Эл “Райымга ырайымдуулук болбошу керек” дейт, бийликчи?

0
10

Бул жуманын урунттуу окуясы, кала берсе тарыхта Кыргызстандын демократиялык өсүшкө карай өр алган жылдарындагы эң чоң коррупциялык, керек болсо Кумтөрдөн да ашып түшкөн акча “адалдоо” аракети катары калып кала турган окуясы, бажы тармагынан сыртка чыгарылып кеткен 700 млн.доллардын амалдуу изи болду окшойт. Бул окуялар кечээ эле пайда болуп же коом аны азыр эле аңдап жаткан жери жок. Айтылып, делинип келе жатканына көп эле жылдар болду. Бирок, “ажыдаардын башын алам деп барып, ажыдаарга айланып кеткен” сыңары, бажы тармагындагы уюшкан коррупциялык аракеттердин башында турат делген “Раим миллион” кайманы аты менен белгилүү Райым Матраимовдун аты канчалык күн санап күчөп айтылып келген менен ага карата болгон ар бийликтин аракети суу кечпей кала берүүдө. Мына ушундан уламбы, коом болуп көрбөгөндөй чыңалууга жеткени байкалууда.

Мындан мурдараак “Азаттык” сайтынын аракети менен “Бажыдагы миллиондордун изи” деген аталыштагы иликтөөсү чыгып, анда Райым Матраимовго байланыштуу бажыдагы коррупциялык аракеттердин чети ачылган. Коом бир силкинип барып токтогон. Бийлик териштирүүлөрдү жүргүзүп, айрым “райымчыл” журналистер анын бетине көө жабуудан тазалоого өткөн. Бийлик билмексенге салып, “Азаттыктын” ал иликтөөсүн чийки катары, далилсиз жагдайда караган. Арадан аз убакыт өтпөсө да, ал ортодо ар кандай жагымсыз окуялар чыгып кетти. Дал ошол изилдөөдөгү аты аталып, “Кыргызстандан 700 млн.доллар чыгарып кетти” деген Түрк жараны Айэркен Саймаиттини атып кеткени кабарланды. Менимче, “Азаттыктын” иликтөөлөрүнүн аягына чыкпай калышына бул окуя чоң таасир берди. Эмнегедир Саймаиттинин өлүмүнөн соң, аз убакыттын ичинде “Азаттык” кайрадан Матраимовго тиешелүү айтылып келген акчалардын изинин экинчи бөлүгүн жарыялап, анда атылып кеткен Айэркен Саймаиттинин жеке өзүнүн тастыктоосу менен айтып берген тасманын да болушу артыкчылык жаратты. Буга чейин “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов биринчи иликтөөсүнөн кийинки, ага карата айтылган айыптардын алдында, Райым Матраимовдун депутат агасы Искендер Матраимов менен болгон теледебат беттешүүсүндө далилдүү документтер бар экенин ырастаган болчу. Кыязы, “Азаттык” Айэркен Саймаитти менен болгон телефон видео аркылуу сүйлөшүүсү мына ошондо эле болсо керек. Анын атылып өлтүрүлүшү да ушул жагдайларга байланышы болушу толук мүмкүн. Анын бажы аркылуу чыгарып кеткен миллиондорду видео аркылуу айтып берип жатышы, чыгарып кеткен тараптагылар үчүн фактынын туу чокусу болмок. Демек, Айэркендин өлтүрүлүшүнө Кыргызстан тараптагылардын күнөөлөнүп жатышы жөн жай эмес шекил. “Азаттыктын” ал кайрылууну, изилдеп жаткан материалдарын Айэркендин өлүмүнөн кийин гана чукул чыгарып жибериши да жөн  эмес.

Эмнеси болсо да Айэркен акыркы сөзүн “Азаттыка” айтып кетиптир. Керек болсо өз оозу менен 700 млн.доллар акчаны алып чыкканын да бекемдеп, ага Матраимовдун тийиштиги бар экенин да айтыптыр. Мына ушундан соң буга чейин табышмактатып, таза көрүнгүсү келген  Матраимовдордун жана аны жактаган тараптардын оозун баскандай эле кылды. Буга улай Коопсуздук кеңеши да чындап эле Кыргызстандан андай суммадагы акча сыртка чыгарылып кеткенин тастыктады. Муну менен бул окуянын этегине чекит коюлуп, күнөөлөнүп жаткан Райым Матраимов чындап бул иштерге аралаштыгы болгон деген менен бүткөн жок. Анын ээси, тагыраагы “уурунун” ким экендиги азырынча анык боло элек. Ушундай жагдайданбы же буга чейинки бийликтин шалаакы мамилесине чындап көздөрү жеткендиктенби сыртта кар жааганына карабай жети дубан эл чогулуп,  Ак үй алдына “Коррупцияга каршы” митинг өткөрүүгө жетишти. Колдоруна Райым Матраимовдун сүрөтүн кармап “Уурулар камалсын” деген ураан ташташты. Миң деген жарандардын ал үнү Ак үйдү жаңыртып турду.

