4. ЕВРОПА. ТҮРКТӨР. УЛУУ ТАЛАА. КЫРГЫЗ КЫПЧАКТАРЫ

0
111

Кыргыздар – кыпчактардын байыркы акылмандыктарын сактоочу. Мурад Аджи
Кыргыз кыпчактары сыртынан абдан ток пейил, бирок башкача… Бул адамдарды тоолор өзүнө окшоттурганбы?.. Же кытайдын бейпилдиги түрктөрдүн канын салкындатканбы? Кыргыздын ток пейилдиги анын мүнөзүндө, анын жүрүм-турумунда: аларга тоолордун арасы эч качан тар болгон эмес!..

Кыргыздар – кыпчактардын байыркы акылмандыктарын сактоочу. Алар сыяктуу хакастар жана алтайлыктар жөнүндө айтса болот. Түрктөр дайыма тоону ардактап тутунушкан. Атам замандан бери тоолордун түбөлүктүү жымжырттыгында дүйнө таанымдын сырларын издешкен. Алтай – түрктөрдүн байыркы Мекени. (Алтай дегенде ата-бабалар азыркы эмес, башка жерди эсине алышкан. Мындайча айтканда, бул батышта Памир, чыгышта Забайкалье жана Байкалды ээлеген бүт түштүк Сибир (Шибер.) Мен китебимде аны Байыркы Алтай атайм) Кыязы, кыпчактардын башка дүйнөгө кеткен жаны тоолорго умтулат.

Ошондуктан, Талаада түрктөр биринчи өздөрүнүн чептерин, ыйык жайларын улуу тоолорго окшоштуруп курушкан. Ал эми баатырлары үчүн акыркы жайларын дайыма тегеректеги бийик тоолордон издешкен. Адамдар эзелтеден үрп-адатты сактап келишкен, тилекке каршы азыр көп нерсе унутта калган.

Хакастар, алтайлыктар, тувиндер, буряттар,  талаа кеъдиктерин тааныбагандар байыркы түрк дүйнөсүнүн сырларын сактоочулар болуп калган. Ананчы, алардын тарыхый эске тутуму бир кылымда алсырады, көп нерсе унутулду, бирок алар ар бир күнү ата-бабаларынын изи калган жерди басып, ошол кудай берген көркөм тоолорду көрөт. Бул тууралуу көөнө саптар эсиъди жаъыртат:

Козголбос тоолор, ажайып көркү, жашыл өъү,

Келсеъ берет жүрөгүъө көкөлөгөн көъүлдү,

Келсеъ ага кырчын талы, коюу багы,

Ойго батсаъ, коно жатсаъ,

Көбүктөнгөн муздак суусу, мөлтүрөгөн токой көлү,

Ынансаъ, сезим учуп, көз учуп,

Чар тарабыъ оюъда, баштагыдай болгондой,

Кубанчыъды унутуп, сезмек үчүн,

Жаныъа рахмат келгенин, —

Көкөлө буга, мындай жайда кандай жакшы! (котормо)

Ананчы, Алтайдагы ар бир тоо көз алдыга келе бербейт. Биз эч качан тоолордун ыйык болгонун билбейбиз, баарына эле муну билүү берилген эмес. Бирок, ар бир түрк ата-бабаларыбыз сыйынган чокуларды эстеши керек: Кайлас, Хан-Теъири, Үч-Сумер…

Ооба, биздин мекен – Талаа, ал эми бешиги  — Алтай.

Эки жарым миъ жыл мурун ушул жерден гана адамдар Теъир аталган Түбөлүктүү Көк Асманды көрүшкөн. Өзүъдү өзгөртүү үчүн дүйнөдөгү эъ таза булак суусун ичип, бул жердин асманын карап, жашооъдо бир жолу Алтайда болушуъ керек.

Алтайда Улалинка суусунун жээгинен өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары академик А.П. Окладников Россия аймагынан байыркы адамдын турган жайын табышкан. Ага эки миъ жыл болгон! Мына финн-угор, түрк ж.б. – көптөгөн элдерге башат берген пракультура калыптана баштаган учур.

