2. ТҮПТӨГҮ КӨТӨРҮЛҮШТҮ 1916-ЖЫЛЫ БАТЫРКАН МЕНЕН РЫСКЕЛДИ ЖЕТЕКТЕШКЕН

0
69

(Уландысы. Башы өткөн санда)

 ЖАЗАЛООЧУ ОТРЯДКА КАБЫЛГАН ТҮПТҮКТӨР

«Түп  кылаасындагы  Талды-Суу,  Ичке-Суу, Шаты, Сары-Булак, Корумду жана башка көптөгөн айылдардын  тургундары  дагы  көтөрүлүшкө активдүү  катышышкан.  Көлдүк кыргыздарга жалпысынан жетекчилик кылган Батыркан Ногой уулу менен макулдашып, Талды-Суу айылынын эли,  коъшу  Ичке-Суу,  Шаты  айылдарынын  элдерине кошулуп  Преображенское  (азыркы  Түп)  айылына  чабуулга чыгышкан. Бирок күч теъ эмес эле. Айыгышкан кармашуулар жүргөн Түп жана Пржевальскиге Верный жана Анжиян шаарларынан жардамга орус аскерлери жетип  келген. Ал  кармашууларга  катышып,  өз көзү менен  көргөндөр. Түптөн баштап,  Сан-Ташка  чейинки 40 чакырым аралыктагы жер бетин өлгөн адамдардын денелери каптап, көмүлбөй  жатканын айтышат. Көтөрүлүшкө бел  байлап  чыккан  көлдүн эли  жеъилүүгө  учураганда  аргасыздан  туулуп-өскөн,  киндик каны  тамган  жерден түрүлө көтөрүлүп,  Кытай  тарапка качууга аргасыз болушкан. Талды-Суу айылынын тургуну,  көтөрүлүштүн  катышуучусу  А.  Бекжановдун эркерүүсүндө, көтөрүлүш жеъилүүгө учураганда, эл Кытайга  бет  алып качышат. Адегенде Талды-Суу, Ичке-Суу, Шаты айылдарынын  эли  Туура-Суу  жайлоосунун  төрүнө топтолушат. Күтүлбөгөн жерден аларга казак-орус солдаттарынын жазалоочу отряды чабуул коөт, көптөгөн адамдар өлөт… Дал ушул кагылышууда Жанаалы уулу Айтпай ажы баатырларча курман болот. Ал киши ошол жайлоого топтолгон элге жакындап кирип келген казак-орус жазалоочу аскерлерден калыъ элди бөөдө ажалдан арачалап калуу үчүн топ жигиттерди баштап алып аларга кол салып, жазгырып алыстатып алып кетүү максатын көздөп жүрүп каза болот», — деп эскерет. Ошондой эле, Ш.Ш. Валиханов атындагы Тарих жана этнология институтунун илимий кызматкери Р.Е. Оразов, 1916-жылы Жети-Суудагы көтөрүлүш кезиндеги жазалоо аскеринин иш-аракеттери Каркыра менен Караколдогу (Пржевальск)  жазалоо чараларын тикелей жүргүзгөн казак жүздүгүнүн хорунжийи фон Берг менен ротмистр Кравченконун берген рапортунда: «1916-жылы 10-август күнү Каркыра отрядынын башчысы ротмистр Кравченконун буйругу менен 28 казак алып Санташ ашуусуна аттандым. Андагы кыргыздар конуштарга чабуул жасап, мал-мүлкүн тартып алуу ниетинде деген кабар келип түшкөн эле. Менин отрядым Каркырадан күндүзгү саат 5 чыкты. 12 шақырымдай алыстағанда ротмистр Кравченкодан туткундалган казактарды Пржевальскиге жеткирүү үчүн тоскоолдукту тоссун деген буйрук келди. Талаада 6 сааттай натыйжасыз жүрдүм. Анткени мурунку буйрук алынбагандыктан андан ары карай жүрө бердим… старостадан кыргыздардын көтөрүлүшкө чыгып жолдогулардын мал-мүлкүн тоноп кеткенин уктум. Станицадан түнкү бир жарым чамасында чыгып, 5 чакырым жүргөндө топ алдындагы чалгынчылар жолдун оъ жагынан ышкырган дабышты эшитти. Чалгынчы дал ошондой үн менен жооп кайтарды. Ышкырык жакындай берди. Мен сол жакка карадым .Эчнерсе көрүнбөгөн соъ 10 казак жакка оъго карай бурула жүрдүм. Бизден он беш кадамдай жерде ак боз ат минген кыргызды көрдүм. Кимсиъ деген суроомо жооп алалбадым. Револьвер менен мээлеп аттым, тийген жок. Ал тоого карай чаап кетти. (ушул киши Жанаалы уулу Айтпай болушу мүмкүн-А.Б.) Казактар ок жаадырып кууп калды. Тоого 150 кадамдай калганда көп аттын дүбүрттүн уктук. Көрсө биздин отрядка чабуул жасоо үчүн жыйналган кыргыздардын тобу экен…Аларды кууп салып… Түптүн суусун бойлой жөнөдүм.  Түнкү саат үч жарымда, 8-10 чакырым жүргөн кезде жолдун оъ жагында каптаган отту көрдүм. Анда  кыргыздардын жайгашканын билип чабуул жасоо үчүн таъдын атышын күттүм. Таңкы саат беште менин отрядым дабыш чыгарбай суудан өтүп, айылга умтулдум. Четки күзөтчүнү өлтүрдүк. Анын кыйкырыгынан ойгонгон кыргыздар кийиз үйлөрүнөн атып чыгып, дайыны жок аткылай башташты. Ага карабай ураалап чабуул жасап, кезиккендерин кылычтап кирдик.  Бул айылды элүүгө жакын адам өлдү. Калгандары мал-мүлккүн, балдарын таштай тоого тыгылышты. Аларды чачыраткандан кийин эртеъ мененки саат сегизде ары карай жүрүп кеттим.

