1916-ЖЫЛЫ ТҮПТӨГҮ КӨТӨРҮЛҮШТҮ БАТЫРКАН МЕНЕН РЫСКЕЛДИ ЖЕТЕКТЕШКЕН

0
207

XX-кылымдын биринчи жарымы кыргыз үчүн трагедиялуу жылдар болгону айкын. Он миңдеген жылдар бою жок болбой жашаган кыргыз 1900-1950-жылдардай кордукту, азапты жана чоң жоготууну көргөн эмес, ошондой эле кыйрап калуу коркунучунда калган эмес. 1916-жылга чейин оруссия падыша өкмөтү кыргыз элин жок кылуу саясатын уламдан-улам күчөтүп уланта бергени менен түпкү максатына жете алган жок. Улуу октябрь төңкөрүшү сактап калды деген менен, ал саясат андан кийин дагы 50-жылдарга дейре күчүн жоготкон эмес.
1916-жылга дейре кыргыздардын баарын акырындык менен жашоого ыңгайлуу жерлеринен ажыратып кара талаага, тоону карай сүрүп, адам акысын болушунча туш тарабынан кысып, эзген, бир сөз менен айтканда мал катары мамиле жасай башташкан. Башынан далайды өткөргөн кыргыз андай кордуктарга да чыдаган. Бирок, тукум курут саясаты апогейине жеткенде, миңдеген жылдар бою жашап келген улуу кыргыз эми жок болмок беле! Баш көтөргөн! Кыргыздын жарымы мыкаачылык менен кырылса дагы, жок болбоду! Кыргыз үчүн жанын аябаган каармандар эли үчүн курман болушту. Бирок, ушул чыныгы кыргыздын баатырлары бүгүн ардакталбай келет. Анткени, ошол тукум курут саясатында кыргыздын ак сөөктөрү, интеллигенттери, дээрлик кырылып кеткен. Алардын ордуна кошоматчылар, арзыматтар, арсыздар эл башына келишип, колонизаторлорго ошондогудай азыр дагы кулдук уруп, эли-жерин сатышууда. Алар азыр дагы баскынчыларга жагынуу үчүн күнөөнү өз элине оодарууга аракет жасашат. Көтөрүлүшкө катышпагандар акылдуу саналып, баш көтөргөндөр эссиз катары көрсөткөн жугундукорлор да жок эмес. Алдуу деп жүгүнбөй, намыс үчүн курман болуу артык эмеспи. Кеп жеңгенде эмес, кеп эл-жер үчүн жанын курман кылса да туруп берүүдө… 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүндөгү чыныгы кыргыздын баатырлары жана Улуу Көтөрүлүш-Үркүн жылы дээрлик эскерилбей келет, же азыркынын тили менен айтканда баа берилбей калууда.
Бул көтөрүлүштө Чүйдөн тартып, Түпкө чейин баш көтөргөндөр өздөрүнө лидерлерди тандашкан. Ошол кездеги түшүнүк менен алганда «хан» шайлашкан. Чүйдө Шабдан Мөкүш уулу, Кочкордо Канат Абукин, Батыркан Раимберди уулу, Түптө Батыркан Ногой уулу хан шайланышып, элге жетекчилик кылышканы белгилүү. Бирок, булардан сырткары дагы жандарын курман кылган бийлер, болуштар аз эмес. Мына ошондой бийлердин бири Түптөн чыккан Салмаке, алтын ооз чечен, болуш, бий Рыскелди Бериков болгон.

