Өкмөткө Жерүй кениндеги калдык сактоочу жайды эксплуатацияга бербөө талабы коюлду

0
168

 

 

2020-жылдын 5-февралында Талас шаарында Жерүй алтын кени боюнча “Элдик жыйын” болуп өткөн. Жыйындын башкы максаты, ушул эле жылдын 14-январында Бишкек шаарында өткөн “Жерүй: көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору” аталышындагы “Элдик кеңеш” жыйынында кабыл алынган резолюцияны Талас облусунун элине тааныштыруу жана кошумча маалыматтарды алып, резолюцияга киргизүү болгон. Таласта өткөн “Элдик жыйынга” Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.Осмонбетов, Экотехинспекциясынын башчысы Ж.М.Жунушев, Курчап турган чөйрөнү коргоо  жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы М.А.Аманкулов, “Альянс Алтын” ишканасынын башчысы Михаил Шубин жана Талас облустук экология жана башка тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышкан.

Бул билдирүү, 2020-жылдын, 5-февралында Таласта өткөн «Элдик жыйында» ал жерге барган баардык тийиштүү өкмөт жетекчилеринин колуна тапшырылган. Өкмөт башы М.Д.Абулгазиевге да кат жолдонгондугу белгилүү болду.

Кыргыз Респуликасынын

өкмөт башчысы М.Д.Абылгазиевге,

 Копия: Өкмөттүн Талас облусу

боюнча өкүлү М.М.Мураталиевге,

Өнөр жай, энергетика жана жер

казынасын пайдалануу мамлекеттик

комитетинин төрагасы Э.К.Осмонбетовго,

Экология жана техникалык коопсуздук

 боюнча мамлекеттик инспекциясынын

 жетекчиси Ж.М.Жунушевге,

Курчап турган чөйрөнү коргоо

жана токой чарбасы мамлекеттик

                                                агенттигинин башчысы М.А.Аманкуловго

 

 

                                                                             Билдирүү

 

Талас району,

бекмолдо айыл аймагы,

29-январь, 2020-жыл.

“Эл байлыгы, бийлиги” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Сиздерге Жерүй алтын кенин иштетүүдөгү “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун иш алып баруусундагы экологиялык талаптарды проекттеги чечимдерди толук аткарбай жаткандыктарын төмөндөгү жагдайлар менен билдирет.

  1. Калдыктарды сактоочу (хвостохранилища) жайдын проектиси шамалдын багытына (“Роза ветеров”) толук, ар тараптуу түзүлгөн эмес жана ошол жердеги шамалдын багыты изилденбей түзүлүп калган. Калдык сактоочу жайдын курулуш иши жүрүп жаткан учурда, ошол жердеги түзүлгөн чаң айылга чейин каптап келип турган. (Видео материалдар бар)
  2. Калдык сактоочу жайдын курулуш иштеринде  проектик чнчимдер толук аткарылган эмес. Геомембрананын үстүнө  төгүлүүчү чопонун (суглинок) арасында көптөгөн ар кандай фракциядагы таштар аралашып кеткен.  Таптоо жана үстүнө жайуу учурунда ал таштар геомембрананы тешип кетиши  толук мүмкүн жана ошол убакта иштеп жаткан адамдардын айтуусунда толук мүмкүн болгон. (Видео материалдар бар)
  3. Проектте көрсөтүлгөн боюнча, геомембрананын үстүнө кошумча гидроизоляция үчүн жалаң таза чопо (суглинок) төгүлүшү керек болчу.  Иш жүзүндө калдык сактоочу жайды  казуу убагында чыккан  таш, кум аралашкан топурак төгүлүп,  проектик чечимдер одоно  бузулган. Калдык сактоочу жайдын ордунда, Кыргыз Республикасынын өндүрүш, энергетика жана кен пайдалануу комитетинде чопо (суглинок) деп мамлекеттин балансында жок. Башкача айтканда, ал жерде чопо жок жана сапаты  туура келбейт. (Видео материалдар бар)
  4. 2019-жылы “Альянс Алтын” ЖЧК обьектилеринде иштеп жаткан  ортомчу (подрядчик) компания  кум шагылды жууп, тазаланбаган сууну сайдагы таза сууга агызып жиберген. Жергиликтүү тургундар муну көрүп, бул проблеманы көтөргөндө  “Альянс Алтын” ЖЧКсы кол алдында иштеп жаткан подряттык компанияга штраф салуу менен гана чектелген. Ошол бойдон ал сай ылайдан, кумдан тазаланбаган боюнча калып калган. “Альянс Алтын” ЖЧКнун жаратылышка кылган мындай мамилеси улана берсе, жакын арада экологиялык катастрофа болооруна күмөн жок. (Видео материалдар бар.

Жогорудагы жазылган экологиялык одоно бузууларды проект менен тактап көрсөтүү үчүн биздин “Эл байлыгы, бийлиги” коомдук бирикмеси Кыргыз республикасынын  “Экологиялык экспертиза” мыйзамынын 5,8 статьяларынын жана 2, 10,15,16 беренелереринин шартына ылайык “Айлана чөйрөгө баа берүүнүн тартиби” жоболорунун негизинде  коомдук экспертиза өткөрүүнү демилгелейт. 16-ноябрь 2017-жылы жана 17-сентябрь 2019-жылы “Альянс Алтын” ЖЧКсына кайрылсак, (копиялар тиркелет), белгисиз себептер менен проектик чечимдер берилген эмес. Мындай мамилени компаниянын кен иштетүүдөгү ачык айкындыкты көрсөтпөгөнү катары баалап, жаап жашыруу аракети деп билсе болот. ТЭОну коомдук экспертиза өткөрүүгө “Эл байлыгы, бийлиги” коомдук бирикмесине берүүсүнө көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз.

Жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде, көрсөтүлгөн фактылардын мыйзамга ылайык аткарылышы жолго коюлуп, кетирген кемчиликтер оңдолуп түзөлмөйүн  “Эл байлыгы, бийлиги”  коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Сиздерден Жерүй алтын кенин ишке ашыруучу “Альянс Алтын” ЖЧКсы куруп жаткан калдык сактоочу (хвостохранилища) жайды эксплуатацияга кабыл алуусуна каршы болушуңуздарды жана ошол эле калдык сактоочу жайды айылдан кеминде 5 км алыстыка көчүрүүнү талап кылабыз.

“Эл байлыгы, бийлиги”  коомдук бирикмесинин төрагасы    К.А.Момоконов

Мүчөлөрү:   

 Б.К.Сейталиев

С.Осмонов

М.Т.Кутманалиев

  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

15 + 16 =