5. НОГОЙДУН КАЗАК БААТЫРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

0
251

АЛП КОШОЙДОЙ АЛП НОГОЙ
Бугунун Салмаке уруусунан Тоокенин Чоң Ногойун манасчы, акын Уркаш Мамбеталиев:
“Кыйкырып кан төгүшө кылычташса,
кырк эрге моюн бербес оңой менен,
Алп досу, Алп Кошойдой Ногой деген…”
, — деп “Кошойдой, алптыгын, акылдуулугун, касиеттүүлүгүн жана зор баатырлыгын бир сөз менен чагылдырган. Жортуулдарда көлдүн көп баатырлары Ногойдун акылы менен болушкан. Ногой баатыр жашы жагынан көбүнөн уулу болгон. Бирок, ал аксакал болгону үсүн гана эмес, касиеттүүлүгүнөн улам чыгаар көп баатырлар Ногойду угушкан. Ногойдо баатырларга таандык өзгөчө касиет; акылынын тунуктугу, алдыда боло турганды сезгичтиги күчтүү өнүккөн тура. Ошондуктан баатырлар башында турса керек. Болбосо, Балбай, Өмүр, Жанек өңдүү беттегенин алмайынча тынбаган, өлүмдөн кайра тартпаган, көк жал баатырлар Ногойго кол баштатып, «ногойлоп» ураан салышып, аны дем тутат беле?

БААТЫРЛАРДЫН КОЛДООЧУСУ
Кыргыздын баатырдык баяндарында баатырлардын колдоочулары, пирлери тууралуу баяндар эзелтен айтылып келет. Ногойдун колдоочусу жолборс (кара чаар жолборс, жаш бала) экендиги санжыраларда сөз билгилердин оозунан түшпөй баян этилет. Ошондой эле, Балбайдын, Өмүрдүн колдоочусу карышкырдын сырттаны (көк жал) делсе, дагы бириники калтар түлкү, кара барчын ж.б. баяндалат. Колдоочулар ошол баатырдын характер мүнөзүнө да төп келет. Маселен, Ногойдун колдоочусу жолборс деп айтылганы анын характер-мүнөзү, жүрүм-турумуна да коошот. Ногой зор денелүү, касиеттүү, акылдуу баатыр болуп, сезгичтик касиети бар, көп учурда жолборс өңдүү бугуп жатчу. Мындай касиет жолборско таандык келет. Андыктан, Ногойдун колдоочусу жолборс болгон деген туура болот. Балбайдын колдогону карышкыр делет, чынында Балбайдын мүнөзү, кайраты жана өжөрлүгү карышкырды жазбай тарткан. Бөрүдөй жортуп, качырганынын баарын жайлайт, кайра тартпайт. «Жусупбек баатыр баяны» аттуу китепте казактын албан уурусундагы Деркембай ажы аттуу адам айткан деп, кыргыз санжырачыларын жээришип, Ногой баатырга тиешелүү сүрөттөмөнү Балбай баатырга беришкен. Балбай эл кызматында, анын намысында дал карышкырдай жортуп эл керегине жараган. Жолборс ушундай жаныбар ки; карышкыр сыяктуу желип жортуп жүрбөйт. Ооба, айрым санжырачылар Балбайды жолборстун жүрөгүнө талгак болгон, бирок жолборс таба алышпай карышкырдын жана камандын жүрөгүн алып келип беришкендиктен каман сыяктуу тоң моюн болуп калганын айтышкандар жаңылышат. Жолборс табылбай калды дегендик да туура эмес. Ошол мезгилде жолборс көлдүн тегерегинде көп болгонун орустун саякатчы, чалгынчылары да далилдеп кетишкен. Балбайдын энеси карышкырдын сырттанынын жүрөгүнө талгак болгон дегени чындыкка жакын. Ал кезде жолборстон көрө, карышкырдын сырттанын табуу кыйын болгон.
