түлеевдин кызы менен жолугуштуруу жөнүндө суранган.

«Жолугушууда Н.Түлеевдин кызы Д.Нарымбаев менен жолугушууга келген күнү анын алдында Нарымбаевдин кабинетине киргендигимди көргөнүн айтты. Ал ошол жолугушууда мурда берилген 50 миң доллардын тагдырын билүү үчүн келген. Бирок Д.Нарымбаевдин кабинетине кирип келип мени көргөн. Бул аны ыңгайсыз кылып, ал каалаганын айта алган эмес. Ал жалпы көйгөй жөнүндө эле сүйлөп, Нарымбаев ага сот аркылуу чечиле тургандыгын айткан. Менин «күнөөм» ушул эле. Мага Түлеевдин акчасынын кереги жок», — деди Чыныбай.

Депутат кээ бир адамдар бул жагдайды пайдаланып, Бишкекте 4 адамдын катышуусунда акция өткөндүгүн билдирип алар менен байланыша албаганын айтты: «Алар мени күнөөлүү деп, отургузуш керектигин талап кылышты. Мен мындай билдирүү үчүн сотко кайрылууну чечтим. Эгер алар ушундай деп ишендирсе, анда сөздөрүн далилдешсин. Акциянын катышуучуларынын бири Мелис Аспеков аттуу жигит  Садыр Жапаровдун партиясынын өкүлү”.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два × 1 =