Эл душманы ким, элби же бийликпи?

0
17

Албетте, мындай суроо бекеринен пайда болгон жок. Анын үч себеби бар.

Биринчиден, “Мен элим менен” деген бийлик эли менен биргеликте эмне иш бүтүрдү же элине эмне иш кылып берип, анын жашоо турмушун жакшы жагына өзгөртө алды?:

  • күн санап гүлдөп өсүп жаткан коррупцияны жеңдиби?
  • күнүнө, эң аз дегенде, 10 – 15 – 20 жаранды зордуктап доого жыккан сотторду тартипке чакырып, алардын ишин кайра караттыра алдыбы?
  • арыктан жана дат баскан трубадан курт аралаш аккан сууларын тазалап берип, айыл жергесинин элдеринин сообуна калдыбы?

Албетте, алардын бири да аткарылган жок, бирок жообу даяр: “2014-жылы таза сууга 25 млн сом жумшалса, 2018-жылы 250 млн сом жумшалды, эми 15 жылдын ичинде 25 млрд сом жумшап айыл жергесин толук бойдон таза суу менен камсыз кылабыз” деп  күн сайын 5-чи каналда 5 жолу кайталап  отурушат. Бирок, ал ала көөдөн арзыматтардан сураган эч ким жок: “15 жылдан кийин ал таза суунун кимге кереги бар?” деп.

Экинчиден, эгемендүүлүгүн сактай албаган мамлекет катары 2010-жылы 27-июнда жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык биротоло борбордук башкаруу системасынан ажырап, элинин тагдырын батышчыл эштектердин колуна салып берген “каарман аял” РИО айымдын жетекчилиги астында жылына бир-эки жолу гэйпараддарды уюштуруп коюп, акысына бекер грант, жеңилдетилген кредиттердин эсебинен оокат кылып келебиз. Ал эми мамлекетти башкаруучу Президент, парламент, өкмөт, сот ж.б. жооптуу мамлекеттик кызматкерлер кайда? Штат боюнча алардын баары өз ордунда, бирок, иш жүзүндө, алардын эч кимиси эч нерсе чечпейт жана эч кимдин астында жооп бербейт. Бийлик өзү менен өзү алек. Эл өзү менен өзү алек. Биздин мындай жашоо шартыбыз мындан он жыл мурда референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияга ылайык “Парламенттик Республика” болуп калган. Аны дагы бирөө орто жолдон оңдоп койбосун деген таризде: “Бул Конституциянын жоболору 10 жылга чейин өзгөртүлбөйт” деп жазылып калган.  Эгерде бизге мындай жашоо-турмуш жакпаса, быйыл күзүндө боло турган парламенттик шайлоого чейинки убакытта ( 2 ай калды) Конституцияга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип, кайрадан Референдум аркылуу жаңы Конституцияны кабыл алууга мыйзам ченемдүү толук укугубуз бар. Аларды ишке ашырууга, албетте,  Президенттин жана парламенттин саясий чечимдери керек, б.а. алар эмне жана кандай кааласа ошондой болот. Бирок, реалдуу турмуш өзү көрсөткөндөй, алар азырынча Конституцияны өзгөртүүгө даяр эмес, б.а. парламенттин  жана Президенттин да бул тууралуу эч кандай ою да жана каалоосу да жок. Анткени аларга азыркы таптагы Кыргыз мамлекетиндеги баш аламандык, жоопкерсиздик жана өзүмбилемдик кадимки реалдуу күчкө айланып, алардын күнүмдүк жашоо-турмуш принциптеринин негизги доходуна айланып калган.

Үчүнчүдөн, мындай шартта, Кыргыз мамлекетин мамлекет кылган Кыргызстан элинин орду, укугу, эркиндиги, салт-санаасы, мүдөөсү. каалоо тилеги кайда? Жок. Алар ал Конституцияда каралган эмес.

2010-жылы кабыл алынган Конституцияда: “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир бутагы болуп саналат” деп жазылып турат.

Бул жобо түпкүлүгүндө туура эмес! Анткени Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин бир бутагы эмес – мамлекеттик бийликтин жалгыз гана ээси жана мамлекеттин эгемендүүлүгүн камсыз кыла  турган жалгыз гана күч. Ал – Кыргызстандын эли! Бирок ал Конституцияда каралган эмес.