РЫСКЕЛДИ ӨМҮРҮ БИЙ БОЛУП, БОЛУШ АТАЛЫП ӨТКӨН

Батыркан ажы 1895-1900-жылдары Түп волостунда болуш болуп турганда, 1897-жылы Рыскелди Бериков №3 айылдын бийи, ошол эле учурда элдик соту болгон. Кийин IMG_6198IMG_5250
1900-1903-жылы үч жылдык мөөнөткө Түп волостуна болуш болуп шайланган. Анын орун басары болуп Рыскелди Карачев, №1 айылдын бийи Деркембай Таукин (Тоокин) дайындалган. Кийинки шайлоодо Каптагай Түркмөн 5000 рубль карыз алып элди сатып алганы жатат, болуштука бекитпешин сурап деп телеграмма жиберсе, Каракол уезд начальниги анын жөндөмдүүлүгүн баалап, материалдык жана нравалык жактан талапка жооп бере турганын белгилеп экинчи мөөнөткө бекитип берүүсүн өтүнүп, Жети-Суу областынын генерал-губернаторуна кат жөнөткөн. Натыйжада, 1904-1906-жылга экинчи жолу болуштукка өткөн. Кийин 1916-жылга чейин №3 айылдын бийи болуп келген.
Чынында, Рыскелди маалында кыйын чыгып, чечендиги, сөзмөрлүгү менен элдин эсинде калган. Батыркан Ажы, Кыдыр акелер менен үзөңгүлөш чыгып, башында Батыркан Рыскелдинин жөндөмүн чечендигин баалап, талаштуу жыйындарда Рыскелдини ээрчите жүргөн. Экөөнүн достугу болгон. Ошондуктан, Батыркандын тууганы катары саначу. Бир жолу уездин башчысына, Батыркан ажы Рыскелдинин карызын жойобуз деп бийлердин ашыкча салык жыйнаганы боюнча арызданышкан. Анын айынан болуш ажы тууганына тартып жатат деп далай талаш болгон учурлар болуп, далай сурактарга кирептер болгон. Ошондой эле, ошол кезде доору өкүм сүрүп турган Шабдан дагы Рыскелдинин чечендигин баалап, ал сүйлөгөн жерде оңой менен турчу эмес экен. Анда Батыркан болуш болсо, Рыскелди бий кези Көтмалдыдагы бугу, сарбагыштын чоң жыйынында экөө барат. Рыскелди сөз алып башында бугуну сарбагышка жыгып берген кебин баштаганда, аны уккан Батыркан кагынып-силкине баштайт, бирок сөзүнүн аягында өз пайдасына маселени буруп кетет. Көрсө бул анын ыкмасы тура. Ал жыйынга Шабдан кечигипби, айтор жыйын башталганда келет. Рыскелдини сүйлөп жатканын угуп «бул адамдын сырттаны турбайбы, алтын ооз чечен турбайбы, мындан сөз талашып болбойт» деп дароо кайтып кеткенин аксакалдар азыркыга чейин тамшанып кеп кылышат. Кийинчерээк Рыскелди 1916-жылы үркүндө каза болгондон кийин, ал жөнүндө кеп боло калганда Батыркан дасторконду силке тартып салчу экен. Ошондой эле, Көлдүн Түбүндө орустар менен болгон кагылышта Рыскелди Бериковдун каза болгону тууралуу дээрлик архивдик материалдарда, эл оозунда аңыз болуп айтылып келет.

