Карышкырлар төрт жаранды жарадар кылды

0
799

Баткен облустук өкүлчүлүктүн башкы адистери билдиргендей, 2014-жыл ичинде облус боюнча 177 карышкыр, 54 чөө атылып жок кылынгандыгын, кашабалар жеген малдан облус калкы 9 миллион 33 миң сом зыян тарткан. А түгүл Ак-Талаа районунан малын караганы чыккан жаран карышкырга бетме-бет чыгып, кармашканы белгилүү. Карышкырлар маселеси соңку учурда көп көтөрүлө баштады. 

Баймурат Бекмуратов, Лейлек районунун Андарак айыл аймагынын башчысы:” Эл арасында бары бир коркунуч пайда болуп турат”

-Карышкырлар мал жандыктарга эмес, адамдарга да кол салуу коркунучу пайда болду. Бул маселени алдын алуу максатында кандай аракеттер көрүлүп жатат?

 — Мергенчилерге лицензия берилип, карышкырларга каршы ок атуу үчүн чыгардык. Бул жырткычтар карапайым-калк үчүн көп зыян алып келүүдө. Аңчылыкка мергенчилердин тобу чыгып, алдын ала иш-аракеттер жасалып жатат. Андарак айыл аймагына караштуу Тоо-Моюн жайлоосундагы короолорго карышкырлар тийип, малдарды жеп кеткен. Карышкыр кол салган малдардын саны такталып, 1 эшек жана 1 кочкор күйгүзүлүп жок кылынды. Лейлек районунун Андарак айыл аймагындагы Тоо-Моюн жайлоосундагы мал-жандыктарга, айылдын 4 жашоочусуна кол салган карышкыр лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, кутурма экендиги аныкталды. Ал эми 38 ит атылып, 40 жаран дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүдө. Ар бир атып келген карышкыр үчүн стимул катары мергенчиге акча төлөнүп берилет. Эгерде карышкыр кутурма оорусу менен аныкталган эмес болсо, терисин сатып жиберүүгө болот. Карышкырларды аттыруу иштери үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен ок дарыга каражат бөлүнүп жатат.

— Бул окуядан чоочуган элдин коопсуздугу жана айылда абал кандай болууда?    

 -Лейлек районунун Андарак айылында кутурган карышкыр элдерге кол салып, 4 жаранды жарадар кылды. Айылга тоо тараптан кутурган карышкыр түшүп, жергиликтүү тургундарга; 14 жаштагы балага кол салса, Тоо-Моюн жайлоосунан түшүп келген карышкыр үй ичинен М.Тажимидиновду жарадар кылган. Андан кийин айыл ичиндеги аксакалдын 2 небересине кол салып тиштеп, денесине жарат келтирет. Мындан улам карышкырды бүт айыл болуп кубалап, атып өлтүрүшкөн. Ал эми жабырлануучулар өз убагында ооруканага жаткырылып, учурда ооруканада дарыланууда. Айылдын мергенчилери аттыруу иштерин жүргүзүп, биз аларга ишеним артып турабыз. Бирок эл арасында бары бир коркунуч пайда болуп турат. Себеби малдардын бары жайлоодо болуп, тургундар үчүн кооптуу абал түзүлүп жатат. Ал эми карышкыр жалгаз эмес экен. Кайра келиптир деген ар түрдүү кептер эл арасында айтыла берет. Карышкыр кышкы айларда гана пайда болчу эле. Кечээки окуядан кийин карышкыр жырткыч экндигин аныктады. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен болжол менен 30 миң акча каражатты талап кылат. Ал эми эл өзүнүн мал-жандыктары жана ден соолугу зыян тартып, 100 миң сом чыгымга дуушар болууда. Жалпысынан айыл өкмөттүн эсебинен 130 миң чыгым сарпталат.

Упел АНАРКУЛОВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двадцать + тринадцать =