“Ыйман Нуру” партиясына кысымдар болууда

0
15

Бийлик туткактап бараткан, коомчулукта Раим Матраимовдордун партиясы делип жаткан “Мекеним Кыргызстан” партиясынан бөлүнүп чыгып, өз арабасын сүйрөмөкчү болгон “Ыйман Нуру” партиясына кысымдар болуп жатканы айтыла баштады. Басылмалардын бирине аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Михаил Халитовдун айткандарына караганда партиянын жетекчилигине басым-кысымдар болгон. «Партияга олуттуу басым жасалууда. Саясий кеңеш партиянын мүчөлөрүнөн кимдир-бирөөнүн жоготор нерсеси болсо партиядан чыга берсин деген чечим кабыл алды. Атаандаш партиялар тарабынан биздин партиянын лидерине карата коркутуп-үркүтүү «Ыйман Нурунун» шайлоого катышуусуна тоскоол болбошу керек», — дейт ал. Буга чейин басылмалар жалаң жаштардан жана ишкерчилик чөйрөдө жүргөн белдүү балдардан түзүлгөн бул партия, аламанда алдыга чыгып, бийлик ишенген Раимдик “Мекеним Кыргызстан” партиясын артка калтыраарын жазып чыгышкан. Демек, кысымдар кимдер тарабынан болуп жатканы айтпаса да белгилүү болуп калды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

14 − шесть =