Эми жарандар интернет аркылуу кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат ала алышат

0
84
“Кыргыз Республикасынын жер ресурстарын башкаруунун бирдиктүү маалыматтык тутуму” долбоорунун алкагында Кадастрдык геомаалыматтык системалар порталынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — башка мамлекеттик органдарды жана коммерциялык уюмдарды жаңы тутум менен тааныштыруу, ошондой эле тутумду мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү боюнча, алардан сын пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуу болду.

Аталган долбоорду ишке ашыруу Корея Республикасынын Өкмөтүнүн Корей эл аралык кызматташуусу агентствосунун (KOICA) колдоосу менен 2016 –жылдын февраль айында башталган. Долбоорду аткаруучулары «LX» жана «GEO2» компаниялары.

Долбоордун негизги максаты — жерге ээлик кылууга байланыштуу суроолорду жөнгө салуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу, ачык-айкындуулугун жогорулатуу. Долбоор үч бөлүктөн турат: биринчиси жер боюнча маалыматты өнүктүрүү үчүн маалыматтык-стратегиялык пландаштыруу, жер маалыматтык системасынын иштеп чыгуу жана иштелип чыккан системаны жайылтуу үчүн жабдууларды пайдалануу.

KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Пак Сун Жин кадастр системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кыймылсыз мүлктү каттоодо мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу долбоордун маанилүү бөлүгү экендигин баса белгилеп, долбоордун ишке киргизилиши менен жер менен байланышкан чыр-чатактар чечилип, Кыргыз Республикасынын өз жер тилкеси бар ар бир жаран бул долбоордун оң натыйжаларын сезээрин кошумчалады.
Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин Кадастрдык геомаалымат системасы (ГИС) борборунун башчысы А. Абдиевдин айтымында кадастрдык геомаалыматтык системасы (КГИС) мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн чечим кабыл алууда кыймылсыз мүлк боюнча комплекстүү жана ар тараптуу негизги маалымат элементи болуп калат. «Жаңы системанын ишке киргизилиши менен кадастрдык маалыматты башкаруу процесси анын ичинде укукту каттоо, жерге болгон салык төлөмүн аныктоодо, ошондой эле жерди пландаштыруу кыйла ыкчам жана натыйжалуу боло алат”,-деди ал.

Ошондой эле Кадастр департаментинин өкүлдөрү онлайн арыз кабыл алууну, иштеп чыгууну, КГИС порталы аркылуу интернет жеткиликтүү бардык аймактан кыймылсыз мүлк боюнча оперативдүү түрдө толук маалыматты алууну көсөтүшүп беришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

1 × четыре =