Ошол себептен батышчыл эштектер кыргыз элин алдап, элди партияга алмаштырып, партияны элге жармаштырып(4-чү берене), бийликти биротоло саясий шылуундарга берип койгон. “Биз парламенттик Республикабыз, биз парламенттик демократияны куруп жатабыз” деген шылтоо менен алар беш жылда бир бийлик талашып, элдин укугун пул катары пайдаланып, өз билгендерин кылып  жүрүшөт. Албетте, бул система АКШнын Мамдепи тарабынан атайын даярдалып, кыргыз элинин кадимки чыккынчы  либерал-демократтары “Отунбаева & Текебаев Ltd”  фирмасы аркылуу кабыл алынып, мыйзамдаштырылган диверсия экенинде эч кимдин шеги жок.

Буга чейин тар чөйрөдө менчиктештирилген бийлик эгелери тигини-муну жамандап, колунан келбеген иштерин тиге же буга шылтап коюшуп, өзүлөрүн “кой оозунан чөп албаган” периштелерге теңеп, акыры бара турган жолун биротоло тазалап алуу максатында 2020-жылдын 3-июль күнү Кыргыз Республикасынын  аракеттеги Президенти тарабынан “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө”  жарлыкка кол коюлду. Жарлыкка ылайык парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалды. Ошентип, бийликтин “мен элим менен”  деген эски бетпардасы биротоло сыйрылып,  “кана эми, мени шайлоочу менин элим кайда?” деген суроону  парламенттин колуна карматты.

Бул жүрүш, ким билет, азыркы президенттин акыркы жүрүшү болуп калабы же дагы башка варианттары болушу мүмкүнбү, айтор, эмне болгон күндө дагы бул бийликтин биринчи күндөн баштап ээрге кантип минип баштаган    иштерине кайрылып,  жооп издеп көрөлү:

  1. Бул бийликтин биринчи жүрүшү — 2017-жылдын 24-ноябрында жаңы шайланган Президент мырза ант берип жатып: “Мен Кыргыз Республикасынын Президенти катары ишке киришип жатып эң биринчи кезекте Алмаз Шаршенович Атамбаевдин Кыргыз мамлекетине сиңирген зор эмгегин баалап ага Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам беремин!” деген опурталдуу убададан башталды.
  2. Экинчи жүрүшү — 2018-жылдын 8-февралында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында: “Мен коррупцияга каршы күрөштүн башатында турам. Бул күрөштө эң башкы күч – Президенттин саясий эрки. Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын”,- деген жалындуу сөзүнөн башталып, аягы президенттикти алып берүүгө зор салым кошкон эски досун каматып, болгон мүлкүн толук бойдон конфискациялоого чейин жетишти. Орустар айткандай, хотя, коррупцияга шектелген Бишкек ЖЭБинин реконстркукциялоо иштери, чын-чынына келгенде, ошол кездеги Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков мырзалардын да тыкыр көзөмөлүндө болуп, алардын мамлекеттик жетекчилер катары персоналдык жоопкерчилиги астында гана ишке ашырылышы мүмкүн экени айныгыс факт катары бардык расмий документтерде белгиленген.
  3. Үчүнчү жүрүшү — 2019-жылдын март айында соттордун XI курултайында: “Соттор, Кудайдан корккула, тозокко түшүп каласыңар!” деп чын ыкласы менен сотторду коркутту, бирок ал адамдын ыкласы мыйзамда каралган эмес. Ал эми соттор болсо аракеттеги Конституция боюнча өзүлөрү өзүлөрүн тандап, шайлап алышып, аны Президентке көрсөтүп кол койдуруп алышат да билген боткосун чалып жүрө беришет. Президент болсо өзүнүн түз милдетин Кудайга тапшырып коюп, “Биз сот реформасын жүргүзүп жатабыз” деп, өзү менен бирге жүргөн “дежурный элине” беш убак намазын окуп турат.  Эгерде бирдеме болсо: “ Ал мен эмес, ал мыйзамдарды убагында Убактылуу өкмөттүн убактылуу адистери кабыл алган” деп элин Отунбаева менен Текебаевдин  “ак эмгектерине” шылтап коюп жүргөнүнө, мына, быйыл үч жылдын жүзү болду.
  4. Төртүнчү жүрүшү – элдешкис эски досун каматыш үчүн аны экс-президенттик макамынан ажыратуу максатында кайра артка иштебей турган мыйзамды Жогорку Кеңеш аркылуу иштетип, укук коргоо жана күч органдары тарабынан юридикалык нонсенс жаратканга чейин барды. Албетте, анын баарын бул жерде айтып отуруунун эч кандай кажети жок, анткени алдыдагы сөзсүз  боло турган эл аралык апелляциялык комиссия (Гаага процесси) жана кыргыз элинин жаңы тарых барактары да өз баасын берери шексиз…
  5. Бешинчи жүрүшү — 2019-жылдын 2-ноябрында Президент мырза, салт болуп калгандай, “Ала-Арча” мамрезиденциясында ЖМКлардын жетекчилери менен кезектеги жолугушуусунда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кынтыксыз аткарылган кызматтары үчүн карызын кайрып берүү максатында: “Менин ыйгарым укуктарым кеңейтилбейт, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилбейт, парламенттик шайлоо өз убагында өтөт. Раимди мага жармаштырбагыла. Мен эл менен биргемин.  Биздин өлкөдө парламенттик башкаруу формасы өкүм сүрөт, парламенттик башкаруу системасын өнүктүрүшүбүз керек” деп алгачкы позициясын тастыктап алды. Ага ылайык Президент мырза экс-спикер иниси баш болгон партия лидерлеринин жетегинде жана бажы досу баш болгон олиигархтардын колдоосунда, кыргызча образдуу айтканда, “эт менен челдин ортосунда” буферная зона катары өзүнүн жылуу-жумшак орду бар экенин айгинелеп,  мындан ары билгениңерди кыла берсеңер болот деген таризде коргонуудан чабуулга өткөнүн билдирди.

