Атайын редакциябызга Өзгөн шаарынын жашоочусу Айнагүл Мааткеримова аттуу ишкер кайрылып, учурда Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан өзүм билемдик иштери тууралуу айтып, коомчулукка, президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев баштаган журт жакшыларына үнүбүздү жеткирип берип коюуну өтүндү.
Анын айтымында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан жеке менчик жерлерде турган бир топ дүкөндөр, калкты ар кандай иштер менен тейлөө борборлорун, соода сатык кылып отурушкан карапайым адамдардын ордуларын, аталган шаардын мэри Дамир Моңолдоровдун тапшырмасы менен тазалоо иштерин кылышып, ал жерге мэрия тарабынан атайы жай курулуп берилээрин айтышкан. Мындай шартка көнбөй, жок дегенде күн жылыганча, жазга чейин кое турууну суранышкан карапайым адамдардын суранычын ушул кезде укпастан, чыгып кетүүлөрүн талап кылышкан.
Ооба, мыйзамды орнотуу, шаардын шаардай болуп турганы жакшы. Бирок, эшикте кыш. Түкүрүк жерге жетпей тоңуп турган маалда, карапайым калктын дагы кайнаганындай бар болсо керек. Бекер турушпагандыр. Мамлекетке салыгын төлөп, өкмөттүн өкчөлгөн казынасынан “кайрычы” болуп суранбай, жумушсуздук басып калды деп башын катпай же жер кезип балдарын бактысыз күнгө туушуктурбай, жеке менчик ээси менен келишип алып оокаттарын кылып жаткан карапайым элдин деле энтиге боздоп ийе тургандай абалдарын, аярлуу катмар экен деп аяп мамиле кылуу – бул мамлекеттик журт жакшыларынын тикелей милдети. Биз алардын аки-чүкүсүн анчалык деле билбейбиз, ошентсе да жалпы өлкөнүн экономикалык абалын алаканга салгандай билээрибизден улам, өлкө базар экономикасы шартында өнүгүп бараткан жаш өлкө экенин эске алуу менен айтып жатабыз.
“Жерди бошоткула, курулуш курабыз, жыргап-коонап ошол жылуу жерге киресиңер”-деген мэриянын айткан “акылман” кеңешинде бир сырдын жатышы, “кышта кайсыл курулуш болот эле?” деген карапайым адамдардын айтуусу, ачуу чындыкты айгинелейт. Мындайды согушта душманың кылбастыр. Мыйзамды шылтап, элди көчөгө калтыруу эрдик эмес, эл ыраазы болгудай жолду табуу эрдик, жетекчилик жөндөм.
Миллиондоп салык төлөгөн соода-сатык кылгандардын айтымында, ал жер Немат аттуу жарандын жеке менчик жери. Анда Өзгөн мэринин же архитектура башкармалыгы ал жерге кандай мыйзамын токуп, кайсыл шарттар менен барууда? Эми аны тийиштүү мекеме маалыматын берип, Немат мырза дагы өз оюн айтаар. Биз азырынча, кыш кылычына туушугуп, кызылдай эмгектерибиз күйүп кетеби деп турган тараптын оюн айта берели. Өлкөдө эл ойлогон журт жакшылары болсо, өз аксагынан да, журттун аксап турганын бийик койгон Данияр Жаныкуловдой жетекчилер угуп калса бирдеме кылып коюшабы деген эле ой.
Ал эми Ысык-Көл жергесинен жакшы сөз укпай, эл нааразычылыгы менен айтылып келген, “Кыргыз почтасы” жетекчилигинен дагы ызы-чуу, митингдер коштоп узатылган Өзгөн мэри Моңолдоров тууралуу айтчы сөздөр алдыда…
Айнагул Мааткеримова: —
“1 эле обьектиде 60га жакын адам күнүмдүк нанын таап жейт. Миллиондоп салыгын төлөйт. Мындай жабыр тарта турган адамдын саны бери дегенде 200-300 адам. Алардын баары ушул кышта кайда барып оокаттарын кылат? Тентип Россия, Казакстанга кетеби? Ал эч нерсе эмес, мисалы мен авиакасса иштетем, 2-3 айга алдын ала же узак күнгө буйрутма же келишим кылам. Мен бул жерден чыгып кайда барам, кардарды ким тейлейт? Алар биздин бул абалды түшүнөбү? Макул мыйзам менен баарын ордуна койсун. Биз дагы мыйзам сыйлаган, өз шаарыбызды сүйгөн адамдарбыз. Бирок, мындай шарт менен эмес да. Мышык ыйлагандай суук болуп, кыш түшүп турса көчөгө чыгарганы кудайга деле жакпаса керек. Кээде ушул жерде отургандарды көрүп зээниң кейийт. Кечке отуруп бир эки байпак саттым, аны-муну саттым, балдарыма нанга жетти, бүгүн ошону топук кылып турабыз дегенде, жүрөгүң тилинип кетет. Мен кимдир бирөөнүн кылып же жасап жаткан ырыскысына шек келтиргим деле келбейт, ошентсе да ошончолук эле мыйзамды орноткулары келип жатса, кызылдай мыйзам бузган бир топ килтейген соода борборлору, кафе, ресторандар бар экенин жакшы билем, баары билишет. Алардын айланасына басып бара алышпайт. Алдары алсыздарга, карапайым калкка жетет. Аярлуу катмарга азуусун салган оңгон эмес. Ошону айтып коеюн”.
Бул сөзүбүздүн башы боло турсун. Ак-карасы дагы айтылаар. Экинчи тараптагылар да бул боюнча билдиребиз десе эшигибиз ачык.