ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНЫН ТҮП РАЙОНУНДАГЫ КОРРУПЦИЯНЫ ТОКТОШУШ ҮЧҮН БИР ГАНА ТУУРА ЖОЛ БАР…

0
1185

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ
АЧЫК КАТ!
УРМАТТУУ СООРОНБАЙ ШАРИПОВИЧ!

Сиздин коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө күч органдарына жана чиновниктерге ачык- айкын кайрылганыңызды мамлекеттин ар бир жараны туура кабыл алып, ага өздөрүнүн салымын кошууну күчөтүп жатышат. Бирок, айрым атка минерлер, күч органдары, прокуратура кызматкерлери жана соттор кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып адилеттүү карашпай, коррупцияны коргоп жатышат. Бул жөнүндө биз жүздөгөн мисалдарды келтиргенге даярбыз. Өзгөчө Сиздин коррупциянын тамыры өтө тереңдеп кеткенин белгилегениңиз туура. Биздин оюубузча, коррупция ушунчалык күч алып, мамлекеттин баардык системасында орун алган, карапайым эл мыйзам чегинде көйгөйлөрүн чече албай калды. Жогорку бийликке, прокуратурага, сотторго жалпы эле күч органдарына кайрылгандарды салыштырмалуу карасак, карапайым элдин колунда жоктугунан алардын көйгөйү көмүскөдө – чечилбей калып, ал эми кызматтагылар, акчалуулар коррупциялык жол менен мыйзамды бузуп, өз кызыкчылыгын ойлогон шылуундардын пайдасына чечилип жатат. Чындык кейпи акчада, бийликте окшойт?..
Сооронбай Шарипович Сиздин Түп районунун элдери менен жолугушканыңызда “Коррупция системасын талкалаш үчүн чиновниктерге кайрылдыңыз”. Коррупция менен күрөшүүнү токтотпойм жана анын башында өзүм турам деп, бирок жалгыз жеңүү кыйын экендигин баса көрсөттүңүз. Аныңыз ак! Ошол Түп районундагы жолугушууда төмөндө кеп кыла турган Арал айыл өкмөтүндөгү көйгөйлөр боюнча жергиликтүүлөр Сизге түз кайрылганына өзүңүз күбөсүз. Чиновниктер коррупция менен эч качан күрөшкөн эмес жана кайсы бир чиновник коррупцияга каршы күрөшүп өзүнүн жетектеген мекемесинде коррупцияны токтоткондугу жөнүндө мисал жокко эссе . Эмнегедир Түп райондук акими, Ысык-Көл областынын ыйгарым укуктуу өкүлү Арал айыл өкмөтүнүн көйгөйүн чечкендин ордуна алар ага жактоочулук кылып жатканы байкалат.

Коррупция эмне үчүн күч алып жатат, себеби, буга күч органдары, прокуратура кызматкерлери жана чиновниктер бири-бири менен байланышып, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлошот.

