6 ДҮЙНӨ КЫПЧАКТАРДЫН ОЙЛОП ТАПКАНДАРЫН ГАНА КАЙТАЛАП КӨЧҮРҮП АЛЫШКАН ЖАНА ТҮРК СӨЗҮНӨН АЛЫНГАН ОРУСТУН ФАМИЛИЯЛАРЫ

0
33

Ата-бабалар эр токумду тапкандан кийин, дароо кылыч, найза, канжар пайда болгон. Дүйнөдө эч ким мындай кооз жана жөнөкөй кыла алмак эмес- алар темир ооздукту ойлоп табышкан. Анан – соот, учтуу туулга...

Эң биринчи жүгөндү, ээрди, үзөңгүнү, баардык ат жабдыктарын жасоо башында оңой болгон эмес… Бирок, ишке ашырышкан. Талаа кыштагында да, шаарында да бирдей ыңгайлуу болгон ат үстүндөгү жаңы жашоо түрү түзүлгөн. Ат түрктүн бир «бөлүгү» болуп, анын уландысы бойдон калган. Ат токуу кыпчактын эң бир сырдуу каалоосу экени бекеринен болбогон. Калганы кийинки кезекте калган. Адегенде – жылкы, тагыраак айтканда эрдике чакырган иш…

Ат кеңдикти дагы узартып, мейкиндиктердин ары жагындагы алыстарга алып барган. Андан дагы ыңгайлуу, керемет жерлерге жеткирген! Алтайда жерлерди азыркыга чейин чоюн соколор менен иштетишкен, ал эми эгинди темир орок менен орушкан.

Техникалык жараян түрктөрдүн айыл чарбасын калыптандырган, азык-түлүктөрдүн кампасын көрүнөрлүктөй көбөйткөн. Ал өз кезегинде демографиялык жарылууга алып келген. Темир элге күч берген – жаңы айыл чарбасын көтөргөн. Кубаттуу экономика талаа маданиятынын күчү болгон. Муну талаада «көчмөндөрдөн» башкаларды көргүсү келбеген айрым тарыхчылар бурмалашкан. Жаңы нерсени ойлоп табышпай, дүйнө кыпчактардын ойлоп тапкандарын гана кайталап көчүрүп алышкан!

Ат үстүндөгү жашоо образы, атүгүл элдин «гардеробун» да өзгөрткөн: түрктөр чабандестер үчүн атайын кийимдерди ойлоп табышкан. Шалбар шым, өтүк, капюшон (кулакчын), кафтан (узун этектүү эркек кийими) жана башка көптөгөн кийимдерди; өтүктүн такасына чейин алтайлыктар тигишкен. Кыпчактардын улуттук кийимдери башка элдердикинен айырмаланып турган. Алардын көрүнүшү сөздүн портретинде эски сүрөттөрдөн билинет.

Кыпчактардын жасануу кийимдеринин көркөмдүгү, сапаты жөнүндө көпкө чейин сөз кылса болот. Өтө эле кылдат, чебер иш. Пазырык курганында (дөбө, эски күмбөз), маселен археологдор жибек, фетр (кийиздин жасалган мыкты сорту), кружево (кийимди, үйдүн жасалгасын кооздоо үчүн жиптен торго окшотуп токулган кооз гүлдүү ткань), кездемелер табылган. Алардан кооз, ыңгайлуу кийимдер чыккан. Андай кийимдер Европада али түрктөр келгенге чейин болгон эмес…

Ушул фактыны эске алып оппоненттерге ачык чакырык таштайм: Улуу Талаада жөн гана кыштактар болгон эмес, болгондо да өнөрчүлөр, зергерлер, токуучулар, кийим тигүүчүлөр, уздар, килемчилер, темир усталар, кумарачылар, кездемечилер, фарфор менен иштегендер жана уста-чеберлер жашаган шаарлар болгон. Түрктөрдүн өздөрүн унутууга аракет кылынган менен алардын жасаган эмеректери сакталып калган. Бирок, аны унутууга эч мүмкүн эмес.

Маселен француздардын аксөөктөрүнүн жасалгалуу кийимдерине кайрылсак эле жетиштүү. Эки же үч бурчунан өзүнүн саймалары менен саймаланган кафтандар, камзолдор, баш кийимдер, костюмдар дайыма аксөөктөрдү айырмалап турган. XIX-кылымдын башында кийимдерге анын ээси тууралуу орнаменттер түшүрүлгөн. Теги, уурусу дагы башка маалыматтарды саймалар менен купуя «жазышкан».

Бул арналгандарга гана түшүнүктүү сырдуу жазуу болгон… Байыркы Алтайдагы түрктөрдүн үрп-адаты. Хандар жана алардын жакындары кийимдерине ошондой жазууларды тигишкен. Дал ошондой. Ошол эле саймалар, аны окууга болот. Демек, орнаменттер — ошол эле «кургандарды» жана артефактыларды (калдыктар) коргоочулар болуп чыгат. Болгону аларды казыш эле керек…

СЕГИЗ БУРЧТУК – ТҮРК АРХИТЕКТУРАСЫНЫН НЕГИЗГИ ГЕОМЕТРИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТТИ

Археология түрктөрдүн башка «визиттик карточкалары» тууралуу билүүгө жардам берген. Алтайда гана биринчи жолу дүйнөдө жумуру жыгачтан курулуштар: алачык, бийик же эки кабаттуу жыгач үй, анан кепелер салынган. Алар адамдарды үңкүрлөрдөн чыгарып, башка каалаган жайларына жайгашуусуна жол ачкан.

