«Шумкар Уя Кыймылы” коомдук бирикмеси Бекмолдо эли менен жолукту

0
35

Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө «Шумкар Уя Кыймылы» коомдук бирикмесинин демилгеси менен ынтымак- ырашкерчиликти бекемдеген, жергиликтүү элдердин ич ара достугун арттыруу максатында волейбол боюнча турнирин уюштурду. Иш чаранын жүрүшүндө буга чейин айыл аймагынын өсүп-өнүгүүсүнө, спортто, маданиятта, ар кандай уюштуруу иш чараларын уюштурууда кошкон үзүрлүү эмгектери үчүн бир топ азамат атуулдарды коомдун ардак грамоталары жана акчалай белек менен сыйланышты. Иш чарага айылдык кеңештин депутаттары, кадырлуу аксакалдары жана жаштары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө сөз алган айрымдар буга чейин айыл аймагында мындай эмгекти баалап койгон аракеттердин болбогондугун жана чындап келсе мындай баалоолор айыл өкмөтүнүн иши экенин да баса белгилешти. Сыйлоо аземдеринен кийин “Шумкар Уя Кыймылы” коомдук бирикмесинин төрагасы Турусбек Абдыкеримов сөз алып, өздөрүнүн буга чейин аз болсо да кылган иш аракеттерине токтолуп, мындан аркы аракеттерди ынтымактын негизинде күчтөнтүү керек экенин баса белгиледи. Кыймылдын мүчөлөрүндө жана жергиликтүү элде чечилбеген түйүндүү маселелер көп экендигин ортого салышып, өзгөчө Жерүй кенинин айланасындагы болуп жаткан ыйкы-тыйкы маселелерди козгошту. Анда айрым ортомчу компаниялардын өзүм билемдик аракеттери, жумушка кабыл алуудагы теңсиздиктер, айыл жетекчилигинин  элге кылган мамилелери, айылдык кеңештин депутаттарынын ыркы жок, ыксыз жыйналыштары тууралуу айтышып, өзгөчө ушул кезде кызуу талкууга түшүп жаткан таштанды таштоочу жайдагы компаниянын аракетине да сын-пикирлерин билдиришти. Айрымдар, облус жетекчилигинин маалымат катчысы Бакай Абыдмаликтин таштандылар боюнча уюштурган аракеттери бир жактуу болгонун жана чагымчылдык менен элди элге тукуруу аракети болгонун да ортого салышты. Айтылбаган жана такыр эле болушу мүмкүн болбогон уулуу зат жөнүндө даярдаган маалыматтары үчүн ага карата жазаа колдонуу керектигин билдиришти. Коомдун өкүлдөрү жакынкы аралыкта ал маалымат боюнча тийиштүү жетекчиликтерге чара көрүү боюнча расмий кайрылуу кылаарын убадалашты. Ушул кезде таштанды төгүлгөн жерде “ААЕ” компаниясы өздөрү таштаган калдыктардын үстүн жаап коюшканын, бирок Бакай Абдымалик айткан “жергиликтүү элдер таштады” деген сасып кеткен калдыктардын үстү ошол эле бойдон турганын да жашырышкан жок.

Коомдук бирикме ал маселе кечээ эле болуп калбагандыгын, ал жерге мыйзамсыз калдыктарды төктүрүүгө ким уруксат бергенин жана экология башкармалыгынан, санэпидемстанциядан, аймактык бийликтен уруксаат болгон-болбогонун, мыйзамдуу түрдө текшерип көрүү керектигин убадалашты. Бир катар суроолор “Алтын Альянс” компаниясына да айтылып, анда жергиликтүү Бекмолдо аймагынан элдин үнүн жеткирип, компания ортосунда мыкты алака түзүүгө көпүрө болуп берээр алардын адмнистративдик жогорку кызматында бир да адамдарынын жоктугун да чоң ката экени менен баса белгилеп айтышты. Ал турсун айрым жакшы жумуш орундарына барган жергиликтүүлөрдү кыянаттык менен жумушунан алып, ар кандай бут тосуулардын болуп жатканына да капа болгондор болду. Ал иштердин айрымдарына айыл аймагынын жетекчилигинин да чоң күнөөсү болууда дешет жергиликтүүлөр. Ал тургай айыл өкмөтүн кетирүүгө деле бара турган бир топ орчундуу жагдайлардын бар экенин ырасташты. Жакында бир катар документтин негизинде белгилеп айтып чыга турган былык иштердин бышып жетилгенин айткан айрымдар, ич ара ыркыбызды бузган чагымчыл, чечкинсиз жана маданиятсыз аракеттерин көпкө жашырып олтура албастыктарын да айтууда. Бекмолдо айыл аймагынын ичи түрдүү топторго бөлүнүп, ар ким өз кызыкчылыгына тарткан тараптардын көп болушун, “балык башынан сасыган” негизги чечүүчү жетекчилик тараптар болуп жатканы менен түшүндүрүштү.

“Шумкар Уя Кыймылы” коомдук бирикмеси тууралуу да ар кандай айың кептер айтылып жаткандыгын да жашырышкан жок. Акча, кызмат, кызыкчылык болгон жерде андай ушак кептер, шектенүүлөр боло берээрин айтышкан коом өкүлдөрү, коомдук бирикме эч качан элдин жалпы чечими менен эч качан эч нерсе кыла албастыгын, жалпы элдик чечимсиз ал эч кандай күчкө ээ эмес экендигин менен түшүндүрдү.

Ал күнкү жыйындын негизги максаты эл достугун бекемдеп, айыл ичиндеги азаматтардын эмгегин баалоо жана спорттук  волейбол иш чарасы экенин эске алган коом өкүлдөрү, айтылган ар бир сын-пикирлерди атайын жыйналыштын, жалпы элдик чечимдердин негизинде ийри олтуруп түз кеңешип, ынтымакташып чечүү максатында карашаарын баса белгилешти.

Чакай жыйындын аркасы волейбол оюну менен уланып, жалпы 10 команда катышкан бул иш чара кийинкиде Бекмолдо айыл аймагынын келечеги үчүн аткара турган жана жасай турган максаттардын биримдигинин башаты болуп берди.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемь − 2 =