Эмил Абдыкадыров, “Нур строй” курулуш компаниясынын башкы директору: “Азыр Кытай мамлекетинен башка өлкө биз үчүн мынчалык чоң инвестиция салбайт»

0
57

Нарын облусунун, Ат-Башы районуна эркин экономикалык аймакта логистикалык-индустриялык борбор куруу аракети кызуу жүрүп жатат. Аны Кытай Эл Республикасынын ишкерчилик чөйрөсү менен Кыргызстан тараптын ишкерлери ишке ашырууда. Бул долбоорду ишке ашырууга кыргыз тараптан жеке ишкер, куруучу жана меценат Эмил Абдыкадыров бел байлоодо. Жеке ишкерге бир катар кызыктуу суроолор менен кайрылдык.

Эмил Мырзакулович, бүгүн баарыбызды ойго салган нерсе бул Кыргызстаныбыздын келечеги болуп жатат. Сизди ушул кезде эмнелер  түйшөлтөт?

— Көйгөйлөр, кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрүү жөнүндөгү ойлор мени көп ойго салат. Кыргыз элинин турмушу, экологиясы, жалпы эле инвестициянын, ааламдашуу алкагындагы адамзаттын аң-сезиминин өзгөрүшү сыяктуу маселелер мага көбүрөөк кызыктуу болуп калды. Анткени, турмуш өзгөрүүдө. Улуу муундагылар, орто муундагылар, жаштар менен да көп баарлашам. Аксакалдар “жаштар мындай, жаштар андай болуп кетти” деп кейип калышат. Менимче, алар жаштарга түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Себеби, дүйнөлүк тенденция ушундай. Жаңы технологиянын заманы болуп жатат. Глобализацияга баратабыз. Демек, биз заманга жараша өзгөрүшүбүз зарыл. Жаштар заманга жараша өзгөрүүдө. Ал эми бизге окшогон улуу муундагылар ошону түшүнүп, кабыл ала албай жатабыз. Мен муну жаштардын эмес, улуу муундун трагедиясы деп айтам.

—Жаштык жалын курак кезиңиз кызыктырат, бүгүнкүдөй ийгиликтерге оңой эле жете калбасаңыз керек.

—Ооба, баардык ийгилик оңой келбейт. Жаш курагыбыз ары кызыктуу, анан калса кыйчалыш кыйын күндөр дагы болбой койгон жок. Кыйын күндөрүмө деле эч өкүнбөйм. Себеби, ал учур мени курчутту. Жаманын билбесең, жакшынын кадырына жете албайсың. Биз беш бир тууганбыз. Үйдүн эң кенжесимин. Мен 10-классты аяктаган жылдары атабыздан 55 жашында айрылып калдык. Калдайган карааныбызды, тообузду жоготуп алдык. Албетте, атанын өз орду бар экенин турмуштун кыйын күндөрү көрсөттү. Апабызды тирек кылып, бир туугандар белибизди бек буудук. Жаштыктын өрттүгү менен башынан окуйм, билим алам деген изги тилектерди ишке ашыруу үчүн шаарга жөнөдүм. Улуттук университетинин  математика адистигине тапшырдым. Агаларымдын баары дал ушул адистик боюнча бүтүшкөн эле. Агайлардын бири агамды тааныйт экен.  “Эмне Абдыкадыровдун баары эле математик боло бересиңерби, кийин айылга барсаңар орун талашып каласыңар го, башка жагына эле тапшырбайсыңбы, сен физик болбойсуңбу ”-дегенинен, физика жагына тапшырдым. Ачыгын айтыш керек, өтпөй, бир сабагыман кулап калдым. Эми ал кезде тааныш-билиш деген, акча берет деген жок, баары өз күчүң менен. Анан политехке тапшырып, кечки бөлүгүнө өтүп кеттим. Кечкисин окуп, күндүзү иштеп жүрдүм.

—Студент болсоңуз эмне жумуш жасадыңыз?

