Эл пикир: Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча рейтингде 148-орунду ээледи

0
1386

Эркиндикке жетүүнүн эң башкы куралы сөз эркиндиги болуп саналат эмеспи. Акыркы учурларда эркиндикке жеткирүүчү сөз эркиндиги басмырланып жаткандыгына нааразычылыктар арбын болууда.  Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу сөз эркиндиги бизде кудайга шүгүр эле. Бирок, 2015-жылга болгон сөз эркиндиги боюнча рейтингде 199 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 148-орунду ээледи. 2014-жылы 147-орунду ээлеген эле. Бул көрсөткүч Кыргызстан эркин өлкө эмес дегенди билдирет. Чын эле  Кыргызстан сөз эркиндигине жетише албай келеби деген суроо менен аркыл тармактын өкүлдөрүнө суроо салдык.

Балбак Түлөбаев, саясый серепчи: “Баш кесмек бар, тил кесмек жок.”

БалбакСебеби баардык жеке басылмалардын ээлеринин жеке кызыкчылыктары алардын бийлик менен болгон мамилелери. Биринчиден, кыргызчылык. Экинчиден, бийлик бутактарындагы кызматкерлердин канча жылдардан бери калыптанып калган “мен мен” деген өзүмчүлдүгү. Үчүнчүдөн, коомчулук мыйзамдын диктатурасын эмес, жеке кызыкчылыктын диктатурасын каалап калуусу. Эң негизгиси коом менен кошо аң сезим өзгөрүү керек. Кыргызда илгертен, “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген сөз бар. Ошол үчүн басма сөздү муунтуу-бул бир гана бийликтин саясий эркине байланыштуу.

Адиль Турдукулов, жаңы муун кыймылынын өкүлү, “Прогресс” коомдук фондунун төрагасы: “Азыркы бийликтегилер өздөрү көтөргөн идеялардан баш тартышты.”Адиль

Чынында Кыргыз мамлекети сыймыктана алган бир нерсе бар, бул сөз эркиндиги. Бул албетте коңшу мамлекеттер менен салыштырмалуу түрдө. Өзгөчө 2010-жылдан кийинки окуядан соң, бул жаатта жакшылык жакка кескин өзгөрүү болот деп күткөнбүз. Бирок , андай болгон жок. Тескерисинче ММКга кысым күчөй баштады. Буга мисал, кылмыш кодексине 329 берененин киргизилиши болду. Эркин басылмаларга рейдерлик басымдар боло баштады. Журналисттерге жана саясатчыларга асманга теңелген суммада доо-арыздар түшө баштады. Бул албетте Ак- үйдүн саясаты. Азыркы бийликтегилер өздөрү көтөргөн идеялардан баш тартышты. Буга биз колдон келген туруштукту көрсөтүшүбүз керек.

Өмүрбек Абдрахманов, ЖКнын депутаты: “Атамбаев жана анын тегерегиндегилер чөнтөк соттору аркылуу журналисттерди соттой баштады.”66618

Кыргызстан качан  демократиялык система курганда гана  сөз эркиндиги болот. Азыркы авторитардык-советтик система бийликке келиш үчүн сөз эркиндигин жактайт, келгенден кийин мурунку президенттердей эле сөз эркиндигин муунта баштайт… Азыр да Атамбаев жана анын тегерегиндегилер чөнтөк соттору аркылуу журналисттерди соттой баштады.

Бек Борбиев, Кыргыз эл артисти: “Сөз эркиндиги болуш үчүн бийлик таза болуш керек.”Бек-Борбиев

Кыргызстанда  коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги шүгүр эле. Антсе да бийлик же бийликке каршы болуп дале да болсо бөлүнүп, бири-бирин кысып келет. Сөз эркиндиги болуш үчүн бийлик таза болуш керек.

 

Осуят Осмонова

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемнадцать − восемь =