Элнура Дилдебаева, Бишкек шаарындагы №2 үй-бүлѳлүк медицина борборунун эндокринологу:  «КАНТ ДИАБЕТИ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕНИ БИЛИШ КЕРЕК?»

0
78

 

Кант диабети – бул глюкозаны сиңирүү жөндөмдүүлүгүнүн  бузулушунун негизинде пайда болгон өнөкөт оору.

Бул оору менен ким оорушу мүмкүн?

Кант диабетинин 2-тибинин  коркунуч (тобокел) факторлору:

1.Ашыкча салмак же семиздик.

2.Туура эмес жашоо (ашыкча тамак ичүү,физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү).

3.Жаш курагы – көп учурда 45 жаштан кийин.

4.Артериялык гипертензия жана башка жүрөк оорулар.

5.Кандагы холестериндин  жана  майлардын  деңгээлинин жогорулугу.

5.Тукум куучулук – үй бүлөсүндө диабет оорусу менен ооруган адамы болсо, башкаларында да диабет өнүгүшү мүмкүн.

  1. 4 килограмдан ашык салмактагы баланын төрөлүшү.

 

Эгерде, силерде ушул факторлордун бир нечеси менен айкалышы бар болсо,

анда сиздин диабет оорусуна чалдыгуу коркунучу ондогон эсе көбөйгөн.

Өзүңөрдүн  диабет оорусуна чалдыгуу коркунучун эсептегиле!

 

Кант дибет 2 – тибинин өрчүү коркунучунун  деңгээлин таап чыгуу үчүн

тест суроолор.

  • Дене массасы 4 кг.дан ашуун баланы төрөгөн аял – 1балл
  • Эжем агам кант диабети менен оорушат – 1балл
  • Ата – энемдин бири КД 2 – тиби менен ооруйт – 1балл
  • Дене массасы мүмкүн болгон салмактан ашык – 5балл
  • Аз кыймылдуу жашоо жүргүзүү – 5балл
  • Жаш – курагы 45 менен 65 жаштын ортосунда – 5балл

 

Эгерде, силерде ушул тестин жыйынтыгы 6 баллдан ашса,

анда сиз дарыгерге кайрылыңыз.

 

Кант диабетинин белгилери.

 

  • Чаңкоо, суюктукту ашыкча ичүү жана ооздун кургашы.
  • Заара ушатуунун тездеши жана зааранын өлчөмүнүн көбөйүшү.
  • Көтөрүңкү аппетитте дене массанын төмөндөшү.
  • Алсыздык, чарчоо, эмгекке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү.
  • Жаракаттын узак айыгышы, фурункулдардын пайда болушу.
  • Теринин жана былжыр челдин кычышы, кургашы.

 

Кант диабети – натыйжалуу дарыланат. Бардыгы сиздин колуңузда!!!!

  • Диетаны сактоо
  • Физикалык күч жумшоолорду аткаруу
  • Гликемияны контролдоо
  • Артериялык кан басымын конртолдоо
  • «Диабет мектебинде» окуу, өзүнүн оорусун башкарууну үйрөнүү. Өзүңөрдүн ден – соолугуңар үчүн эң негизги шарт.

 

Кант  диабетинин  кабылдоолору – Коркунучтуу!!!

Эгерде  пациент  сунуштарды  аткарбаса, тура эмес дарыланса, өзүнүн ден – соолугуна  көңүл бурбаса, кант  диабетинин коркунучтуу кабылдоолору өрчүшү мүмкүн.

  • Көрүү органдардын бузулушу, сокур болуп калууга алып келиши мүмкүн.
  • Бөйрөктөрдүн жабыркашы, бөйрөктү алмаштырууну талап кылышы мүмкүн.
  • Буттардын жабыркашы, ганренага жана бут – аяктардын ампутациясына алып келиши мүмкүн.
  • Чоң кан тамырлардын жабыркашы, инфаркт жана инсульттарга алып келиши мүмкүн.

 

Кант диабетинин кабылдоолорунун себебинен дүйнө жүзү боюнча жылына 1млн.дон ашык  буттардын ампутациясы жүргүзүлөт.

Кант диабети  бул  өнөкөт  ооруга  кирет.  Инсулин  гормондорунун   иштебегендиги  же жоктугуна байланыштуу кандагы  шекердин  деңгээли  белгилүү өлчөмдөн  ашып кетет. Бүгүнкү күндө статистика боюнча Кыргызстанда атайын каттоодон откон бейтаптардын саны 2021 жылга- 74810 миң адамды түздү. Анын ичинен Кант диабетинин 1 тиби – 2975,

КД 2 тиби – 71835.

Ал эми каттоодон өтпөгөндөр жалпы ооругандардын 30-40 пайызын  көрсөтөт. Кант диабети оор илдеттердин бири. Ал бир нече түргө бөлүнөт. Негизинен биринчи жана экинчи типтеги кант диабети көбүүрөк кездешет. Кош бойлуу кезде пайда болгон жана башка типтеги диабеттер да кездешет. Биздеги бейтаптардын көбү экинчи типтеги диабет менен жабыркайт. Пайда болуу себептерине, коркунуч факторлоруна 40 жаштан жогорку жаш курактагылар кирет. Андан тышкары, ашыкча салмак, кыймылдын жоктугу, тукум куучулук экинчи типтеги кант диабетин шарттайт.

Ал эми биринчи типтеги кант диабети менен 30 жашка чейинки жаштар ооруйт. Буга генетикалык өзгөчөлүк себеп болот. Ошондой эле ооруга стресс, депрессия, вирустук инфекциялар терс таасирин тийгизет.

Кош бойлуу мезгилде кездешкен кант диабетин жөнгө салуу үчүн кандагы канттын деңгээлин максималдуу түрдө нормага алып келишибиз керек. Кош бойлуу мезгилинде пайда болгон диабетке туура тамактануу сунушу менен  инсулин гана сайылат. Биринчи типтеги диабетиктерге инсулинден башка дары –дармек берилбейт. Буларда гендик өзгөрүү болгондуктан инсулини жок. Бирок, акыркы убакта туура эмес тамактануудан, фаст – фуддун кесепетинен ашыкча салмак кошулуудан улам жаштарда да экинчи типтеги диабеттин белгилери кездешип жатат.

Экинчи типтеги бейтаптарга негизинен таблетка берилет. Кээ бир учурларда инсулин берилиши мүмкүн. Анализдердин жыйынтыгында глюказанын жана гликацияланган гемоглобиндин  деңгээли ондон көтөрүлүп кетсе  жана башка анализинен боорунда, жүрөгүндө, бөйрөгүндө мандем болуп калгандыктан, буларга дароо инсулин сайылат. Кийин анализдери нормага түшкөндө кайра таблетка түрүндөгү препараттарга которуп койсо болот.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

16 − 14 =