Эстеликтериңиз эсибизден кетпейт, Нариман мырза!

0
25

Темир жолдо жүрүп бутуна турган мурдагы мэр  Нариман Түлеев “Ак Бата” деп партия ачып, артына жаштарды коюп Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып  утуп келүүнү көксөп жатат. Уюштургуч жөндөмү, каражаты жетиштүү экени ырас. Бирок, саясый жолу, мындан аркы позициясы кандай болот? Куугунтук жеп, түрмөгө отуруп, акылына келдиби же эски жоруктарын кайталайбы?  Эске салсак, анын “атакеси” болгон Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде Нариман Түлеев Ала-Тоо аянтына Коңурбай, Нескара, Шыпшайдарлардын айкелдерин тургузуп, кыргыз элинин каарына калган. Ошондон тарта мэр катары ооматы кетип, оңбой калганын кантебиз? Бирок, өкчөсөң эле айкүр тургандай образ жаратып, чоң саясатка кайрадан аттанды. Түлеевдин дагы бир айыбы – мамлекеттик кызматкер катары миллионерге айланганы жашыруун эмес. Темир жолду жетектеп турганда байыганын кантип танат? Жигиттиги бардыр, бирок “жегичтигин” токтотушу кыйын болобу деп турубуз. Анан калса, акыркы беш жылда жакшы эле «жылаңач” болду. Аларды кайтаруунун камынан башканы ойлобой калса, оңбой калабыз го!

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × 4 =