НОГОЙДУН КАЗАК БААТЫРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ
Бул баянды Ногой баатырдын небереси Батырканов Абдылда атанын өз оозунан уккан анын балдары, неберелери, урпактары; Батырканов Абдыкерим, Ишенбек, Абдрахманов Касен жана Алпаров Кадырбек (Кадырбек аксакалдын өзүнчө кызыктуу баяндары бар. Ал атасы Жумабек аксакалдан уккан) жана башкалар ушу күнгө чейин айтып келет. Ак-Булуңдук Арык тукумунан Жекшенбек аксакал да Сары-Дөбөнүн кум дөбөсүнүн үстүндө далайга бапылдап айтып бергени эсте.
«Жайчылыкта же эгин экпесе баягы баатырлар ээригет, адатта зериккенде баатырлар аңга чыгат, аңга чыкпаса, тээ алыска барып күтүрөтүп жылкы тиет. Бул кыргыз менен казактын көнгөнү эмеспи. Ошондон улам, тек жылкы чаап элди баккандар дагы баатыр аталып кеткен. Ага да кайрат, дем керек эмеспи. Айтор, Балбай, Өмүр, Жанек, Нурдөөлөт, Молдо, баатырлар, өздөрүнчө сүйлөшүп алышып, казактан жылкы тийип келмекчи болушат. Ар дайым жылкы чапсак биз чаап, аты Ногойго калып, малдын тунуна ээ болуп, эл катары бир үлүш, аксакалы катары да бир үлүш, «акимчилигине» да бир үлүш алат. Дайыма анын акылы менен болобуз дешип, айтор Ногойдун «салтанаты» — кош аттап жандаганы, дөөдөй болгон карааны, акыл салып баш болгону жакпай калганбы?.. Айтор бу ирет Ногойго айтпай баралы, жолубузду бир сынайлы, олжолуу болсо ага туналы, анан анын да көңүлүн табаарбыз дешип күтүрөгөн бойдон жол алышат. Муну Ногой билет, билбесе да сезет, мейли жолдору болгой эле… бирок санаасы тынч эмес, сергек турат. Тигилер Казактын Иле тарабынадагы (Аякөз, Жалайыр) деген жерине жетишет. Үйүр-үйүр сансыз жылкы чаап, күтүрөтө кууп жөнөшөт. Адегенде узап алалы болуп катуу жол жүрүшөт. Бир далайдан соң арыштарын жайлатып бир калыпка түшөт. Арка тараптан айгайлаган куугун жок, болгону бир атчандын карааны аларды ээрчип отурат, анын же куугун же жай адам экени билинбейт. Иле дайрасын кечип өтүп алгандан соң, узап кеттик дегенчелик болуп тыныкмак болушат. Четинен семиз тайды союп дем алып калышат. Аңгыча тиги жалгыз караан жете келет. Ал тек тердик менен жайдак ат минген куугун болуп чыгат. Кыязы жылкы айдалганын угуп, шашылыш же биздин Балбайчасынан дайыма жайдак жүрсө керек. Тигилер жабыла чабыша кетсе да болмок, бирок тиги казактын Чорон (Жалбы деп да айтышат) деген кыйын баатыры экен, баатырчасынан шарт менен болмогунан кеп салат:
— Сайыска түсели мени кимиң аудара сайа алсаңдар, осу жылкынын барын айдап кетиңдер. Анте албасаңдар жылкынын тезегин да албайсыңдар- дейт тиги казак баатыр. Дароо баатырлар алдыга жулкунуп атын алкынтып чыгат. Бирден чыгышат, карса-курс сайышат, экинчи-үчүнчү айлампадан четинен аттан оой башташат. Айтор эки-үч айландырбай казак баатыры баарын бирден ээрден оодарат. Ошондо Балбайдын бөлтүрүк кези экен, алы жетпейт, бирок алдырбай коет. Тиги казак бала экенсиң дегенсип аяп коет. Анан Чорон баатыр:
— Эй кыргыздар, сендерде бир Ногой дейтин үлкен баатыр болатын», — дейт. Тигилер бир ооздон:
— Ооба, бар, — деп жооп айтышат.
