5 Улуу Көч. Канышка. Шамбала. Скиф барагы.

0
34

Кыргыздар – кыпчактардын байыркы акылмандыктарын сактоочу. Мурад Аджи

ЭЛДЕРДИН УЛУУ ОТУРУКТАШУУСУ (Улуу Көч)

…Алтайда жер тартыш болуп, тарчылык байкала баштаган күн келди: ал жерде өтө эле көп, жер жайнаган киши күн кечирген, боору кең жер баарын тойдура албады. Оор күндөр келе баштады, адамдар айланага-алыска көз сала баштады.

Алтайдан чыккан жол ааламдын төрт тарабына багытталып турат. Кайсынысы менен жөнөш керек? Кайсынысын тандоо керек? болуп калды

Алтай ата-бабалар үчүн бүтүндөй дүйнө болгон. Бул Мекен – Түштүк Сибирдин тоолору (Шибер), Байкал (Бай көл). Чынында, түрк маданияты үстөмдүк кылган бүтүндөй дүйнө! Алтай ардакталып, ал колдойт жана батасын жиберет деген үмүттө анын аты менен ант берилген, мындагы бейиш — жердеги Эдем. Бул жерден түрктөр дүйнөгө биринчи кадамдарын ташташкан, ушул жерден алардын жографиялык эсебинин чекити башталган.

«Түз» чыгышка кеткен, оңго – түштүккө, солго – түндүкө, артка – батышка.

Сол багыт (түндүкө) кыска, аны тайга (жапай токой) жана саз каптаган. Айрымдар азгырылып  Лена (Илин – түркчө «чыгыш») суусуна чыгып, ошол жакта отурукташып калышкан. Ал түрктөр «якут» (жакут) аты менен белгилүү, алар өздөрүн «саха» аташат. (Саханын этнонимин Алтай маданияттарын изилдеген С.И. Руденко «сактар» (скиф) менен байланыштырат. Окумуштуу сактардын (скиф) Алтайда жашаганын жана ал жактан Европага кеткенин далилдеп, ошондой эле түрктөр менен сактардын маданиятынын окшоштугун абдан сактык менен, бирок абдан ынанымдуу көрсөткөн. Гректер аларды «скифтер» атаган, ирандыктар менен индустар «сак» деп билишкен. Алар түркчө сүйлөшүп, жазышкан.) Енисейдин (Эне Сай ) Обь (абе – түркчө Чоң Эне, же Чоң Эне суусу) боюндагы жол дагы көңүлдөн чыккан эмес.

Алтайдан Чыгышка карай саз жана өтүш оор болгон токой жаткан. Алтайдан ал жакка эч ким отурукташууга умтулган эмес.

Түштүк маршруту да болгон, бирок ал тарчылыктагы элдин тагдырын чече алган эмес. Түрк чабандестери Индияга кирип барышкан. Бул жаңы эрага чейин түштүкө кеткен туугандары менен көп кылымдык алакасынан улам массалык көчүү болгон. Аларды легендарлуу Күн династиясынын башкаруучуларын өздөрүнүн түпкү аталары менен байланыштырат. Алардын арийлер менен сактардын тарыхына «алакасы бар». Түрктөр, ошондой эле азыркы Орто Азия, Афганистан, Пакистан, Түндүк Индия жерлерин бириктирип, ири Кушан падышачылыгын негиздеген.

КАНЫШКА-КАНЫШАЙ ХАНЫ ТҮРКТӨРДҮН, КЫПЧАКТАРДЫН СИМВОЛУ БОЛГОН

Байкалгандай, I-III-кылымдарда түрк тарыхында бүтүндөй «индиялык доор» түрктөр тарабынан такыр унутулган, бирок Индия жана Ирандын өзүндө эстен чыгарылган эмес. Ал жакта дили ак, ишенимге бекем Канышка (78-123) ханды мурдагыдай ардакташат. Ал буддизмдин түндүк бутагын негиздеген Асман Кудайы – Улуу Теңирге сыйынган.