Түптүн суусунун оъ жагын бойлоп төрт чакырымдай жүргөндө мен экинчи айылга туш болдум. Кыргыздар менин жакындаганымды көрүп калып, жапатырмак союлдарын көтөрүп мага карай умтулду, тоонун ичинде жашынган мергендер бизди карай аткылап жатышты. Мен өз командамды экиге бөлдүм: бири талаа менен, экинчиси сайды бойлоп астыга барышты. Кыргыздар менин маневрымды байкабай, көзүнө көрүнгөндөргө гана урунушту. Менин арттан жашынып чыккандар келгенде алар ортодо кысылып калды. Бетме-бет кармаш башталды. Урушта 80 адамдын өлгөнүн, 12 адамдын жарадар болгонун санадык. Калгандары тоого карай качып кетишти.

Түп суусунун оъ жагы менен токойго кирип Каркырага багыт алдык. Жол боюнан дагы төрт кыргызды атып өлтүрдүк. Алардан «Смит весс сон» үлгүсүндөгү револьвер табылды. 10 боз үй өрттөлдү. Андан ары Санташ ашуусуна чейин кыргыздар кездешпеди. Башарындын оозунан 150 кадамдай алыстыктан мылтыктын үнү угулду. Менин атым катуу жарадар болду, көрсө кыргыздар жолду тосушуптур. Отура калып ок чыгардык, алар качышты аркасынан кууп отуруп баарын жайладык.

ОК ЖЕГЕН СЫРДУУ АКБОЗ АТЧАН ЖАНА РЫСКЕЛДИ

Ушул жерде карателдик отряддын башчысы Фон-Берге рапортундагы дагы бир эъ эле эске ала турган нерсе; “Түптүн суусу менен токойго кирип Каркыра багытына жөнөдүк… 12 августта өз командамды жыйып, кыргыздарды акмалап жүрдүк. Кыргыздар мал-жаны менен Санташты карай жөнөшкөн. Түптүн суусунун оъ тарабынан ак боз атчан туу көтөргөн бир кыргызды байкап калдым. Анын жөнөкөй эмес маанилүү адам экенин түшүндүм, мен мылтыгымды алып 8 прицелге коюп ок чыгардым, кыргыз колун булгап, кулап түштү. Ага жакын келгенде төшүндө волостук управитель – болуштук белгисин көрдүм, Александр 2 алтын медалы жана чөнтөгүнөн мөөр, документтер чыкты… кыргыздар качып жөнөштү, артынан кууп кырдык”, — деген рапортуна карасак, ошол каза болгон маанилүү болуш Рыскелди Бериков болушу мүмкүн. Себеби, эл оозунда Рыскелди орустан орден алган деп калганын укчубуз. Ошондой эле, Үркүн тууралуу бардык  архивдик материалдарда жана эл оозунда Түптөгү урушта бир эле болуш, бий Рыскелди Бериков каза болгонун жазышат. Ошондой эле туу көтөргөн дагы Рыскелди болгону айтылып, 12-августтагы уланган урушта Түптө башка болуштун курман болгону айтылбайт. Жогоруда айтылгандай, Рыскелди экинчи болуштука 1903-жылы шайланарда уезд башчысы ал тууралуу жакшы пикирлерин билдирген, ошол себептен орустан орден алышы да ажеп эмес болчу. Анын үстүнө Бериков биз билген архивдик материалдарга таянсак, туура 19 жыл бий болсо, анын 6 жылы болуш болгондуктан болуш Рыскелди аталчу. Рыскелди каза болгондо эл качып бара жатышып, “Рыскелдини көмбөй кантип кетебиз” дешип түнү менен бир тобу келишип кийизге ороп Мин-Булактын тушуна сөөгүн жерге жашырып кетишиптир. Батыркан да 12-августа хан шайланып ошол эле күнү урушка киришишкен. Ошондуктан, ак боз атчан адам Рыскелдиге туура келет. Дагы Ала-Тоо журналында (4-204 №5): “Кыргыздардын бардыгынын колунда найза, айбалта. Кыйкырышып Түпкө кол салышты. Четинен өрт да коюшту. Бирок, даап Түп кыштагына кире алышкан жок. Ошол чабуулда Рыскелди деген бий: “казат, казат” элди баштады. Орустардын мылтыгы болот экен. Түпкө жакындаганда кыргыздарды кайра кубалып жатышты. Батыркан деген манаптын Яшке деген бир тамыр орусу көтөрүлүш башталганда, кыргыздардын ичинде калыптыр. Ошол киши мындай деген акыл берди: “мен өзүм мусулман болоюн. Ыйман келтирейин. Уруксат кылсаъар мен Түпкө кирип, орустардын баарын мусулман динине кийирейин” деди. Кыргыздар макул табышты. Кыргызча суудай тил билген неме экен. атына минди да шапкесин оъ колуна кармап, өөйдө көтөрүп чапкан бойдон Түпкө кирип кетти. Бир чай кайнам өткөндө, Түптүн ичинен бир нече казак-орус чыгып кыргыздарды көздөй качырып кирди. Кыргыздар туруштук бере алган жок. Баягы “казат!” деп кыйкырып жүргөн Ырыскелди бийди өлтүрүп кетишти”, деп жазат. Мында да Ырыскелди бий кол башында болгону жазылат…

(Уландысы бар)

Асылбек БЕКТЕНОВ

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четырнадцать − 5 =