Шатеновдор «калбыры»: 3. БАКИЕВДЕРДИН УЛУТТАШТЫРЫЛБАГАН МҮЛКҮН ПРОКУРОР ШАТЕНОВ БАЙЫРЛАЙБЫ?

0
442

Оюндагысын жасап кутурган Щевцовдор

Эми үстү жап-жашыл «Кырчын» жайлоосу болсо, этегинде көк мелжиген Ысык-Көл чалкыган Семеновка айыл аймагына караштуу көлдүн жээгинде жергиликтүүлөрдөн эч кимисинин таманы тие элек кезде, Максим Бакиев тарабынан «Дальний Кардон» эс алуу базасы (база отдыха) курулган эле. Бирок, img_1097пансионатка жергиликтүүлөрдүн таманы тийбеген менен аны маалында эки аяктуу «карышкырлар» эбак эле тебелеп-тепсеп, күнүн көрүп коюшкан. Алар кутурганда ушундай кутурушкан, тегерегиндеги жайылган малдар алардын көзүнө тоо эчки, аркар көрүнө баштаган. Мылтыктарын октой салып элдин жылкыларын атып салуудан да кайра тартышкан эмес. Пансионаттын директору жана Мамлекеттик резиденциянын балансында турган Семеновка коругунун мергенчилик чарбасынын башкаруучусу эки бир тууган ҮЕВЦОВ Алексей жана ҮЕВЦОВ АЛЕКСАНДР (бири директор, бири башкаруучу) көлдүн жээгинде тазалоочу оборудованиялары жок, пляж зонасында чочко багып, анысы аз келгенсип эс алуучулар үчүн сойкуларды ташып, айтор ЫЙЫК-КӨЛДҮН касиетин, кутун болушунча учурушкан. Алексей экологиялык талаптарды сактабаганынан улам айыл өкмөт башчысы «кой-ай» дегенин Максим Бакиевге таянып, чымын чаккандай көргөн эмес. Мергенчилик жылына эки жолу болсо, булар үчүн жыл бою улантылган. Максимге таянган Алексейге кимдин тили өтөт эле. Ананчы, «Дальний Кардон» Бакиевдердин, анын ичинен Максимдин жеке эс алуу жайы болсо…

КӨҢҮЛ АЧУУГА БЮДЖЕТТЕН АКЧА КОТОРУЛУП ТУРГАН
Бакиевдер эс алууга, же аңчылык кылууга дайыма вертолет менен учуп келип турушкан. Жеке кызыкчылыктарын чечүүнү да унутушкан эмес. «Дальний Кардондун» дайымкы кардарлары ошол кездеги ИИМ министри Конгантиев, ИИМдин орун басары Акматбаев М., Көлдүн УВДсынын башчысы Эсеналиев, Ысык-Көл ГРОВДсынын башчысы Иманказиев А., Ысык-Көл районунун акими Мансуров Т., Областын губернатору Исаев К., Марат, Максим, Жаныш Бакиевдер, Ширшов, Елисеевдер болгон. Булар үчүн аталган эки бир тууган Щевцовдор бардык көңүл ачууну уюштуруп турушкан. Ага кеткен каражат-чыгымды мамлекеттин бюджетинен бөлдүрүп турган.

СЫРДУУ ДА, СЫЙКЫРДУУ ДА «КОЖОЙКЕ» — РЯЗАНОВА
Маалында «Дальний Кардон» эс алуу базасы салынган аймак айыл чарба багытындагы жер саналганына карабай, Ысык-Көл райондук акимиятынын башчысы Акматов Ж. №97, 21.03. 2002-жылы токтом чыгарып, казакстандын жараны ЕВГЕНИЙ ВЛАДИМИРОВНА РЯЗАНОВАГА 49 жылга арендага мыйзам бузуу жолу менен катталат. Ал жерге курулуш салуу үчүн трансформациялоо, өкмөттүн токтому да керек эле. Бирок анын бири да аткарылган эмес. Кыскасы мыйзамды одоно бузуу жолу менен болгондо да чет элдик жаранга жерди салып беришет. Документ боюнча аянты 7,1 га болсо, иш жүзүндө 8,5 га саналып, айыл өкмөттүн 1 га жерин кошо карматышат. Кийин айылдыктар пансионатка келишип басып алышмакчы болушуп, директору менен жолугушууну каалашканда, директор делип жүргөн Алексей өзүнүн чыныгы жетекчи болбогонун моюндайт. Ал эми Рязанова болсо 2005-жылдан бери пансионатка бир дагы жолу келбептир. Ошондон улам бул ысымдын бар-жогу шек жаратып, Рязанова катталган Алма-Ата шаары, Достык проспектиси № 114 дарегин сураштырып көрүшөт. Натыйжада көрсөтүлгөн даректе Рязанова эч качан жашабаганы билинет. Ошентип, Рязанова сырдуу да, сыйкырдуу да ысымга айланат: Ананчы анын атынын аркасынан көл жээгиндеги кенедей тооккана килейген 7,1 га чоюлуп, өкмөттүн токтому, трансформациялоо деген баш оорутуусу жок эле, эс алуу базасы курулуп, анан чоңдор кутуруп эле жатып калышса. Анысы аз келгенсип анын аркасынан айрым адамдар байып атса. Өзгөчө, тигил жагы прокуратураны, бул жагы айыл аймагын кармап турушсаIMG_5600 Шатеновдордун аты ойнобогондо, кимдики ойномок.

Тагдыры таламайга калган «Дальний Кардон»

Ошентип, Бакиевдер куулганда, Максимдин бул пансионатынын тагдыры таламайга такалат. Ыза болуп калышкан жергиликтүүлөр пансионатты басып алышып, бугун бир сыйра чыгарышат. Баягы кутурган Щевцовдор Григоревькадагы 100 миң долларды чапчыган үй-жайын таштап, пансионаттын директору мен эмес болчумун деп качып кутулат. Анын үйү прокурор Шатеновдун көзүн кызарта баштайт. Ошентип, элди тынчытышып, 2010-жылы 3-майда УВД башчысы Илипаев Ж., Ысык-Көл ГРОВДсынан, Мамкаттоо ж.б. кызматкерлеринен комиссия түзүлүп, пансионаттын мүлкү боюнча, баш-аягы болуп 300 000 АКШ долларлык эмерек эсептелип АКТ түзүлөт. Аягы бул эмеректер бир тал жибине чейин уурдалып жок болот. Аны Щевцовдор, жана пансионатты акмалап жүргөндөр жасаганын жергиликтүүлөрдүн арыздарында айтылат. Мына ушул маалдарда Ысык-көл областык прокурорунун орун басары ШАТЕНОВ Кубанычтын бир тууган агасы 31.03.1951-жылы туулган ШАТЕНОВ Тентимиш Касымбекович баягы сырдуу Рязановадан «доверенность» (РК, город Алматы, пр. Абая 21., от 11.11 2011. Нотариус Бекжанова Алма Кенесбаевна) алып чыга келет.
(Уландысы бар)
Эрнест АБДРАХМАН

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

14 + одиннадцать =