Буга мисал Ысык-Көл областынын Түп районуна токтолуп кетсек болот.
Түп районунда Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Бакытбек 28 жылдан бери ушул кызматты аткарып келет. Ушунун өзү эле коррупция эмеспи? 28 жылда 30 чакты премьер-министрлер жана өкмөт аппараты алмашылды. 5 президент шайланды. Райондук, областтык жетекчилерди айтпай эле койолук. Бул жөнүндө көзөмөл кылган райондук прокуратура билбейби. Сөз куру болбосун. Фактыларга токтосок мындай:
1. Мамытов Б.О. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы мамлекет тарабынан салынган Арал айылындагы бала бакчаны 2000-жылы Исаков Сатынбайга өз билимдик кылып сатып жиберген. Кызыгы ошол бала бакча 2000-2007 жылга чейин айыл өкмөтүнүн эсебинде турган. Бирок Исаков С. 2003-жылы бала бакчаны талкалап Б. Мамытовдун жетекчиси менен курулуш-материал кылып сатып жибериптир. Суроо? Ошондо Түп районунун прокуратурасы каяка карап жатты. Эгер ушундайларды көзөмөлгө албаса, анда прокуратуранын эмне кереги бар. Анысы аз келгенсип, Б. Мамытов бала бакчанын бир бөлүгүн А. Маданбековго берип, аны складка айландырган. 2018-жылы Б. Мамытов бала бакчанын калган жагын 0,15 га жери менен Бишкек шаарынын тургуну М. Коңурбаевге сатып жиберген. Арал айылында бала бакча жок. Бул Б.О. Мамытов өзүнүн кызыкчылыгы менен коррупциянын башында турганын көрсөтпөй турабы? Эгер Б.О. Мамытов таза иштесе, ал 28 жылдын ичинде бала бакчаны сатпай, оңдотуп иштетет эле го. Мамытов Б. жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды өз билимдик кылып бир дагы жолу Арал айыл кеңешинин токтомун жана макулдугун алган эмес. Ал Арал айыл кеңешин угуп да койбойт. Бул эмнени көрсөтүп турат?
2. Арал айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылында 10,48 га алмабак жерин Мамытов Б. 2012-жылы 49 жылга Э.Чекировго ижарага берген. Чекиров Э. болсо Арал айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштечү. Ижара берүү жөнүндө Арал айыл кеңешинин токтому жана макулдугу жок. Бул эмне, Б. Мамытов 28 жылдан бери башчы болуп иштеп, эч кимди тоготпой, мыйзамга баш ийбей, жоопкерчиликтен коркпой калганбы? 10,48 га алмабакты Б.О. Мамытов менен Э. Чекиров 2007-жылы жеке менчигибиз деп, алмабактын ичине С.Исаковду көчүрүп келип, үй-сарай салып, алмабактарды жок кыла башташты. 2012-жылы ижара түзгөн келишим мыйзамсыз. Себеби, Арал айыл кеңешинин ижарага берилсин деген токтому жок, сессияда каралган эмес, торукка коюлбаган. Булардын кылган иши баскынчылык эмей эмне?. Эмне үчүн Түп райондук, Ысык-Көл областтык прокуратурасы булардын кылган иштерине карата эч чара колдонбой келет жана коррупцияны жашырып жатышат (укрывательство). Бул анык коррупция эмне?. Себеби алар бири-бири менен тыгыз байланышта экени ачык көрүнүп турат.
3. 2012-жылы Мамытов Б. Арал айыл кеңешинин токтому жок эле ОсОО “Терра Компани” деген фирмага мыйзамсыз жер саткан. 2017-жылы соттун чечими менен сатылган жер кайра Арал айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген. Эмне үчүн Б.О.Мамытовго мыйзамсыз жер сатканы үчүн Түп райондук прокуратура башында турган Эркингүл Урдалетова тарабынан кылмыш иши козголгон эмес. Түп райондук прокуратура өзүнүн мыйзамдуу көзөмөл милдетин унутканбы же сатылып кеткенби?.
4. Арал айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө айылындагы Карачев атындагы орто мектебине таандык жер аянты мыйзамсыз Жакаковго берилип кеткендигин мектептин директору Жылкыбаева четке каккан менен Ысык-Көл областынын прокуратурасы 11-майда 2018-жылы аныктаган, бирок ал боюнча эч чара колдонушпай келишет.
Буга окшогон фактылар өтө көп. Бардыгына токтолсок, көп убакыт керек.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар жөнүндө Башкы прокуратурага Арыз менен кайрылдык. ГП журналында №368 01.02.2019-жылы катталган. Түп районунун орун басар прокурору Имер Адылбековдун колу коюлган жоопту 19.02.2019-ж. №20-19 алдык, бирок жоопко биз канаттанган жокпуз. Фактылардын баарын териштирип,кайра арыз менен Башкы прокурорго кайрылдык. №1745 14.05.2019-жылы ГП журналында катталды. Жообун күтүп жатабыз.
Бизге түшкөн маалыматтардан, Мамытов Б. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп, анын кандай иштеши жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 30-апрелинде №151 тескемесине ылайык түзүлгөн комиссия, Арал айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн карап, жыйынтык маалыматында төмөнкүлөрдү көрсөтүшкөн:
-“Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш. Жээнбековду 2018 ж. региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгын ишке ашырууга багытталышын керектигине карабай, Арал айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан бул маселеге көңүл бурулган эмес.
