Өзбекстанда пахта сабагынан курулуш материалдары өндүрүлө баштайт

0
762

Өзбекстанда пахтанын сабактарынан жыгач сүрүндү тактасын (ДСП) чыгаруу боюнча заманбап өндүрүш уюштурулат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Өндүрүш инженердик-коммуникациялык, транспорттук инфраструктураларга ээ, заманбап жана жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган азыркы тапта иштеп жаткан ишканалардын базасында ишке ашат.

«Өзбек курулуш материалдары» ишканасына пахта сабагынан жыгач сүрүндү тактасын өндүрүүнү уюштуруу үчүн сапаттуу жабдууларды, технологиялык ыкмаларды сунуштачу компания табуу тапшырылды.

Долбоор чет өлкөдөн келген насыялардын эсебинен каржыланат.

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × 1 =