—“Суфес” деген энерго курулуш ишканасында  эртең мененки 8ден кечки 5 ке чейин бетон куюп  иштеп жүрдүм. Кечинде сабагыма барам, ал жерден 11де чыгам дагы, ичинде 10дон ашык китеп салынган  килтейген сумкемди көтөрүп алып Канттагы эжемдикине жөнөйм. Андан башка аргам жок. Шаарда жата турган тууганыбыз да жок эле. Эне деген бала үчүн эмнени гана кылбайт. Кыйналып жүргөнүмдү көрүп, “балам, же үстүңдө кийгенге пальтоң жок болсо, жашаган үйүң болбосо, кыйналып жатасың, угуп жатам, алып кетем”-деп калды, болбой көгөрүп жүрүп окуумду ийгиликтүү аяктадым.

—Анан, окууну бүтүп, өз кесибиңиз менен эле иштей баштадыңызбы?

—Чынын айтайын, 5 жыл көчөлөрдү тазалап, шыпырып (дворник) иштедим. 2 жыл сантехник, мастер, инженер, башкруучу, айтор ушинтип олтуруп  вице-мэрликке чейин 17 кызматты басып өтүптүрмүн. Айтор, баардык баскычтарды 1 жыл, 1,5 жылдан иштедим.

—Вице-мэр болуп иштеп турганда жеке өзүңүздүн демилгеңиз менен шаардыктар үчүн кандай жакшы иш жасай алдыңыз эле?

—Мен сыймыктануу менен ириде шаардагы электр энергиясын коррупциядан арылтууда аябай аракет кылгандыгымды айта алам. Электрди уурдагандарды жоготконго көп күч жумшадым. Депутаттардын, министрлердин, чиновниктердин кафе, ресторандарынын уурдоолорун кармап, 100миңден 300 миңге чейин алардын чиновник экенине карабай, өзүм башында туруп, айып пул салдырып, мэриянын бюджетине көп акча төктүрдүм. Төрт райондун акимин, УКМКнын өкүлүн, прокуратуранын кишилерин, электриктерди жаныма алып барып, ошолордун көзүнчө аларга салык салып туруп, бир күндүн ичинде 1 миллион акчаны дароо ошол күнү өндүрүп келип туруп, мэрдин алдына койгон күндөрүм болгон. Ошолордун баары чоңдор болчу. Баары тартипке келген. Бул биринчиси, экинчиси шаардагы маршруттук  таксидеги коррупцияны ирээтке келтире алдык. Себеби, шаардагы каттап жаткан маршуруткалардын баарынын ээлери чоңдор болчу. Мүмкүн азыр деле ошондой. Бир маршрутканы токтотсоң эле, дароо телефон менен өзүнүн “крышасына” чалат. Алардын бири министр, бири прокурор, бири депутат болуп чыга келет. Мына ошолордон коркпой, кимисинин чалган крышасына карабай туруп, каттамдык лицензияларын токтотком.

-Эмил Мырзакулович, сөзүбүздү кичине башка нукка бурсак. Сиздин аракетиңиз менен келип жаткан Кытай инвестору кура турган Ат-Башыдагы логистикалык борбордун тегерегинде азыр кызуу талкуулар жүрүүдө. Аталган борборго Кытайдан башка инвестор келиши мүмкүн беле?

