Бүгүн Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Бишкек шаарынын мэринин 8-март аялдардын эл аралык майрамынын урматына салтанаттуу майрамдык иш чара өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү.
Салтанатка СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева баштаган, элибизге өздөрүнүн ак эмгектерин арнаган Роза Айтматова, Чолпон Баекова, Шарипа Садыбакасова, Жаңыл Түмөнбаева, Саламат Садыкова, Роза Акназарова баштаган жана борбор калаанын баардык тармактарынын мыкты айымдары катышты.
Алгач сөз алып сүйлөгөн Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ар жылы жазда көк чыга баштаган маалда бул майрамды белгилеп каалоо-тилектерди билдирүү жакшы салтка айланганын айтты.
“Сиздер менен майрамдык маанайда жолугушуу, өзүбүздүн жүрөктөн чыккан жылуу сезимдерибизди, мамилебизди, урмат-сыйыбызды жана каалоо-тилектерибизди билдирүү жакшы салтка айланды. Сиздерге майрамды гана утурлай эмес күн сайын, саат сайын, дайыма урмат-сый көрсөтүү, кадырлоо, камкордук көрүү биздин ыйык парзыбыз, милдетибиз болуп саналат. Аял-затынын сулуулугунун, улуулугунун, мээримдүүлүгүнүн жана касиеттүүлүгүнүн символу болгон 8-март майрамыңыздар менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын” –деди калаа башчысы.
Майрамдык иш чара концерттик программа менен коштолуп, айымдарга мэрдин атынан белектер тапшырылды.