Өзбек ырчысы мамлекеттик иш-чараларда бекер ырдоого каршы чыкты

0
210

Өзбекстандын эл артисти Озодбек Назарбеков ырчылардын мамлекеттик мекемелер тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чараларда бекер ырдашына каршы экенин билдирди.

Ал өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин алдында иш-чаралар маалында ырчыларга акчасын берип турчу коммерциялык бөлүм ачууну сунуштады. Айтымында, корпоратив учурларында мамлекеттик мекемелер ырчыларга акча төлөбөгөнү аз келгенсип, аларды кемсинтүүгө да аракет кылышат.

«Мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери ырчыларды таптакыр сыйлашпайт. Мисалы, ИИМ менен Башкы прокуратура Ноорузга карата майрамдык концерттерди уюштурушат. Анда тамак-аш, суусундуктарды сатып алып, ресторандын ижарасына деп акча төлөшөт. Ырчыларды болсо бекер чакырышат. Демек, аларга кылган мамилелери да ошондой эле болот», – деди ал.

Өлкөнүн Маданият министрлигинин аткаминери мекеме ырчынын бул сунушун толугу менен колдогонун билдирди.

Аты-жөнүн айткысы келбеген белгилүү өзбек ырчыларынын бири Озодбек Назарбековдун айткандарын колдой турганын билдирди. Бирок ал сунуштун ишке ашып кетерине ишенбейт. «Эгер керек болсо Озодбек дагы, Юлдуз Усманова дагы, Гуломжон Якубов дагы өзүлөрү барып корпоративде бекер ырдап беришет», — деди ал.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четыре × два =