ТҮПТӨГҮ КӨТӨРҮЛҮШ ЖАНА РЫСКЕЛДИНИН КАЗА БОЛУШУ

Ысык-Көл 1916-жылдагы көтөрүлүштүн өзгөчө абдан курч жүргөн очогу болуп саналат. Тарыхчы Т.Б.Шейшеканов Көлдөгү көтөрүлүш улуттук боштондук кыймылынын туу чокусу деп баса белгилеген. Ал эми Түптөгү уруш көлдөгү көтөрүлүштүн кызыган жери десек жаңылышпайбыз. 5-августта уезддик администрациянын алдында айры, союл жана бирин-экин мылтык көтөрүшкөн кыргыздар оорук жумушуна чакырууну токтотууну талап кылышкан. Аларды уезддин начальниги күч колдонуп араңдан зорго таркаткан менен 9-августта Пржевальск уездине караштуу 32 волосттун 14 волостунда элдик кыймыл күчөй берген. Он миңдеген көтөрүлүшчүлөр августтун башынан акырына чейин Пржевальске ийгиликке жетпеген чабуулдарды жасап, шаарды курчап турушкан. Караколдун, Сазановка, Семеновка, Покровка, Балыкчы ж.б. кыштактардын айланасындагы падыша аскерлери менен күрөштө жалпысынан Батыркан Ногоев жол башчылык кылган. Ысык-көлдүк кыргыздар аны хан көтөрүп, Ырдыкка жакын жерге хандын ордосу катары ак чатыр тигишкен. Ханды 6–7 миңдей жигит такай коштоп жүргөн. Анын атайын даярдалган кишилери чабуулдардын алдында чалгынчылык кылып, тыңчылар аркылуу жазалоочу аскердин саны, куралы, жортуулга даярдыгы, шаар-кыштактардагы кырдаал жөнүндө керектүү кабарларды билип турушкан. Хандын кол алдында бир нече айыл аскер, кошуун башчысы жана туулары болгон.
1916-ж. улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн жүрүшүндө курман болгон Жанаалы уулу Айтпай ажынын айткандарына караганда… «Түп районундагы Талды-Суу айылынын түштүк жагына тушташ кошуна жайгашкан Долон айылынын жанында Долон көлүнө куйган чоң сууну байлап жол салышкан. Ал Чоң-Байлоо, Кичи-Байлоо деп аталган жерлердин кайгылуу тарыхы бар. Мисалы, 1916-жылы чоң суунун боюна орустардын жазалоочу отряды айыл элин котолотуп айдап келип, мылтык огун аяп, замбирек менен кырганын Долон айылынын эли эмдигиче эскеришет. Боо-боо болуп ар кай жерде сулаган өлүктөр коңсуп сасый баштаганда чоң сууну буруш үчүн өлүктөрдү каршы-терши үйүп, үстүнөн чым менен жаптырып, жол салдырган экен… Азыр ал байлоо тапталып отуруп кадимки кан жолго айланган. Жолдун тарыхын билген адамдар ал жерден өткөндө бата кылып, келме келтирип өтүшөт». Мына ошол жерде, ошол урушта бий, болуш Рыскелди Бериков баатырдык менен курман болгон. Ал жөнүндө Белек Солтоноев «Кызыл кыргыз тарыхы» китебинде: (2-том,121-бет) «12-августта Түп калаасында бугу, саяк биригип уруш кылып, кызык уруш чагында бугудан Ырыскелди Бериков уулу өлгөндө, эл кайта качкан», деп жазат. Ошондой эле, «1916-жылкы кыргызстандагы көтөрүлүш» китебинде, 1868-жылы туулган Сулайманов Фатих мындай эскерет: «1916-жылы кыргыздарды аскерге жөнөтө башташты, мына ошонун натыйжасында кыргыздардын арасында чоң толкун пайда болду. Күтүлбөгөн жерден бир эле күндүн ичинде көтөрүлүшкө чыгышты. Көтөрүлүштүн башында Батыркан бай, Рыскулбек бий (Рыскелди бий – авт. А.Б) турган эле. Пржевальскийдин элдери казармада топтолушуп, коргонууга түштү. Мунун атында Пржевальскийдеги Үйездин башкаруучусу Ивановго Кадыр болуш келип, кыргыздар көтөрүлүш чыгарууга уюшуп жатышат, алардын жетекчилерин камаш керек дегенине Иванов ишенбей эч кандай чара колдонгон жок».
Ал эми Рахимов Изафардын эскерүүсүндө: «1916-жылы кыргыз элинен аскерге алуу жөнүндө указ чыкты. Кыргыздар баруудан баш тартышты. Бул суроону чечүү үчүн Түптүн Арал деген жеринде кыргыздын байлары, болуштары жана да белгилүү адамдары чогулушуп кеңешишти. Анда бай Батыркан Ногоев, Салмаке Рыскелди, Кыдыбай жана башкалар катышты.Ошол учурда Каркырадан Үйезди карай Түнкатаров Узакты, Адилбековду, Рахимбайды жана башкаларды барымта катарында колго түшүрүп кармап келишти. Чогулуш болуп жатканда бул жөнүндө угушуп, көтөрүлүшкө чыгууга чечим кабыл алышты. Андан кийин шаршемби күнү, август айы эле, үч миңге жакын кыргыз Аралга чогулушту, анын ичинде мен да бар элем. Ак бээ союшуп, анын канына колдорун малышып, көтөрүлүшкө чыгып орустарды жок кылабыз деп ант беришип, дуба окушту… Чабуулга өтүү учурунда Лимонов деген орус үй-бүлөсү менен бирге бизге туткунга түштү, кыргыздар аны таламайга алабыз дегенде Батыркан бербей койду, каршылык көрсөтпөсүн деп алдын ала айтсын деген ой менен аны Түпкө карай бошотуп жиберишти. Аны кое берип, биз өзүбүз Түптү карай жакындадык. Ал учурда кыргыздар 18 карабин, эки барданке мылтык, ал эми калгандары болсо найза, айры менен куралданган эле. Түпкө жакындаганда ал жерден казактары ок жаадырып атып киришти, бизден 100гө жакын адам өлдү. Биз тоону карай чегиндик, бирок 15 казак-орусу жетип келип, ал жерден да бир тобубузду өлтүрдү, өлгөндөрдүн ичинде Рыскелди да бар эле…» деп эскерет. Дагы тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин «1916-жылдагы көтөрүлүштөгү бай-манаптардын ролу» китебинде (2016) көлдө 100гө жакын адам катышкан чогулуш болуп, Мөкүштүн 30 мөөр басылган каты талкууланган. Ага көлдүк манаптар К. Солтоноев, Ү. Шамыров, М. Молдосанов, Талканбай, Түптөн Батыркан Ногоев катышкан. 12-августта Күрмөнтү, Түп болуштугунда көтөрүлүштү күчөтүү боюнча жыйын өткөн. Ага бир топ адамдар, болуштар Түптөн Батыркан Ногоев, Ырыскелди Караев (Карачев), Ырыскелди Бериков, Дуан Ногоев, Максүт Мендикеев жана Бектен (Кең-Суу, Бирназар болуштугу) катышканын, Бир топ кеңешмеден кийин Аралда Батыркан Ногой уулун ата-баба салты боюнча хан көтөрүшкөнүн» айтат. Ошондо Түптүн суусунун оң жагын Рыскелди бий уюштуруп, баштап чыккан.
(уландысы бар)
Асылбек БЕКТЕНОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два × 4 =