Ал эми кыргыз эли болсо илгертеден бери аксакал карыясынан баштап жаңы төрөлгөн наристесине чейин ак көңүл, жоомарт жана ишенчээк келет эмеспи. Ошол себептен ал азыркы бийликке да ишенип, анча-мынча кетирген кемчичликтерин кечирип, катасын оңдоо иретинде гана күн сайын Президент мырзанын өзүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөт мучөлөрүнө ж.б. мамлекеттик кызмат жетекчилерине, Жогорку Сот, Прокуратура ж.б. укук коргоо жана фискалдык кызмат органдарына жазган кайрылуу, өтүнүч, сураныч каттарынын саны үч жылдын ичинде бир миллиондон ашып кетти. Ар бир жабыркаган үй-бүлөөдө орто эсеп менен 4 — 5тен эле киши болгондо да, азыркы бийликтин адилетсиз кызматынан жабыркаган жарандардын саны алты миллионго жетип калды.  Мисалы, алардын ичинде:

  1. 2018-жылдын июль айында белгилүү Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев Президент мырза Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча Жогорку Кеңештин сессиясындагы коррупцияга каршы күрөшү тууралуу айткан сөзүнөн улам С. Жээнбековго кайрылган эле: “Уважаемый Сооронбай Шарипович! Коррупция, с которой Вы начали беспощадную войну, проникла в сферу образования и культуры, в изучение эпоса “Манас” и госязыка, в охрану здоровья материнства-детства. Хотел бы встретиться с Вами с глазу — на глаз, показать Вам проект Конституции, составленный на основе Всенародного Собрания (Курултая). При личной встрече Вы обещали принять меня. Жду…

С уважением и надеждой Мар Байжиев”. Ал киши азыр дагы күтүп отурат: “Качан мени чакырып, менин кеп-кеңешимди угат?” деп.