— Бизге инвестиция кайдан келерин карап көрсөк, Америка, Европа бизге инвестиция салбайт. “Европадан келип бизге мынча миң доллар берди” дегенди уга элекмин. Эл аралык каржы уюмдары, банктар чоң үстөк пайызы менен гана берет. Грант деп коюшканы менен анын дагы кайсы бир бөлүгүн өздөрү кайра алып кетишет. Ошентип беришпесе, түзмө-түз “инвестиция алдык” деп эч ким айта албайт. Экинчиден, бизге өндүрүшкө инвестиция бере турган мамлекетти уга элекмин. Коомчулук мына ушундай грант, инвестиция дегендердин айрымаларын жакшы түшүнүшү керек. Бул тартылган 280 млн. доллар каражат  түз инвестиция болгондуктан  аны мамлекет кайтарбайт жана кепилдик да бербейт. Эгер ар кандай коопту жагдайлар жарала турган болсо, биздин мамлекеттин эч нерсеси кетпейт. Инвестор гана жабыркайт. Андай болбой эле койсун, бирок азыр коомчулукка ушундай түшүндүрүү иштери туура жетпей жатат. Ал жерде курулган ар бир завод, ишкана биздин өлкөдө гана калып калат.15 миңдей  жумушчу орундары түзүлөт. Өндүрүш жайларынан тышкары, көп кабаттуу үйлөр, спорт комплекстери, медициналык борбор, эл аралык көргөзмө борборлору да кирди. Буйруса, сыртка чыгып жаткан миграция маселесин да мына ошол жайыбыз менен токтотуп, элибиздин бүтүндүгүн камсыздап калсак болот. Сырткы миграция менен биз эч качан экономикабызды көтөрүп кетишибиз мүмкүн эмес. Дүйнөдө сырттан инвестиция тартпаган бир да мамлекет жок. Ошол эле Америка да бир кезерде Англиянын жардамдары менен бутуна турган. Болгону, баардык ишти башынан ачык айрым, элибиз менен эсептешип туура жолго коюп, ынандырып, келечегине кенен ишенип, аны жүзөөгө ашырууда чоң мээнетти жумшашыбыз керек. Экономиканы көтөрбөсөк күндөн күнгө алсырап артка кете беребиз. Кенибизди касып, ташып кете турган, экологиябызды талкалап жок кыла турган, тургундар кооптоно турган ал жерде жагдайлар жок. Эгер андай долбоор болгон болсо, мен такыр баш салмак эмесмин.  Ошондуктан, анын келечеги Кыргызстан үчүн өтө чоң.

-Коомчулук “ошондой инвестиция Кытайдан башка мамлекеттерден келсе жакшы болмок, кубаттуу деген Россия дагы Кытайдан инвестиция албайт экен” деп жатат, буга не дейт элеңиз?

-Мен жогоруда Европа мамлекеттеринин инвестиция, гранттар жана башка финансылык жардам көрсөтүүлөрүнүн келечеги жана максаты жөнүндө айтпадымбы. Андай кооптонууга эч кандай негиз жок. Экономика министрлигинин анализинин негизинде айтсам, Кытай Эл Республикасы бир жылда дүйнө жүзүнө 217 млрд доллар инвестиция кыла турган болсо, ошол акчанын 37 млрд долларын Орусия, 3-5 млрд долларын биздин коңшу мамлекеттер алат. Биз 0,1% гана алабыз. Белоруссия да Кытайдан инвестиция алып биздикиндей логистикалык борбор куруп жатышат. Барып көрүп келдик. Биз да баарын анализдеп, эл үчүн, мамлекет үчүн болгон пайдаларды карап анан кадам коюп жатабыз. Баарыбыздын жашоодогу тагдырыбыз-бул Кыргызстан менен байланышкан. Бул жерден башка жерде бактылуулукту күтө албайбыз. Белоруссия алып жатса, Россия алып жатса башка коңшулар алып өнүгүүгө аракетин көрүп жатса биздин карап турганыбыз келечек үчүн кемчилик иш болуп калат. Логистикалык борбор болбосо кантип өнүгөбүз? ЕАЭБ алкагында да бул өзгөчө мааниг ээ. Экологиялык жактан таза өндүрүлгөн продукцияны, жашылча-жемиштерди башка рынокко кантип чыгарабыз? Агрардык өлкө катары да бул логистикалык борбордун келечеги жакшы. Ошондуктан, Ат-Башыдагы эркин экономикалык аймакта логистикалык-индустриялык борбор курууну пландадык. Анын эң негизги өзгөчөлүгү — өндүрүш.

Маегиңиз үчүн рахмат!

Аскар Шаршенов

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

3 × 3 =