1.Саид САРДАР, теолог:   “Бизде исламга үгүттөө баш аламан, анык бир аалымдарга жана агымдарга чакырууда”

0
1148

“Такфиризм”-  сөзү араб тилинин “кафара” деген сөзүнөн келген. Анын эң биринчи маанисин которгондо “бир нерсенин үстүн жабуу”. Экинчи мааниси “нааразычылыкты билдирүү”, ал эми үчүнчү мааниси “динсиздикти” түшүндүрөт. Бирок эмне үчүн бүгүнкү күндө “такфиризм” терминин  “кудайга ишенбөөчүлүктүн”  радикалдуу маанисин түшүнүп калдык?  Дегеле ислам дининин тарыхында бүгүнкү күндөгүдөй такфирчилик болду беле? Каапыр деген ким? ушул жана башка суроолорубузга көз карансыз диний серепчи Саид Сардар жооп берди.

“Падышага бирөө каршы чыкса аны каапырчылыкка чыгарып, жок кылгыла” деп буйругун берген 

— Саид мырза, эмне үчүн бүгүнкү күнү “такфиризм” терминин  “кудайга ишенбөөчүлүктүн” радикалдуу маанисин түшүнүп калдык? 

 Ислам дининде 73 агым бар. Алар “такфиризмди” саясий кызыкчылыктан улам радикалдуу маанисин киргизишкен.  Жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө бир падыша бийлигин сактайм деп аалымдарды, молдолорду чогултуп, аларга өзүнүн ыраазычылыгын билдирип,  “падышага бирөө каршы чыкса аны каапырчылыкка чыгарып, жок кылгыла” деп буйругун берген. Акыркы интернет булактардагы маалыматтарга таянсак, ИГИЛдин негиздөөчүсү, өзүн халиф деп атаган Абу Бакраль-Багдадиге (баят) ант бербеген 300 мусулманды кырып салган. Ислам дининин тарыхындагы биринчи халиф Абу Бакрдын убагында, “халифге ант берген жоксуңар” деп бир урууну же бир нече мусулман элин кырып салган кандуу окуяны таппайбыз. Ислам дининин юриспруденциясында халиф келсе ант берүү деген бар. Бирок кан төгүү деген жок. Кааласаң ант (баят) бересиң , каалабасаң бербейсиң.

Каапырчылыкка динде жаза жок          

— Ар кандай агымдар каапырлар биздин душманыбыз деп согуш жарыялап жатышпайбы. Дегеле каапыр деген ким? Динде каапырчылыкка жаза барбы?

— “Имандын” терс сөзү “каапырчылык. “Иман”-бул кудайга моюн сунуу. Куранда “эгер силер каапыр болсоңор, бир Алла таала үчүн каапырсыңар. Эгер силер иман келтирсеңер Алла таала үчүн иман келтиресиңер” деп айтат. Эгер менин досум каапыр болсо, анда анын каапырчылыгынын зыяны мага кандайча тиет деген суроо туулат. Ал досумдун зыяны жок болсо, анда эмне үчүн мен аны жок кылышым керек. Ислам дини башка диндерге караганда консервативдүү дин болуп саналат. Кааласаң ислам динине ишен, каалабасаң ишенбе. Ишенсең соопчулугу бар, ишенбесең Алла таала өзү жазасын берет. Ал эми бирөө бирөөгө жаза берүүгө анын эч кандай укугу жок. Азыркы учурда ар кандай агымдар чыгып, тиги же бул кудайга ишенбейт, ал каапыр же биздин душманыбыз деп согуш жарыялап жатышпайбы. Бул жерден дагы бир баса белгилейин, каапырчылыкка динде жаза жок.

Палестина, Сириядагы согуштарды джихад деп айта албайбыз

— Куранда джихад качан кыланат? Палестина, Сириядагы согуштарды  джихад деп толугу менен айта алабызбы?

— Джихаддын негизги мааниси физикалык согуш эмес. Ислам дининин юриспруденциясын карасак, джихад каапырларга каршы согуш деп жазылып калган.  Палестина, Сириядагы согуштарды джихад деп айта албайбыз. Куранда да мындай көрүнүш джихад деп айтылган эмес. Джихад качан кылынат? Эгерде намаз окуганга, орозо кармаганга мамлекет каршы чыкса. Мухаммед САВ “мамлекетте ушундай көрүнүш болсо, зуулумдукка дуушар болуп калсаңар анда ал жерден көчүп кеткиле” деп айткан. Демек джихад кылганга да болбойт. Сириянын президентин Башар Асад алави деген сектада, ислам динине эч кандай тиешеси жок деп айтып жүрүшөт. Бирок анын эч кандай зыяны жок да. Сирияда  намаз окуганга, орозо кармаганга каршылык кылган жок. Демек “такфиризм” терминин саясий жактан бурмалап, аны курал катары колдонуп, өз кызыкчылыктарын аткарышууда.

Биздин аалымдар жаштарга түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүшсө, жарандар Сирияга кетпейт эле

— Анда биздин молдокелер элге такфиризмдин маанисин түшүндүрө албай жатабы?

Ооба, баш аламандыкка алып келген “такфиризм” түшүнүгүн аалымдар, ошол эле учурда кыргыз аалымдары да туура так коомчулукка түшүндүрө албай жатат. Эгерде биздин аалымдар жаштарга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө, жарандар Сирияга кетпейт эле. Азыркы учурда агымдар мамлекеттин саясатына катуу киришип калган. Ислам дини менен саясат бул эки башка нерсе. Ислам-бул Мухаммед САВ дини эмес, ал Алла тааланын дини. Ал эми саясат-бул биздики. Кылыч көтөрүп биз ислам мамлекетин курабыз дешүүдө. Мухаммед САВ “кылыч менен ислам динин таркаткыла” деп айткан эч бир сөзү жок. Ислам дини кыргыздар үчүн же арабдар үчүн келген эмес. Ал бүткүл аалам үчүн келген. Диндин чеги жок. Согушту Сирияда Башар Асад же Палестинада еврейлер баштаган эмес. Согуш болуп жаткан мусулман мамлекеттерде жанжалды радикалдуу агымдар жасашууда. Радикалдуу агымдардын куралы бул-“такфиризм” — “каапырлыкка чыгаруу” экенин жакшы билишибиз керек.

Айжаз САКИЕВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четыре × четыре =