  1. 2019-жылдын июнь айында белгилүү экономика илимдерини доктору Айылчы Сарыбаев Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтыгы тууралуу: “Кыргызстан өзүнүн тегерегиндеги өлкөлөр менен ар кандай деңгээлдеги саясий-экономикалык байланыш түзгөн сайын “канча сомго пайдасы бар, канча сомго зыяны болот?” деген суроону токтотуш керек. Бул баягы жарды, жалчы адамдын кошунасынан жалдырап тамак сураган менен барабар. Ошондуктан өз алдынча мамлекет деген сөз – өз алдынча экономикалык жактан эркин, өзүбүздү өзүбүз бага ала турган өлкөбүз деп иш башташыбыз керек. Ошол өзүбүздүн өлкөбүздү өзүбүз багыш үчүн тегеректеги өлкөлөр менен ар кандай деңгээлдеги саясий, маданий, экономикалык байланышты өнүктүрүү жана туруктуулукту бекем сактоо дегенди түшүндүрөт” деп.
  2. Өткөн июль айынын акыркы күндөрүндө “Факты” гезити аркылуу белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз элинин чыгаан Уулу Исхак Раззаков менен чогуу иштешкен, ардактуу профессор Ильяс Жусубалиев карыябыз элге жана Президент мырзага кайрылып: “ Өз элимдин патриоту катары айтайын дегеним,- адамзаттын генийи Карл Маркстын: “Жоголгон убакыт алтындан кымбат” – деген гениалдуу сөзүн эске алып, КР Президенти урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбеков саясий эрки менен убакытты текке кетирбей, жоопкерчиликти өзүнө алып, көп улуттуу мамлекетибиздин, эли журтубуздун келечеги үчүн мамлекеттин башкаруу системасын түп тамырынан бери кайра түзүү боюнча Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө бүткүл элдик референдум өткөрүү маселеси менен калкыбызга кайрылса, акылман элибиз жапа тырмак колдомок. Антпесе, учурда бири-бирин кайталаган өкмөттүн аппараты, Жогорку Кеңеш өзүнүн функционалдык милдетин так аткара албай, ар бир сессияда депутаттар тарабынан оош-кыйыш сын-пикирлер айтылып жатканы коомчулуктун колодоосуна ээ болууда. Андыктан, КРнын Министрлер кабинетинин аппаратын, президенттик аппарат менен бириктирип, аткаруу бийлигинин башында президенттин өзү болгону максатка ылайык деп эсептеймин” деп.

Бүткүл кыргыз эли сыйлаган ушул инсандарыбыздын жана алар менен бирге калемдеш, кызматташ, тагдырлаш болуп жүргөн улуу жана орто муундагы замандаштарыбыздын, алардын  ичинде  —  Бексултан Жакиев, Турсунбек Чынгышев, Асан Жайлообаев, Жумагул Сааданбеков, Кусейин Исаев, Түгөлбай Казаков, Султан Раев сыяктуу кыргыз элинин сыймыгы, дөөлөтү жана рухий дүйнөсү болгон  дагы канча миңдеген алардын  тарапташтары күн сайын, саат сайын бийлик өкүлдөрүнө кан какшап айтып келишет:  “Биз  —  Улуу кыргыз элине гана таандык Улуу Жыйындын негизинде түзүлгөн дүнүйөкорлук эмес, рухий дүйнөсү бийик жана ниети таза коомдо гана жашоого толук моралдык укугубуз жана адамдык касиетибиз бар. Жада калса, Жараткан өзү тартуулаган бейиштин төрүндөй чалкыган Ысык-Көлүбүз, асман тиреген Ала-Тообуз түгөнгүс байлык экенин даңазалап, төкпөй-чачпай, чып-чыргасын коротпой бүгүнкү жана эртеңки өсүп келаткан уул-кыздарыбызга, небере-чөбүрөлөрүбүзгө керээз катары түбөлүккө калтырышыбыз  биздин ыйык милдетибиз!” деп.

Бирок бийлик элдин мындай мүдөөсүн укмак турсун, көңүл буруп окуп коюуга да жараган жок. Анткени, түшүнүктүү, аларга анын кереги жок.

Мындай шартта, өзүңүздөр көрүп тургандай, айтылуу бийликтин айтылуу саясий эрки күнүмдүк көр оокаттан өйдө көтөрүлө албасын дагы бир жолу тастыктап койду.  Демек, алдыдагы парламенттик шайлоо — мамчиновниктер менен базарком-партком-олигархтардын диктатында калган шордуу кыргыз элинин кекиртегине такалган канжар катары гана жалаңдап турганы – бул бийликтин негизги максаты эмнеде экенин турмуш өзү  көзгө сайып көрсөтүп турат.