Канышка алыскы Индиядагы бүт түрк маданиятынын жана кыпчактардын символу болуп калган. Түрктөр — ал жакта илгертеден бери таанылып, түндүктөн кокусунан пайда болуп, кокусунан жок болгон табышмактуу эл. Жок болгон менен археологиялык из; скульптура, рельеф дагы башка искусства чыгармаларын, ошондой эле храм, монастрларды калтырган. «Нагтар» — жыланга сыйынган адамдар тууралуу адабий уламыштар бар… ким билет, балким легендарлуу арийлер Алтайдан болгон чыгаар? (Бул – тема өзүнчө изилденген, «Түрктөр жана дүйнө: сырдуу тарых» китебинде айтылат).

Канышка хан (Хан эрке болгондур, же Канерке (Канышай-котор. А.Б) – монета, тыйындарда ушундай ат менен чегилген) маалында Алтай Кушандар  (Кашмир) менен жашаган – түндүктөн миңдеген теңирчи зыяратчылар Канышка камдаган ыйык жерлерге  сыйынганы келишкен.

Ошондо түрктөр буддисттер үчүн өздөрүнүн Теңир-ханга, Асман Кудайына сыйынуунун жаңы жөрөлгөлөрүн берген. Бул факты Индияда буддисттердин тарыхында айтылган.

ЫЙЫК ШАМБАЛА-ШАМБКАЛА ӨЛКӨСҮ

Азыркыга чейин Чыгышта ошол түрктөрдү эстешип, алыскы түндүктө жаткан алардын ыйык өлкөсү Шамбхаледе (Шамкале) (Шамбкала – түркчө «шам чеп, шам кала». Шамбала (түркчө сыйынгандардын шаары) деп дагы айтылып, Гималай менен байланыштырат. Мындай версия суроо жаратат; анткени баянда Индияда белгилүү Гималай жөнүндө эмес, алыскы түндүктө жаткан өлкө айтылган. Алтай Индиянын түндүгүндө жайгашып, эзелтеден бери Гималай менен барабар Чыгыштын руханий борбору катары саналчу. Андан сырткары Алтайда темирди эритип андан крест жасашкан) ыйык адамдар жашагандыгы тууралуу баянды сакташат… Бул дагы эле түрктөр жөнүндө! Ыйык Шамбкала өлкөсү дүйнөлүк ваджра (Ваджра же ваджр (санскр. वज्र, тибетче: дорчже, ваджра) — индуизмде, тибет буддизминде, жайнизмде ритуалдык жана мифологиялык буюм, курал – котор. Асыл. БЕКТ.) — кудайдын темир крести сакталган жети кардуу чоку жаткан Алтай тоосунда болгон. Баары мурункудай. Болгону түрктөр ал жөнүндө эстешпейт.

Эки жарым миң жыл мурун тапталган Индияга кеткен жолду эмдигичи чөп баса элек. Бийск чоң жолу алигиче кызмат кылат. Бирок, ал кыскарып, зыяратчылар калбай калган. Тибетке карай кеткен башка байыркы жол – Нерчин тракты-чоң жолу… аман калган.

Болгону, Алтайдын батышына көпкө чейин тапталган жол болгон эмес. Ал тоолуктардын психологиясына байланыштуу болгон; адамдар бейтааныш талаадан коркушуп, көнгөн тоосунан эле жол издешкен.

Талаага айласыз учурда гана барышкан. Алтайда эки жарым миң жыл мурун ишенимдердин конфликтти болгон: бутпарасттык башка динге алмашкан. Теңирчилик тарап кеткен. Бирок, баары эле Асмандын Кудайын кабыл алышкан эмес, макул болбогондор кетишкен. Талаага кетишкен. Алар азыркы илим баса белгилеген «сак» деген экинчи атын унутуп, жалгыз «скиф» аты менен жалпылап  аталгандардын арасында болгон. Муну менен түрктөрдүн алакасы арбын.  Скифтердин расмий тарыхы башкача тракталат. (Россия Илимдер Академиясы эч кандай жазма эстеликтерсиз эле өжөрлүк менен скифтерди иран тилдүү элдерге кошот. Ага карама-каршы келген археологиялык табылгаларды тоготпой баса белгилеген Геродитке гана таянат. Скиф эстеликтерин изилдөөдө көрсөткөндөй, кээде купуя орнаменттер катары кабыл алынган «белгисиз жазуулар» түрктөрдүн рун жазууларынан башка эч нерсе болгон эмес. Байыркы түркчө айрым сөздөр менен фразалар так окулат. Бул (Геродит тарабынан жазылган талаа элдеринин каада-салттары) «скифтер (сактар) түрк болгонун бекемдөөгө жол берет). Бирок… карадеңиз талаалары  жана Алтай тоолорунда «скифтик» археологиялык эстеликтер абдан окшош. Скифтер менен түрктөрдү эмне айырмалайт? Эч нерсе.

