Шайлоого 17 партия катышат

0
29

Бүгүн шайлоо күрөөсүн төлөө жана талапкерлердин тизмесин тапшыруу мөөнөтү   саат 18.00дө соңуна чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 23 партия алдыдагы шайлоого катышпай тургандыгын билдиришкен. Айрым партиялар башка партиялар менен биригишсе, кээ бир партиялар катышуудан өздөрү баш тартты. БШКнын маалыматы боюнча саат 18.00гө карата шайлоого катышууга 20 партия ниеттенип жатканын билгилүү болгон, бирок калган үчөө документ тапшырууга жетишкен эмес.Ошентип парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин 17 партия берип катталышты. Саат 18:00дон 5 мүнөт өткөндө Атамбаевдин уулдары түзгөн партия барган. Ал ортодо “Биримдик” партиясынан чыгып жаткан Улукбек Кочкоров да БШКда жүргөнү маалым болду. Анын эмнеге барганы азырынча билине элек.

Кайсыл партиялар шайлоого катышат?

«Кыргызстан»,

«Биримдик»,

«Бир бол»,

«Республика»,

«Ата Мекен»,

«Мекеним Кыргызстан»,

«Мекен Ынтымагы»,

«Мекенчил»,

«Реформа»,

«Социал-демократтар»,

«Ыйман нуру»,

«Бүтүн Кыргызстан»,

«Замандаш»,

«Чоң казат»,

«Ордо»,

«Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

4 + два =