Чынында, башка археологдор «түрктүн ата бабаларынын» андан дагы байыркы издерин табышкандыгын бекемдеп, улалиндик турак жайды «жокко чыгарышат». Мейли ошондой болсун. Бирок, Окладниковдун жана анын кесиптештеринин эмгеги табылгада эмес, байыркы замандын түпкүрүнөн баштап, түрк маданиятынын калыптанышын биринчи изилдегендигинде болот. Мына анын изилдөөсүнүн баалуулугу: окумуштуу түбөлүктүүлүк менен көз ирмемди бир бүтүндүкө айкалыштырган!

Окладников өзүнүн ачылышын жасоодо кыйынчылык болгон. Цензорлор акула сыяктуу илимдин ар бир жолун торошкон! Атүгүл, түрк маданияты тууралуу ооз ачууга жол беришкен эмес. Бирок, «башкача» айтууга уруксат болгон. «Алтай», «Сибирь» маданияты ушундайча пайда болгон. Ушундай кайчы кептер кеъири тараган, маданиятсыз эл, элсиз маданият болбошун ар ким жакшы түшүнсө да «михайловдук», «дьяковдук» жана башка маданияттар ойлоп табылган.

Дагы бир мыкты археолог, профессор С.И. Руденко да сыноолорго, туруктуулукка кабылган. Ал менимче, билгенинин жана тапканынын жарымын да айта алган эмес. Ага да жол беришкен эмес. Бирок, бул окумуштуунун таланты аркасынан Алтай тууралуу (Анын Алтайдагы биринчи казуу иштери өткөн кылымын 20-жылдарынын аягында болгон – ал биринчи болуп Пазырык курган-чебин казган. Бул дүйнөлүк маанидеги ачылыш болгон! Андан ары куугунтуктоолор… камака алуулар, өкүм: он жылдык лагерь… Кыркынчы жылдардын аягында гана окумуштуу Алтайдагы өзүнүн казуу иштерине кайта алган. Эми Руденко сак болуп калган. Өзүнүн изилдөөлөрүнүн көрсөткүчтөрүн жарыялоодо ал тыюу салынгандарга жол берген эмес. Окумуштуу өзүнүн китебинде түрктөрдү сактар (скифтер) атап, түрктөр жана алардын уникалдуу маданияты жөнүндө жазган) айтылбаган бөлөк барактарын бүгүн ордуна коюу оор эмес.

Качандыр бир кезде Окладников менен Руденкону археологдордун классиктери (Түрк маданиятын изилдеген археологдор катары! Руденко өзүнүн табылгаларын иран тилдүү скифтерге (сактарга) байланыштырып салган менен бул эч нерсени өзгөртпөйт Пантүркизм менен күрөшүү доорунда Алтайдагы изилдөөлөрүн улантууга жол алыш үчүн окумуштуунун тактикасы ушундай болгон) катары таанырына ишеничим чоъ. Алардын эмгеги боюнча студенттерге окумуштуунун этикасынан сабак өтүшөр. Мында түрк урпактарына жетишпеген илим, жарандык позиция, жүрөктүүлүк бар.

Россияда жүрөгү таза, чынчыл окумуштуулар аз болгон, аларды чыныгы илимден алыс академиялык «генералдар» көзөмөлдөп турушкан. Тигилер жаман көзгө илинбей иштешкен. Өзгөчө түрктөр боюнча окумуштуу болуу жүз эсе оор болгон: аларды  дайыма пантүркизмге айыптоого даяр атайын дайындалган «интернационалисттер» карап турушкан. Бул деген түрмө, сүргүн, болбогондо жумуштан айдалуу болгон.

«Пантүркизм» эмне экенин эч ким айта албайт. Жаман «пантүркизмден» жакшы «панславизмдин» эмнеси менен айырмаланат? Бул окшош эле маанисиздик!.. Илимдин эмне деген кызыктуу иштери кемпай саясаттан улам көмүскөдө калып калды!