Эми бийлик тарап кандай кадамдарга барат, ал азырынча арабөк абалда. Бийликчил же трайбализмди жектеген тараптар, айрыкча жазмакер тараптар бул иликтөөнүн жарыяланган күнү эле ат тезегин кургатпай, артынан атайын даярдалган чукул иликтөөлөрүн кылып, Райымдын “раазычылыгын” алгандай таасир жаратышты. Коомдун тепкисине калышты. Бийлик да билмексен тартып, бир топ саясий серепчилер “саясий өлүккө” же “туткунга” калышкандай эле болду. Ошентсе да, жөнөкөй жарандык активист, блогер, жерналистерден тышкары өз оюн таза айтып, акты ак, караны кара дегендер да болду. Алардын арбын бөлүгү Райым Матраимовдун бул иштерде катыштыгы бар экенине бөркүндөй эле ишенишээрин билдиришкен.

Жаш саясатчы, “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Райымбек Матраимовго байланыштуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жатканын, бул иштерде бийлик таза териштирүү аракетине барса элден алкыш эле алаарын айтат.

-“Иликтөөдөн кийин бийлик бажы тармагындагы коррупция менен күрөшүүгө, тийиштүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бийлик муну пайдаланып кетсе, калктын алкышын алат, болбосо элдин убалына калат», — деди Молдокматов.

Матраимовдордун ишине байланыштуу бул окуя ЖК тарабынан анчейин колдоого алынбагандай түр көрсөтүп, коррупцияга каршы алардын “аппетити” болбогонун эле көрсөттү. Ошентсе да, арасынан айрымдары коомдук пикирлерди кубаттоого алып чыкты. Бул теманы активдүү талкуулагандардын бири  депутат Дастан Бекешев  өзүнүн расмий сайтында коомчулукту унучукпай отура бербөөгө жана төмөнкүлөрдү талап кылууга чакырды:

1) Райым Матраимов камакка алынсын;

2) Укук коргоо органдарынын баардык жетекчилери кызматтан алынып, алардын ордуна ишенчиликтүү адамдар дайындалсын;

3) Расмий иликтөөлөр жүргүзүлсүн жана көмүскө акчаларды чайкоого тиешеси барлардын баары жоопко тартылсын;

4) Журналисттердин коопсуздугу коргоого алынсын.

Ал эми депутат Абдувахаб Нурбаев бул аракеттерде өкмөттүн, күч түзүмдөрдүн аракети жогору болуш керек экенин айтып, алардын мындай иштерге болгон мамилеси “Азаттык” сайтынан төмөн болуп жатканын кошумчалады. “Президентибиз айтты эле, факты, факты менен  бергиле деп, мына факт”-деди Нурбаев.

Матраимовго байланышкан бул иштердин этеги эмне менен бүтөөрү азырынча табышмак. Коом бийлик тарап мындан туура тыянак чыгарат деп үмүт артпай тургандай. УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Маматканов: “Журналисттер өз ишин жасап, бийлик алдына суроолорду коюшту. Эми бийлик өз ишин аткарып – иликтөө жүргүзүп жана толук жоопторду бериши керек. Унчукпагандык – макулдуктун белгиси жана иликтөөлөрдөгү баардык шектенүүлөр боюнча күнөөнү мойнуна алгандыкты билдирет. Мына так ушул кезде бийлик өкүлдөрү унчукпай отурбай, болушунча ыкчам иштеп, жоопторду бериши керек, — деген ойдо. Азырынча УКМК 700 миллиондук чырга байланыштуу Матраимов сурак берээрин билдирүүдө. Бирок, суракты кимдер гана бербеген, кимдер гана кургак чыгып кетпеген. Абай салып туралы, алдыда айтчу сөздөр арбын болуп калаар.

«Факты кж»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

13 − 1 =