— 2019-ж. 15-мартында №34 “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Арал айыл өкмөтү иш-планын бекитишкен. Бирок, иш-чаралар планын аткарылышы боюнча тиешелүү маалыматтарды убагы менен Түп райондук мамлекеттик администрациясына берүү боюнча иштер жолго коюлган эмес.
— Ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2018-жылдын 17-октябрь №362 менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн” “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө тескемеси Арал айыл өкмөттүн 2019-жылдын 10-январында №6 тескемеси менен туура эмес ишке ашырылган. Тактап айтканда иш-чаралар планы бекитилген эмес.
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын президентинин коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча 2010-жылдын 12-ноябрында ПЖ №2015 жарлыгынын токтомун аткарууда Арал айыл өкмөтү тарабынан эч кандай иштер жүргүзүлбөй жаткандыгы аныктанган.
— Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2016-ж. 13-августунда №295 “Ысык-Көл областынын аймагында дин маселелерин жөнгө салуу боюнча, Арал айыл өкмөтү тарабынан диний эктремизмге каршы аракеттенүү боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды”.
— Ысык-Көл ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2019-ж. 15-мартында №3 “Ысык-Көл областынын аймагындагы диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдарынын аткарган иштери тууралуу” токтомдун талаптары, Арал айыл өкмөтү тарабынан аткарылган эмес.
— Арал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-ж. иш мерчеби бекитилген эмес.
— Айыл өкмөтүнүн делолору бекитилген неономенклатурага ылайык келбейт жана сактоо мөөнөттөрү жазылган эмес.
— Мындан тышкары дагы иш-кагаздарын алып барууда бир топ кемчиликтер тастыкталды.
— Жогорудагылардын негизинде Түп райондук акими Э. Джантаев айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Б.О.нун ишмердүүлүгүн айыл кеңештин сессиясында кароого сунуштайт”.
Биз бир нерсеге түшүнбөй жатабыз, Мамытов Б.О. өзүнүн милдеттүү саясий башкарууну аткарбаса, мыйзамга каршы жерлерди сатса, айыл кеңешине баш ийбесе, мыйзамга баш ийбесе, Арал айыл аймагын жеке менчигине айландырганы ачык көрүнүп турса, Мамытов Б. өзүн ушунчалык жогору сезип, көзүнө эчтеке көрүнбөй, билгенин жасап, айыл кеңешине баш ийбегенин көрүп туруп, эмне үчүн Ысык-Көл областтык ыйгарым укуктуу өкүлү областтын коллегиясында карап, чечкиндүү чара колдонбой, Түп райондун акиминин колу коюлган катты жөнөтүшкөн. Мындай кылган мамиле Ысык-Көл областында коррупция менен күрөшүү жок деп эсептесек болот. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Б. ушундайларды көрүп өзүнүн 6 (алты) чөнтөк депутаттары менен мыйзамсыз иштерди жасап жатканы байкалды. Булар Абдылдаев Азамат – бир тууган кудасы, жерлерди арендага алып, салык төлөөдөн качып келет, мамлекетке 10 млн. сом карыз. Буга Мамытов Б.О. жана прокуратура көңүл бурбайт. Турдукеев Шайлоо – Мамытов Б.О.нун агасы менен классташ, мурунтан бери иштешип келет. Тезеков Аруун – жайыт комитетинин бухгалтери, Мамытовдун менен көп жылдан берки жолдошу. Отчет бербей, эч кимди көзүнө албайт. Конокбаева Жаңыл – мал чарба адиси Э. Чекировдун аялы жана өкмөттүн катчысы Астра Осмонованын жездеси (Астра Осмонова жасалма кол коюлуп, жер саткандагы токтомдо аныкына окшош кол коюлгандыгы боюнча экспертза аягына чыкпай калган. Өлгөн адамдын жерин берүүдөгү элүүнчү токтомдо анын алакасы болгондугу боюнча аныктала элек). Аштыкбаев Нурбек – жер адиси Аштыкбаев Мирбектин иниси, Э.Чекировдун бир тууган кудасы, Мамытовдун агасынын өкүл баласы. Букуев Аскат – анын атасы менен классташ, жакын жолдошу. Б. Мамытов ушул көрсөтүлгөн алты депутаты менен коррупциялык группаны түзүп болгон мыйзамсыз иштерди жасап жатканын боолгоп болбойбу?..
Бизге түшкөн маалымат боюнча, элдер жогоруда көрсөтүлгөн жана башка фактылар боюнча президенттин атына кат жөнөтүптүр. Бирок, Президенттин аппаратындагы Ысык-Көл областы боюнча куратору Мирбек Кожоев (Түп районунун тургуну) ал катты президентке жеткирбептир. Бул дагы коррупциянын бир түрү болот. Андан башка Мамытов Б.О. Каныметов Жангороз менен жакшы мамиледе болгондуктан, эч нерсени көзүнө албайт дешет, себеби Каныметов Жангороз Жээнбековдордун кудасы дешет.
Жогоруда айтылгандардын баарынын негизинде Ысык-Көл областынын Түп районундагы коррупцияны токтошуш үчүн бир гана туура жол бар. Бул Түп районунун прокурору Эркингүл Урдалетованы жана Имер Адылбековду (азыр областык прокуратурага которулган), андан башка ушул иштерди көрүп туруп чара колдонбогон Ысык-Көл областтык прокуратурасында иштегендерди кызматтан кетирип, Б. Мамытовду жумушунан бошотуп жоопко тартса коррупция анча-мынча азаят деп эсептейбиз.

К. С. УМАРОВ,
Коррупцияга каршы элдик көзөмөл “ККЭК” коомдук бирикмесинин председатели

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

20 − одиннадцать =