— Анда аны да алдыргыла, оны бир көрсөм деймин — деп казак баатыры атынан түшүп, тердигине жамбаштай калат. Баатырлар кеңешип калтардай куюлган Усупбекти жана жалаңкычтай жалаңдаган Жанекти Ногойго жет дешип, түнү менен жолго аттандырат. Ногойдун белгиси кармап, тигилерден кабар келерин туюп, Арча тору атын агытпай, жолго чыкчудай мамыга байлап, ашын астырып «булар ненин ичинен чыгышар экен» дегенчелик сергек жаткан тура. Түн ортосу оой кабагы түйүлгөн Жанектер жалаңдап, шаша-буша жетип келип, болгон окуяны айтат. «Тобуң менен жүрүп бир казакка алыңар келген жокпу, сайыша турган убагым окшойт, дене бою керилип, жарпым жазылчудай деген Ногой аскан ашты чыгарып тамактанышат. Дагы бир атты коштоп, жолго чыгып кетишет. Таң ата казак баатыры:
-Эй, кыргыздар баатыраңар жакындап калды, тосуп алыңдар?- дегенинен уйкудагысы ойгонуп, ойгоосу туруп, Ногой баатырды каршы алышат. Казак баатырына бетме-бет жакындап, жолборстой келберсиген Ногой сайышка даяр болуп, найза сунуп козголоордо. Казак баатыры токтой калып, үн салат:
— Токто, баатыр. Сайышты токтотолу. Сенин колдогонун жолборс экен, меники дагы жолборс. Биз сайышсак экөөбүз тең соо калбайбыз. Бирибиз мерт болобуз же майып болобуз, -деп найзасын жерге сайып токтотот. Ошентип, экөө дос болушат. Казактын аты Чорон болуп, анын көз ачыктыгы дагы бар экен. Баарлашып Чорон колун жаңсай, баатырларды карайт:
— Бул кайсы баатыр? – деп сурайт.
— Ал Балбай, — дегенде Чорон тамшана:
— Мунун колдогону көк жал бөрү экен, иттигине кетпесе кайра тартпай качырганын жайлап чыгат, — дейт.
Тигил кайсы баатыр деп жаагы узун, мурутун кулагын илген каары сүрүндө турган Өмүр Баатырды көрсөтөт. Мунуку да жырткычтын сырттаны экен. Тукумунда бир жакшы турат.
Терек Баатырды колдогону Барчын бyркyт экен, жел оодарып кетпесе, бyркyт качырганын алат. Тукумунан чанда бирoo чыгат, дейт.
Усупбек Баатырдын колдогону калтар экен, изин куйругу менен жашырып жүрөт тура, дейт. Элчибай, Шыпыр Баатырларды кара жолтой экен. Жолунарга тоскоол болуп турат экен», деп сындаган экен.
Ажыраашар кез келгенде Чоро Баатыр айтат, мындай малды бир түндө табамын, ырым болсун, бир айгыр үйүр жылкы алайын деп, бир айгыр үйүрү менен бөлүп чыгып баратып, кайра тегеренип бирдеме жок издегендей болот, тигилер «оой, эмне издедиң» дешсе, Чорон «бир бөртө тай болатын» деп, бир сыйра айланып камыштын жээгинде турган даакысы түшпөгөн кула тайды аярлап айдап келип үйүргө кошуп, жөнөмөкчү болот.
Ошондо Балбай Баатыр Ногойго айтат: «Абаке, бул казак баатыр бекер эмес экен, тээтиги жаңы кошкон сур тай дагы жөн эмес экен, казак менен достоштуңуз андан ошол тайды мага алып бериниз» — дейт. Ошондо Ногой баатыр: «Досум, Балбай иним тиги кула тайга көзү түшүп турат, бер ошонуңду» — дейт. Чорон Баатыр:
– Ойбау, бул бала баатыр бир нерсени биледи экен, берейин, бул жортуулда жараган канат болоор, айтып коюн биттетпесин, биттетсе эч нерсеге жарабай калат» — деген экен.
Мына ошол Балбай баатырдын минген атактуу Сурайгыры, (Бозайгыр, Кербилек) ошол Чорон баатырдан Ногой сурап берген бөртө (кула) тайы болуптур. Ошентип, ошол тай керилген Сурайгырга айланыптыр.
(Уландысы бар)
Асылбек ажы БЕКТЕНОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

5 × 3 =