Түрк архитектурасы дарактын бутагындай өскөн. Анын кылымдарга калган изи-чеги даана билинет… Тилеке каршы аны байкашпайт. Бирок, ал бар!

Маселен, алачык өзүнүн ыңгайлуулугу менен айырмаланат, аны сегиз бурчтуу кылып курушкан. Сегиз бурчтук – түрк архитектурасынын негизги геометриялык элементти. Алар эң минималдуу периметрде максималдуу аянты берет. Жөнөкөйлөтүп айтканда, эң кыска дубал кең үйгө айланат,  (Алтайда аны айыл аташат) отун менен материал үнөмдүү болот, мынакей архитектурадагы «сегиз бурчтук» адаты эмнени алып келген?

Ал эми үйдөгү мешчи? Ал дагы сыймыктанчу ойлоп табуу. Өзгөчө ызгаарда… Коломто, узака чейин жылуулук берип, отунду үнөмдөйт. Меш үчүн атайын жаңы курулуш кышын-кирпичин ойлоп табышкан. Алтайда кийин кыштан сарайларды, коргонуучу дубалдарды курганды үйрөнүшкөн. Зарылчылык учурларда кыш курулушту бузушкан, иштетилген кыш кайра колдонулган… Кайтадан экономия.

Ар түрдүү элдер билбестен түрктөрдүн ойлоп табууларын эстелике сакташат. Көчүрүп алган эмеректер аларда деле эскиче – түркчө аталат. Орустарда, украиндерде, маселен, ошол – «деньги, копейка, книга, чугун, булат, печь, очаг, кирпич, изба… ондогон сөздөр, “колбаса” дагы. Же Европадагы сүйүктүү тамак «йогурт”, ал дагы талаалыктардан келген: түркчө «ачытылган сүттү» билдирет.

«Орустардын» илгерки кийимдери дагы кыпчактардан келген. «Армяк, епанча, кафтан, шушун, шуба» ж.б. – мынакей түрктөрдүн унутулган тарыхынын түпкүрдөгү үнү… Эч нерсе жоголгон эмес!

Элдердин маданияты тарыхчылар же саясатчылар тарабынан ойлоп табылбайт, ал абстрактуу эмес, өзүнүн деталдарында ачык, так… ошондуктан элдердин тарыхы – эркин баян эмес, а илим! Математика же физика сыяктуу так жана туруктуу… Тилеке каршы, Россияда тарыхты ар бир башчы өзү каалагандай жаздырган…

ОРУС КЫЙЫНДАРЫНЫН ФАМИЛИЯЛАРЫ ТҮРК СӨЗҮНӨН АЛЫНГАН

И. ТУРГЕНЕВ –  «Мурза Лев Тургенев – Тургеневдер тукумунун негиздөөчүсү – Алтын Ордонун ак сөөктөр катмарынын привилегиялуу өкүлү болгон… Тургенев фамилиясынын өзүндө негизги аталышы Турген». Сибирь түрк тилинде «тез, бат» дегенди билдирет.

П. ЧААДАЕВ – Чаадаев фамилиясынын уңгусундагы ысым «түрк элинде кеңири тараган. Ал Чынгызхандын экинчи уулунун тарыхый аты – Чагатай менен белгилүү. Түбү монгол-түрк «эр жүрөк, ак дил, ыкыластуу» сөзүн билдирет».

Н. ОГАРЕВ – Огаревдер тукумунан – мырза тектүүлүгүн билдирип, Огар лакап атындагы Кут-ламамет аты ыйгарылган, чокундурулган боюнча Пантелеймон аталып, Алтын Ордодон улуу князь Александр Ярославич Невскийге барган. «Огар» аты түркчө «бийик, улуу» дегенди билдирет.

К. ТИМИРЯЗЕВ –  «Тимирязев фамилииясы 69.16.1408- жылы улуу князь Василий Дмитриевичке Алтын Ордодон барган Ибрахим Тимирязевден чыккан… Тимирязев фамилиясы «темир жоокер» дегенден алынган.

Л. ТОЛСТОЙ – фамилиясы тектүү аскер башчыларынын аты «эр жүрөк, кайраттуу»   «Индрис» араб атынан чыккан. Толстой фамилиясынын гербинде гералдикалык белгиси – жебе менен ятаган (ийри канжар) бул тукумдун Талаа тектүү экенине күбөлүк берет.

ЦАРЬ БОРИС ГОДУНОВ – Годунов 683-1330-жылы улуу князь Иоанна Даниловичке Ордодон барган Чет ханынын урпагы… Орус падышасынын урпагы Годундун лакап аты «гөдөн-гөдүн-эссиз, макоо» деген каймана маанидеги сөз менен байланыштуу».

НИКОЛАЙ II – Романовдор династиясынын акыркысы, булардын ата теги дагы Улуу Талаадан чыккан.

(уландысы бар)

Даярдаган Асылбек БЕКТЕНОВ     

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пять × 1 =