Маселен – казак академиги А.Х. Маргуландын эмгеги. Окмуштуу ондогон байыркы түрк шаарларын ачкан. Арыктары менен, чептери менен, аянтчалары менен… Акыры ал муну токтотууга туура келген, анткени Москва жана Алма-Ата Улуу Талаадан түрк шаарларын, талаанын жетишкендиктерин көргүсү келген эмес, тескерисинче  «жапайы көчмөндөрдү» жана «жаман татарларды» көрүшкүсү келген.

Алтай менен Улуу Талаа начар изилденген. Окумуштуулар үстүндө жатканды эле алышкан: кокустук табылгалар. Чынында, кенедей табылгалар дагы ынанымдуу.

Айкөл Алтай адамдарга шашпастан ачылган. Жөнөкөй көрүнгөн жез буюмдар бул жерде металлургия (темир иштетүү) пайда болгонун көрсөтөт. Коло доор алтайлыктарды даъктаган эмес – башкаларда болгон нерсе аларда да болгон. Коло доор башка жагынан кызыктуу болгон. Ошондо элдердин биринчи отурукташуусу болгон – Алтайдан кеткен уруу кийин Европанын түндүгүнө отурукташкан. Алардын тегинде түрктөр менен жалпылыктар бар.

Ошол доордун тарыхы Предуралдын байыркы шаарлары Сынташ менен Аркаимдеги казууларда даана окулат – ал жерде ондогон темир иштетүүнүн издери бар: темир эритүүчү мештен тартып жез буюмдарга чейин. Балким, Предуралдан түрк цивилизациясы башталгандыр?

Жок, чындыгы башкача. Алтай башкысын берген. Эки жарым миъ жыл мурун кудай Теъири бул жерден түрк элине «темир доорун» ачкан. Фантастикалык көрүнүш! Ким биринчи металлург (темирчи) экени белгисиз. Мүмкүн анын аты Темир болгон. Ага эстелик тургузууга татыктуу. Ал жана анын улуу ойлоп тапкычтыгы – жаъы типтеги металлургиялык көрүктүн очогу!

Ал жерде музей курса жаман болбос. Андай музей дүйнөнүн бир да өлкөсүндө болмок эмес. Алтайда гана болмок, анткени Алтайда биринчи болгон, ооба темирди адамдар мурда эле билишкен, бирок темир кенин күйгүзүп, эритишкен эмес. Бул технологияны жаъы эрага чейин эки миъ жыл хэтталар (азиядагы байыркы жашоочулар) ойлоп табышкан. Эритүүнү түрктөр ойлоп табышкан! Табыйгый байкагычтык аларга жардамга келген. Ошндон тартып металлург кесиби эъ ардактуу болуп калган. Анын сырларын билгендер өзгөчө ардакталышкан. Темиркан, Темирболот, Темир дегендердин урпактарына сыйкырчылардай эле карашкан.

Металлургиялык сырлар атадан балага өтүп, кыпчактардын башкы сыры катары калган. Металлургияга өмшршн арнаган адам кудайдын берген акылмандыгына ээ болуп, ага Улуу Теъири-хан өзүнүн рахмат жүзү менен караган деген ишеним болгон. Ал темирчинин тукумундагы аялга гана үйлөнө алган, түшүндө сүйлөнүп сырды айтып албасын дегенчелик кылып башкаларга үйлөнүүгө тыюу салынган. Сыр көпкө чейин сыр бойдон калган.

Темирдин кенендиги айыл чарбасында чоъ өзгөрүүнү алып келген: өзүнүн масштабы боюнча металлургиялык көрүк очогун куруу натыйжада дөъгөлөк ойлоп табуу менен гана салыштырмалуу болгон… «Темир» пайдубалда кубаттуу мамлекеттин көтөрүлүшү башталган.

Кыпчактар коъшу элдерди жеъил гана жеъип алышкан. Алардын жеъишинин тарыхы – бул колонун үстүнөн темирдин жеъиш тарыхы болгонун дүйнөгө далилдеген. Мына элдердин Улуу отурукташуусунун башаты!

(уландысы бар)

Которгон Асылбек БЕКТЕНОВ

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двенадцать − 1 =