Россия илими скифтерди «ээсиз» катары карап,  Н.М. Карамзиндин насаатын унутушат: «Элдер асмандан түшпөйт жана жерге кирип кетпейт…» Эгер скифтер сакталган болсо эмне болот?! Бул түрк эли өтө өзгөчө. Кыпчак дүйнөсүнүн борборунда жашашат, бирок алар менен эмес. Дайыма бир аз четтегенсип турат.

Бүгүн христиан аталган чуваштардын руханий маданияты, буга чейин христиан эмес, такыр башка болгон. Ал элде унутулган жок. Ал байыркы Алтайда түрктөрдө эмне болгонун эске салат: алардын ишениминде аналог болгон эмес. Чуваштардын тили өзгөчө – мукамдуу, ыргактуу жана абдан байыркы, ал ар бир эле түрккө түшүнүктүү боло бербейт… Чуваштар – түрк тарыхынан тирүү барагы, тилеке каршы али дүйнөлүк илим тарабынан окула элек.

ТҮРКТӨРДҮН СЫРЛАРЫНА ТОЛГОН «СКИФ» БАРАГЫ 

«Скифтердин» бөлүгү, тагыраагы алардын адатын алып жүрүүчүлөр Украинада сакталган өңдөнөт. Алар эне тилин унутушкан, бирок анын үзүл-кесил деталдары тээ байыркы элдерден кабар берет. Маселен, элдердин саймаланган өзгөчөлүү орнаменттери – чуваштардыкынын өзү. Ал али алдыда сөз кылына турган баалуу маалыматты алып жүрөт. Же – аза күтүү салты… деги «скиф» барагы  түрктөрдүн сырларына толгон. Акыркы алтай барактары эң сонун окулат: II-V-кылымдардагы элдердин улуу отурукташуусу аларды даана каттап калган. Алтайдын көбөйүп кеткен эли үчүн тагдыр келечеке – талаа аркылуу бир жол ачкан. Башкалар болгон эмес. Болгону, Талаа көптөгөн жаңы жашоочуларды кабыл алууга жөндөмдүү ээн аймак бойдон калган. Тоолуктар талаада жашоого көнүү үчүн ондогон жылдар бою эбегейсиз эмгекти талап кылышкан. Жаңы табыйгый чөйрөдө көнгөн тоосундай ыңгайлуу болгон эмес! Бул – бүт түрк тарыхын таанууга ачкыч болгон өтө маанилүү географиялык өбөлгө.

Токойлордун жоктугу, маселен жаңы курулуш материалдарын ойлоп табууга түрткү болгон. Климат үйдүн жаңы типтерин, жаңы тиричиликтин формаларын  табууга аргасыз кылган. Суу, отун, жайлоо, запастарды сактоо – дагы көптөгөн камкордуктарды камдоого туура келген. Тек күчтүү, кайраттуу жана эмгекти сүйгөн эл гана талааны кабыл ала алган. Башында бул жерге эч ким отурукташкан эмес, анткени талаада жашоо абдан оор келип, жаратылышы өзгөчөлөнүп ыңгайсыз болгон.

(уландысы бар)

Даярдаган Асылбек БЕКТЕНОВ

(Мурад Аджи: “Европа. Түрктөр. Улуу Талаа” китеби)

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пять + 12 =