Бул жерде, менимче, элинин мүдөөсүн, аруу тилегин билген,  түшүнгөн бийлик эгелеринен Кудай бизди бул жолу да кур калтыргандай…

Мисалы, байыркы инди элинин улуу инсан уулу Махатма Ганди  Улуу Британиянын жетегинде эзилген шордуу элин мезгилсиз митингге алып чыгып, тынчтык жолу менен элинин биримдигин сактап, мамлекеттин эгемендүүлүгүн камсыз кылууга жетишкени маалым. Балким биздин куттуу элде да бардыр ошондой  чыгаан уул-кыздары, инсандары…

Ошол себептен, бул жолу, менимче, эл эч кимге сатылбайт.

Анткени, менин орус кошунам Андрей айткандай: “Послушай, Турусбеков, Вы же мудрый народ, так, зачем и кому нужен этот пир во время чумы?” деп.

Мен ага: “Видишь ли, друг мой Андрей, каждому свое. Человеку без морали действительно всеравно, чума или не чума во дворе. Ему лишь бы прийти к власти, чтобы была возможность грабить и разбогатеть. А тому, кто завтра продаст свой голос и свое право быть достойным человеком, тоже всеравно, лишь бы набить свой карман сомами или другой валютой да нажраться вдоволь задарма!..” деп.

Албетте,  биздин бир ууч мамчиновниктар менен алардын жээк-жааттары болсо боршайком менен бүткүл Кыргызстандын шайлоо округдарын штурм менен алган күндө дагы — алардын саны ашып кетсе 200 миңден ашпайт. Бирок алар барын оңдоп, тууралап коюшу мүмкүн…

Мындай шартта, албетте, элди уже токтото албайсың. Анткени момун эл бир козголбойт, бирок бир козголсо аны токтотуу уже мүмкүн болбой калат.

Бул жерде дагы бир айтып кете турган нерсе: Кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүү иштери боюнча конкреттүү иш-чаралардын ордуна биздин сенек бийликтин:  “Эми бизди кудай-арбактар колдосун” деген популистик  чакыруусу менен ансыз да кабыргасы кайышып турган шордуу элибиздин тагдыры тиги дүйнөдөгү шейит кеткен мекендештерибиздин мойнуна илинип калды.

Анын ордуна ишкер бийлик болсо ишсиз жүргөн запастагы кесипкөй дарыгерлерибиздин армиясын мобилизациялап, медишканаларда дайыма жетишпей жаткан кенже медайымдардын  персоналын учурдун талабына ылайык антивирус технологиясын колдонуу боюнча кайра даярдаттырып,  депутаттыкка жулунбаган олигархтардын сунушу боюнча алардын акчасына заманбап оорукана, госпиталдарды курдуруп, илим-билим тармагында ишсиз жүргөн инициативалык жаштардан турган волонтер-демилгечилерди ишке тартып, эл арасында өтө эле өөрчүп кеткен өлүм-житимдерди өз убагында ооздуктап, анын алдын ала уюштуруу жана каржылоо иштерин колго алсак болот беле?

Албетте, болмок, бирок бийлик үчүн элдин ден соолугу  жана анын жашоо-турмуш кызыкчылыгы эмес – алдыдагы парламенттик  “шайлоо-бизнестин” кызыкчылыгы жана ага байланыштуу  базарком-партком-спонсор олигархтардын алдында берген убада-гарантиясы, турмуш өзү көрсөткөндөй, бул жолу да приоритет катары толук бойдон ишке ашарында эч кимдин күмөнү деле калган жок.

Демек, мындай шартта, иш жүзүндө, өз элине каршы турган ким болушу мүмкүн:

  • өз эрки менен өз башын өзү отко түрткөн шордуу элби?
  • же ошол элди алдап, “мен сени жыргатам, мен тигини кыйратам” деп коомчулукту бири бири менен кайраштырып, кармаштырып коюп, өз билгенин кыла жүргөн бийликпи?

Кеп ошондо!

Терең урматым менен! –                                            Карыбай Турусбеков

тел. 0704 200612

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двенадцать + 7 =