Өкмөт башаламан базарларды жылдырууну сунуштады, ким аткарат?

0
4

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Чүй облустук жетекчилер менен болгон жолугушуу учурунда бир топ орчундуу маселелерди көтөрүп, аларды чечүүнүн жолдорун тездетүүнү, батыл ишке киришүү керектигин да баса белгилеген. Абулгазиев Чүй облусунда Борборубуз Бишкек тураарын, баардык мекендештерибиз ушул жайды ыйык тутушаарын, сырттан келген коноктор да ушул аймакта көп экенин эске алып, Чүйдүн баардык райондору ирээттүү жумуш алып барыш керектигин баса белгиледи. Өзгөчө жолдун жээктериндеги базарлар баардык балит иштерге түрткү болуп жатканын айткан өкмөт, Ысык-Ата, Сокулук, Беловодск аймактарындагы базарлар, адамдардын ары-бери өтүүсүнө тоскоолдук жаратып жатканын кошумчалады.  “Райондордун борборуна бара турган негизги жолдогу базарлардын кебетесин карагылачы. Өткөндөн уяласың. Баарын тазалашыбыз керек. Элдердин өзүнүн жүрүм-турумуна, соода кылуусуна тоскоолдук жаратып жатат. Ун, күрүч жана башка продуктулар жолго чейин чыгып, ар бери машинелер өтүп, чаңга аралашып ошол жерде соодалар болуп жатат. Санитардык талаптарга такыр жооп бербейт. Атайын жерлерди бөлүп берип негизги жолдун жээгиндеги базарларды башка жерлерге көчүрүш керек. Мындай нерселер Ысык-Атага да тиешелүү”-деди өкмөт башы. Мындай башаламандыкка аймактык бийлик шалаакылык кылып жаткандыгын айткан өкмөт башы: “айта берип тил деле тешилди, эч бир ырааттуу жылыштар жок. Ушул  абалга алып келип койдуңар. Акимчилигиң менен базарыңар бирдей болуп калды”-деп каарданды Абулгазиев. Чындап эле, жол бойлото салынган базарлар, санитардык, экологиялык талаптарга гана эмес, жол коопсуздугуна жана шартына да жооп бербейт. Сокулук мал базары ар дайым ары-бери каттаган жүргүнчүлөргө жүк болуп, көптөрдүн кыжырын келтиргенин өз көзүбүз менен эле көрүп келе жатабыз. Өкмөттүн айтканын кулак сыртынан кетирген жергиликтүү бийлик, акимчилик мындай башаламан абалдарды качан ордуна коер экен? Же чындап эле өкмөттүн айтканы, алар үчүн түккө турбай калганбы? Шаар бийлиги бир топ базарларды ирээтке келтирип, шаар ичиндеги тыгындар менен башаламандыктарды жолго койду. Бул элдердин ыраазычылыгына гана татууда. Ал эми райондордогу базарлар, өзгөчө Сокулук, Ысык-Ата, Кара-Балта базарлары талапка ылайык келбегени өкүндүрөт. Чет элден келген коноктор ушул негизги жолдордо жүрүшөт. Малга, жемге, чаңга аралашкан ал “Улуу жолдор” ошолордун көзүнөн оолока жерлерде болсо, аябай эле туура болмок.

«Факты.кж»

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

13 − 12 =