Эл алдында сүйлөөдө эске ала турган айрым эрежелер

0
1552

Эл алдында сүйлөө, көпчүлүктүн көңүлүн өзүңө буруп, каршыңыздагы элди сүйлөп жаткан сөзүңүзгө ынандыра билүү, орундуу сүйлөп омоктуу ой айтуу да чеберчиликти талап кылат. Ал тургай ал жөнүндө кээ бир эрежелер да бар.

Эгер сизди көп адам көңүл коюп тыңшоосун кааласаңыз бул 6 эрежени аткарыңыз.

1. Сөзүңүзгө эч качан ушак-айың, жалган маалыматты аралаштырбаңыз.

2. Аңгеме жүрүшүндө бирөөнү талкууга алып, жөнү жок сындай бербеңиз. Сынчынын сыңар өтүгү майрык экенин эстен чыгарбаганыңыз жөн.

3. Көңүлүңүз чөгүп турса да, сөзүңүзгө жагымсыз кабар, негатив аралаштырбаңыз.

4. Өзүңүздү өзүңүз коргоп, мактап-жактап, меники гана туура дегенден оолак болуңуз. “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” деген асыл сөздү акылыңызга түйүп жүрүңүз.

5. Сөзүңүздү көбүртүп-жабыртып, экини төрт кылып айтпаңыз. Көбүртүп-жабыртып айтуу жалган менен эле барабар.

6. Көрбөгөнүңүздү көрдүм деп, укпаганыңызды уктум деп жалган маалымат таратпаңыз.

Сөзүңүз өтүмдүү болсун десеңиз бул 4 эрежени эстей жүрүңүз.

1. Жөнөкөй болуңуз. Биймин деп бийикте бийлигиңизге манчыркабай каршыңыздагы элдин деңгээлине түшө билиңиз.

2. Башка образга кирип, чыныгы жүзүңүздү көшөгөнүн аркасына жашырбаңыз. Мевлана айтмакчы: “ Кандай болсоң ошондой болуп көрүн же кандай болуп көрүнсөң ошондой бол”

3. Чындыкты жашырбаңыз. Платон өзүнүн устатына айткан экен: “Сен менин устатымсың, бирок чындык сенден да жогору турат” деп.

4. Каршыңызда тыңшап отурган элге махабат менен караңыз.

Махабат- бул жакшылык каалоо. Жакшы кабар таратуу, жагымдуу маалымат жеткизүү. Сизди тыңшап отурган каршыңыздагы адамдарга махабатыңыз болбосо, аларга ачылып сүйлөп бере албасаңыз, алардын да сизге деген махабаты болбойт, эң жаманы сизди тыңдагысы да келбейт.

Insan.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

18 − семь =